"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ОШОЛ УБАКТА МАС БОЛГОН"
Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:– 2017-жылдын 14-июль күнү болжол менен саат 18:40тар чамасында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарына караштуу Жапалак айылындагы үйлөрдүн биринде белгисиз аял канга боёлуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып каза болгон 1938-жылы туулган Арзикан Мурзаева аттуу аял экендиги, ал моюнуна сайылган бычактан улам каза болгону аныкталган. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары маркумдун Т.М. аттуу 83 жаштагы күйөөсү кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө "Ошол күнү кызуу болчумун. Кемпирим экөөбүз тамактанып отуруп айтыша кеттик. Мен аны "малды убагында карап, чөп-суусун берип койбойсуңбу?" деп уруштум. Ал каяша айтканда токтоно албай столдун үстүндөгү бычак менен кулак түпкө сайып жибергем. Ал кыйкырган бойдон эшикке качып кеткен" деп көрсөтмө берген. Маркум канжалаган абалда көчөгө чыгып, жардам сураптыр. Көп кан жоготкондуктан үйүнүн алдына кулап, ошол жерден көз жумган. Бул окуя боюнча Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Тийиштүү соттук экспертизалар дайындалган. Экспертизанын алгачкы корутундусунда кылмышка шектүү Т.М. ошол учурда мас болгондугу аныкталган.
"АКЫРКЫ 3 ЖЫЛДАН БЕРИ ҮЙҮБҮЗДӨН ЖАМАНЧЫЛЫК КЕТПЕЙ КОЙДУ"
Бул жубайлардын кызы Жыпара Мырзакеевага байланышканыбызда ал "бул азапты душманыма да каалабайм" деп буларды айтып берди:
– Атам менен апамдын баш кошуп, түтүн булатканына 58 жыл болуптур. Атам колу жөндөмдүү, уста киши. Ал Ош шаарындагы Жол куруу башкармалыгында бригадир болуп иштеген. 10 жылдан ашык шаардагы ардак тактада сүрөтү илинген ардактуу инсан. Апам болсо Алымбек датканын неберелеринен. Ал өжөр, айтканынан кайтпаган адам эле. Апам экөө 4 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүштү. Акыркы 3 жылдан бери биздин үй-бүлөдө жаманчылыктар көп болуп кетти. Катарынан 2 уул, 1 кызынан айрылуу эне-ата үчүн оор тура. Инимдин каза болгонуна жыл айланбай эми минтип энебизден айрылдык.
Акыркы кездери ата-энем каза болгон байкемдин уулу менен бул үйдө чогуу жашап жатышкан. Байкемди болсо 5 жыл мурун Орусияда бирөөлөр сабап, эшикке таштап салышкан эле. Ошондо эки бутун үшүк алып, анын айынан оорукчан болуп жүрүп, 28-майда көз жумган.
"АТАМДЫ КУТКАРУУГА АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ"
– Өзүм медайым болуп иштейм. Ошол каргашалуу күнү кечки саат 6ларда жумуштан чыгып келе жатсам, иним телефон чалып "атам апама бычак уруп коюптур" деди. Келсем үйдө милиция кызматкерлери толтура экен, апам болсо жерде жатыптыр. "Мал карабайсың" деген сөздөрдөн улам уруш болгонуна ишенбейм, аны атам айтпайт болчу. Менин оюмча атам менен апамдын ортосунда пенсия тууралуу уруш болушу мүмкүн. Себеби атам көп баса албагандыгынан пенсиясын апам барып алып турчу эле. Анын үстүнө апамдын урушту баштап койчу жайы бар болчу. Жакын жашагандыктан мен каралашып, кечки тамактарын жасап берип, чогуу ичип эле жүрчүбүз. Экөө ата-энем болгондуктан бизге катуу тийүүдө. Атамды деле каматып жиберели деген оюбуз жок. Ал кишинин өсөрү калган жок, өлөрү эле калды. Болгон малын сатып, атамды куткарууга аракет кылабыз.
"КАРЫЯГА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ЖАЗА БЕРИШСЕ ЭКЕН"
Жапалак айылынын айыл башчысы Алмазбек Хасанов "кылмышка шектүү аксакалга жазасын жеңилдетүү иши каралса" дейт.
– Бул аксакал момун, бирөөгө жамандыгы жок, уста адам. Акыркы жылдары катарынан балдарынын каза болгону ага катуу тийди окшойт, ичкиликке берилип баратканы соңку кездерде байкалып жаткан. Мен жеке атымдан укук коргоо органдарына карыяга жеңилдетилген жаза беришсе деп суранат элем. Балдарынын деле ага каршылыгы жок экен.
КАНДУУ ОКУЯДАН УЛАМ АЙЫЛДА СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИНИН САТЫЛЫШЫНА ТЫЮУ САЛЫНДЫ
Кандуу окуядан кийин Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу 13 айылда спирт ичимдиктерди сатууга тыюу салынганын Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын башчысы Санжар Эшманов билдирди:
– Бул окуядан кийин оор кылмыштардын болушуна арак себепчи экенин карапайым калк түшүндү көрүнөт. Мындан ары Жапалак айыл өкмөтүндө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Мындай көрүнүштөр кайталана берчү болсо 5 миңден 50 миң, 100 миң сомго чейин айып салынат деп чечтик.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg