2015-жылы оң рулдуу унаалар менен такси кызматын аткарууга тыюу салган мыйзамдын күчүнө кирүүсүн 2020-жылга чейин узартуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясы тарабынан демилгеленип, ишке ашкан болчу. Эскертип кетсек, 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында "Өнүгүү-Прогресс" партиясы транспорттук ташуу тармагында алектенген миңдеген айдоочуларга мыйзам чегинде иштөөгө мүмкүнчүлүк алып берүүнү убада кылып, ошол эле жылы айткан сөзүн аткарган.