HI-TECH-NEWS

«AMAZON» ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТЫ ИШКЕ КИРГИЗДИ

Кызматтарды жана товарларды интернет аркылуу элге сунуштаган «Amazon» компаниясы чыгарган жаңы социалдык тармак Spark деп аталат. Бул тиркеме азырынча iOS платформасы үчүн гана жеткиликтүү. Аталган социалдык тармактын башкы багыты – компаниянын базасында сатыкта турган товарларды жана кызматтарды жарнамалоо. Ага катталган колдонуучулар өзүнө жаккан буюм-тайым, кийим-кече жана башка нерселердин сүрөттөрүнө «лайк» басып, комментарий калтыра алышат. Чет элдик басылмалар аталган социалдык тармакты Инстаграмга окшоштуруп жатышат.

ЯПОНИЯДА АДАМДЫН ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАРЫН СЕЗЕ ТУРГАН ГАДЖЕТ ОЙЛОП ТАБЫШТЫ

Японияда «Kukun Body» деп аталган гаджет адамдын тердегенин, чачынын майланышканын жана бутунун жытын сезе алат. Ал сыртынан караганда кадимки диктофонго окшош. Гаджет телефондун тиркемесине туташтырылгандыктан, жыттын жыйынтыгын колдонуучу мобилдик тиркеме аркылуу көрүп турат. Аппаратты өндүргөн «Konica Minolta» компаниясы «Kukun Body» ушул жылдын аягында сатыкка чыгып, баасы 265 доллардын айланасында болорун билдирген. Жыт билгичти өндүргөндөр аны Япониядан башка чет өлкөлөргө чыгаруу боюнча ойлонуша электигин билдиришти.

«MICROSOFT» КОМПАНИЯСЫ PAINT’ТИН ИШИН ТОКТОТПОЙ ТУРГАН БОЛДУ

Буга чейин «Microsoft» компаниясы 1985-жылдан бери анын ажырагыс бөлүгү болуп келе жаткан сүрөт тартуучу жана оңдоп-түзөөчү программасы болгон Paint’тин ишин токтотуп, анын ордун Paint 3D деп аталган программа басарын айтышкан. Бирок колдонуучулардын суранычын четке какпай, компаниянын өкүлдөрү «MS Paint’тин сүйүүчүлөрүнүн көптүгү бизди таң калтырды. Алардын кызыкчылыгын эске алып, биз бул программаны калтырууну чечтик. Ал жаңы Windows’тон өчүрүлгөнү менен, каалоочулар Windows Store аркылуу компьютерине бекер көчүрүп алса болот» деп билдиришти. «Microsoft’тун» быйыл күздө жаңыланып ишке кирүүчү Windows 10 версиясында Paint‘тин ордун жаңы Paint 3D деп аталган программа басат. Аталыштары окшош болгону менен, жаңы жабдык эскисинен кыйла айырмаланат. Анда үч мерчемдүү сүрөттөрдү тартуу, боёо сыяктуу иштерди аткарса болот.

TELEGRAM ЭМИ ЖӨНӨТҮЛГӨН СҮРӨТ, ВИДЕОЛОРДУ ӨЗҮ ӨЧҮРҮП ТУРАТ

Тelegram мессенджеринде колдонуучунун каалоосунун негизинде жөнөтүлгөн медиафайлдар кайсы бир убакта өзү өчүп кала турган функция пайда болду. Адам видеороликти же сүрөттү жөнөтөр алдында атайын сааттын белгисин тандап, канча убакыттан кийин өчүшүн каалаганын көрсөтүп коёт. Таймер кабыл алуучу файлды алгандан тарта автоматтык түрдө иштей баштайт. Буга катар Telegram’да кыскача өмүр баян кошуучу да бөлүм пайда болду. Белгилей кетсек, Telegram мессенджери ВКонтактенин негиздөөчүлөрүнүн бири Павел Дуров тарабынан иштелип чыккан.

«LENOVO» БҮКТӨЛӨ ТУРГАН ПЛАНШЕТИН КӨРСӨТТҮ

Кытайлык "Lenovo" компаниясы ийилчээк аппараттардын үлгүсүнүн үстүндө иштеп, бүктөлө турган планшетин коомчулукка көрсөттү. 2016-жылы "Lenovo" компаниясы ортосунан бүктөлө турган планшет жана ийилчээк смартфондордун баштапкы үлгүсүнүн сүрөтүн жарыялаган. Учурда аталган компания ийилчээк аппараттардын үлгүсүнүн үстүндө иштеп, бүктөлө турган планшетти "Tech World 2017" презентациясында көрсөттү. Folio планшетинин экраны 7,8 дюймга барабар жана бүктөлгөн түрүндө 5,5 дюймдук смартфонго айланып калат. Атайын жасалган механизм аркылуу планшетти ар кандай бүктөөгө болот.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан