ЖАҢЫ БАШ МЫЙЗАМ АВТОРИТАРДЫК БАШКАРУУГА ЧЕКИТ КОЁБУ?
Мезгил үнү
Жаңы Баш мыйзамдын долбоору талкууга коюлду. Анда өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүү сунушталган. Долбоордо мындан башка кандай өзгөрүүлөр бар? Сөз ушул туурасында болмокчу.
ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНДАГЫ АЙЫРМАЧЫЛЫКТАР
Бул жаатында Өмүрбек Текебаев төмөндөгүдөй түшүндүрөт:
– Жаңы Конституциянын долбоору таптакыр жаңы документ эмес. Өзгөртүүлөр колдонулуп жаткан Конституциянын 3 гана бөлүмүн камтыйт. Тактап айтканда, президенттин, парламенттин жана өкмөттүн ыйгарым укуктары бөлүмдөрүн.
-
Жаңы Конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктары чектелет. Башкы фигура премьер-министр болуп калат. Мисалы, көпчүлүк эл Германиянын, Италиянын президентин билишпейт. Бирок премьер-министрлерин жакшы таанышат. Анткени алар негизги саясатты жүргүзүшөт жана парламентке отчёт беришет.
-
Конституциялык Сотту биринчи жана экинчи президенттер индульгенция (кайсы бир аракеттерге уруксат берүүчү) берүүчү кеңсе катары колдонуп келишти. Мыйзамды жана атуулдардын укугун коргоонун ордуна Конституциялык Сот Аскар Акаевдин үчүнчү президенттик мөөнөткө барышын бекитти. 2006-жылдын ноябрында эл сунуштаган Конституциянын редакциясын четке какты. Бийликтин узурпаторлугуна жол ачты. Эки президент бийликтен четтетилди. Алардын жаман иштерине жардамчы болгон Конституциялык Сот эми үчүнчү президенттин антиконституциялык тирөөчү болуп калбашы керек. Андыктан Конституциялык Соттун кызматы КРнын Жогорку Сотунун атайын курамына өткөрүлүп берилет.
-
Өлкө башчысы кадр саясатынан четтетилет. Президент сотторду, өкмөт мүчөлөрүн жана мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо боюнча указдарга кол коёт.
-
Министрлер кабинети Жогорку Кеңеш тарабынан куралат. Жергиликтүү, мамлекеттик администрациялардын башчыларын жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлашат. Башкача айтканда, тигил же бул чиновниктин дайындалышы боюнча указдарга кол коюу менен президент өлкөнүн башкы нотариусунун кызматын аткарат.
-
Жогорку Кеңеш премьер-министрди шайлоодо шайлоочу катары каралат. Долбоордун мурдагы Конституциядан дагы бир айырмасы – парламентке көпчүлүк жана азчылык түшүнүгүнүн кириши. Борбордук шайлоо комиссиясы, Эсеп палатасы сыяктуу борбордук органдардын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү парламенттеги азчылыктын сунушу менен дайындалат.
КАБЫЛ АЛЫНГАН КОНСТИТУЦИЯЛАР:
-
1929-жылы Кыргыз АССРинин алгачкы Конституциясы;
-
1937-жылкы Кыргыз ССРинин Конституциясы;
-
1978-жылкы Кыргыз ССринин Конституциясы;
-
1993-жылкы КРнын Конституциясы.
Учурдагы Конституция 1993-жылы 5-майда КРнын ЖКсы тарабынан кабыл алынган.
«Супердин» сурак бурчу
ӨЛКӨДӨГҮ АБАЛ БИР КАЛЫПКА КЕЛИШИ ҮЧҮН
КАНДАЙ САЛЫМ КОШО АЛАСЫЗ?
Нурлан,
22 жашта, студент:
– Шаарда тартип биротоло калыпка келмейинче, коменданттык саат киргизилсе жакшы болмок. Досторумду чогултуп, шаарыбызды жашылдандырууга салымымды кошсом деген оюм бар.
Бегайым,
49 жашта, бухгалтер:
– Ар ким өзүнүн ишин так аткарса, жаман жоруктарга баргандарды тыйып турса, өлкөгө кошкон салымы ошол деп эсептейм. Ыңкылаптан кийин мекемелерде иштер абдан аксады. Андыктан бизге көп иштөө керек болууда.
Токон,
81 жашта, пенсионер:
– Жаштарга кеңешимди айтып болсо да салым кошкум келет. Убагында Исхак Раззаков: “Менин колум таза болсо, элдин да колу таза болот”,- деп айткан. Айтарым, бийликке, мансапка булганбаган адамды коюшса, өлкөнүн абалы менен жашоосу жакшырат.
Жийде,
40 жашта, сатуучу:
– Азыр тескери үгүттөгөндөр көбөйүп кетти. Бийликти иштетпей эле чукугандар элди бөлүп-жарып жатышат. Мен тааныштарыма “ар кимдин сөзүн укпай Убактылуу өкмөткө иштөөгө мүмкүндүк берүү керек” деген кеп-кеңешимди айтып жатам.
Роза,
30 жашта, салык инспектору:
– Азыр эл “эртеңки күнү эмне болуп кетет?” деп жашап калышты. Мына ушундай учурда ар бир кыргызстандык жакшы үмүт менен жашашы керек. Менин кошкон салымым – эртеңки күнгө болгон ишеним. Шаарды мындан ары бүлүндүрбөй алып калсак, бул да салым.
Талапкер,
24 жашта, оператор:
– Кээ бир тааныштарым ыңкылаптан кийин жумушсуз калышты. Аларга колдон келген жардамымды берем. Өлкө үчүн чоң нерселерди жасап бере албасам да, өзүм теңдүү жаштарды тартипке, токтоолукка үндөп жатам.
Күмүшай,
18 жашта, сатуучу:
– Өз ишим менен эле алекмин. Элди бөлүп-жаруучулардын сөзүнө кирбесек, улуттар аралык тирешүүлөргө жол бербесек, кошкон салымыбыз ошол.
Бахияна Сатылганова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Эмесе макулбуз мамлекет тарабынан камсыз болбосун жана кол тийбес укугунан ажырады, а парламентчи баары тен мамлекет каржылайбы ушул жакты карап чыгыш керек экен
Текебаев баш мыйзамды кыргыз4а жаза алган адистер жок дейт.Кандай4а Кыргызстанда Кыргызча баш мыйзам жаза алган жан жок болсун.Эптеп септеп эле ойлонбостон аталасын чыгарып жазып аласынар дагы,кийин аны озгортуу кыйын болуп журо берет.Убакыт откон сайын кем4иликтери билинип жыл сайын жанылап,улам озгортуу киргизе бересинер.Эгер ошол баш мыйзамда Мамлекеттик тилди жалгыз КЫРГЫЗ ТИЛИ кылып жаза албасанар анда эл-жер учун куйгон адам болуп коруно бербегиле.Кыргыз тил жок болуп кетсе мамалекет болго
Кыргыз тили жок болуп кетсе анда мамалекет болгонун да,эркин болгонун да,азыркы жазып атканынар дуйнонун эн мыкты баш мыйзамы болсо да бир тыйын. Англияда эч кандай баш мыйзам жок,бирок,эч кандай проблемасыз дуйнону колунда ойнотуп атышат.Кынтыкты баш мыйзамдан эмес,озунордон издегиле.Ар ким милдетин так аткарса эч кандай проблема чыкпайт.Ко4о шыпыргы4 болсон да,таза шыпырыш керек.
Kandajyncha Europa mamleketterinde but sherinde ordu ordu menen? Misaly Germanijada, Sajasat, myjsam, koomduk turmush, shashoonun baardygy, koomdo bolup shatkandyn baardygy ordu menen, myjsam tak atkarylat. Bul olkonun sharandary okmot bashchylary tuuraluu kam sanabay, osunun ishin kylyp kojup ele shashay berishet? Bisdin okmot bashchylar mamleketti bashkaruu, ekonomikany orkundotuu tuuraluu ushul mamleketten ujronso bolboybu?!..
Konstituzijany shyl sajyn ele osgorto berbey.
бизге кучтуу закон керек!