Мындан туура 5 ай мурун 27 жаштагы Жылдызбек Жусупжанов киши колдуу болуп каза болгон. Бул кылмыштын бети дагы деле ачыла элек болгондуктан, анын өлүмүнүн себеби табышмак.
«АКЧАСЫН АЛЫП ЧЫГЫП КЕТКЕН БОЮНЧА ЖОК»
Шайлообек Жусупжанов маркум Жылдызбектин бир тууган агасы. Ал «инимди кайсы күнөөсү үчүн өлтүргөнүн билбей турам» дейт.- Биз 10 бир тууганбыз. Эң кичүүбүз Жылдызбек болчу. Ал 3 жашка чыкканда апам, 11 жашка чыкканда атам каза болгон. Ошондон кийин аны улуу бир туугандары багып өстүрдүк. Иним тирүү болгондо 28ге чыкмак. Быйыл аны үйлөнтөлү деп жатканбыз. 2017-жылдын 27-февралында кимдир бирөөлөр Жылдызбекти өлтүрүп, «Кудайберген» базарындагы май алмаштырган чуңкурга таштап кетишиптир.
Акыркы 2 айдан бери ал өзүнчө батирде жашап жүргөн. Акыркы күнү Махабат деген эжемдин үйүнөн саткан унаасынын акчасын, 64 миң сомду алып "банкка салам" деп кеткен экен. Ошол күнү ага телефон чалсак телефону өчүк болгондуктан, "үйүндө жаткандыр" деп көп кабатыр болгон эмеспиз. Эртеси да телефону өчүк болуп туруп алды. Издеп барсак батиринде инимдин сүйлөшкөн кызы бар экен. Ал инимдин 27-февралдан бери үйгө келе электигин айтты. Ошондон баштап биз инимди издей баштадык. Эжемдин үйүнөн акчаны алып кеткенден кийин чогуу бозо ичип, анан экөө эки башка жолго кеткендигин кудамдын баласы айтты.
«ИНИМДИ ЖАНЧЫП САБАШЫПТЫР»
- Инимдин денеси 2-март күнү «Кудайберген» базары тараптагы май алмаштырган чуңкурдан табылды. Кийин ал жерге барсак чуңкурдун ичи кан болуп, сыртка чыгам деп тырмалаңдаган инимдин колдорунун издери калыптыр. Чуңкурга ташталганда ал чала жан болгон окшойт, эч ким көрбөй терең чуңкурдан чыга албай калса керек. Өлүкканага барып сөөгүн көрсөм, сол колу менен эки бутунун учтарын жанчып сабашыптыр. Бирок оң колуна негедир тийишпептир. Балким, банкка салган акчасын алдырабыз деп атайын тийген эмес окшойт деп ойлоп жатабыз. Акчасын банкка салганбы же жанында болгонбу билбейбиз. Соттук-экспертизанын чыгарган жыйынтыгы боюнча, иним башына катуу нерсе тийгенден эки көзүнө кан толуп, мээсине кан уюп калган. Ошондой эле ашказанынан бир бүдүр да тамак чыккан жок дешти. Демек, инимди үйдө сабап, тамак бербей да кыйнашкан окшойт.
Биз шек санаган адамдар деле бар, бирок милиция кызматкерлери издеп табат деп эле карманып турабыз. Милиция кызматкерлери кантип издеп жаткандарын деле билбейм, бирок 5 айдан бери күнөөлүүлөрдү таппай жатышат. Бир тууганыбыздын ушунча кордук менен өлгөнү аз келгенсип, аны өлтүргөндөр табылбаганы бизди катуу кейитүүдө.
«ЖЫЛДЫЗБЕК АЯЛДАМАДА КАЛЫП КАЛГАН»
Маркум Жылдызбек Жусупжановду акыркы жолу көргөндөрдүн бири Нурмат Сабыр уулуна байланышканыбызда, ал буларды айтып берди:
- Ошол күнү саат 16:00дөр чамасында досум экөөбүз Бишкектин Чокморов көчөсүндө отурсак, Жылдызбек телефон чалып калды. «Кайдасың?» дегенинен даректи айтсам, ал тез эле келип калды. 2 сааттай чогуу отуруп бозо ичтик, анан досум экөөбүз «Орто-Сай» базарына жумушубузга кеттик. Ал эми Жылдызбек бир жакка бармакчы болуп аялдамада калып калган.
«ИНИМДИН АКЧАСЫ БАР ЭКЕНИН БИЛГЕНДЕР ЭЛЕ ӨЛТҮРҮШТҮ»
Ал эми маркумдун эжеси Махабат Жусупжанова инисинин акчасына кызыккандар эле өлтүрдү деген ойдо:
- Иним 26-февраль күнү кечинде үйгө келип «эже, сизге калтырган акчаны алып, эртең банкка салып койсомбу» дегенинен «өзүң бил» дегем. Эртеси эрте жумушка кетип баратып «Жылдызбек келсе акчаны берип койгула» деп жолдошум менен уулума дайындап кеткем. Жылдызбек эртең менен үйгө келип, чай ичип отуруп, саат 11лерде акчасын алып кетиптир. Ушунча убакыттан бери аны өлтүргөндөр табылбай жаткандыктан тергөөчүлөргө ишеничибиз жоголуп баратат.
Батирине барганда сүйлөшкөн кызын биринчи жолу көргөм, ошондо анын номерин алган элем. Эми ага телефон чалсак албай жатат. Балким, ал инимде акча бар экенин билип бирөөлөргө айтып койдубу? Муну инимдин жанында акчасы бар экенин билген бирөөлөр эле кылды деп ойлоп жатам.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛА ЭЛЕК»
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Майрамкүл Аскарбекова бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди:
- 2017-жылдын 4-мартында Дэн Сяопин көчөсүндөгү май алмаштыруучу жайлардын биринин чуңкурунан киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жарандын денеси табылган. Маркумдун ким экендиги аныкталып, ал 1989-жылы туулган Жылдызбек Жусупжанов экендиги билинген. Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 167 (тоноо) жана 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Маркумдун достору, туугандары, тааныштары суракка алынып, кылмыштын бетин ачуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Анын өлүмүнө шектүүлөр азырынча кармала элек.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg