№767-САНДА ОЙНОТУЛГАН УТУШ-СЫНАКТЫН ОШ ШААРЫ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Наргиза Ашимова: "ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛОРУМА ИШЕНБЕЙ КАЛГАН БОЛЧУМУН"

– Наргиза жеңишиңиз кут болсун! Өзүңүз, утушка кантип катышып калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Рахмат! Мен 32 жаштамын, үй кожойкесимин. Сиздердин гезитти сүйүп окуйбуз. Мага гезитиңиздердеги сериалдар жана тагдыр, ашкана сырлары темасындагы макалалар аябай жагат. Утуш-сынактын суроолоруна жооп табуу үчүн аябай аракет кылдым. Жолдошум да жооп тапканга жардам берди. Жөнөтүп коюп, качан телефон чалышат деп күтүп жаткам. Кечиккен сайын, жеңүүчү болорума ишенбей деле калган болчумун. Жеңүүчү болгонума кубанычтамын.

Замирбек Маткасымов: "ИНИМ УТУШКА КАТЫШАЛЫ ДЕГЕН ЭЛЕ"

– Куттуктайбыз! Сиз жеңүүчү болуп табылдыңыз. Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Рахмат! Мен 32 жаштамын. Ош МУнун клиникасында врач болуп эмгектенем.
"Супер-Инфо" гезитин үй-бүлөбүз менен дайыма алып окуйбуз. Иним инициатор болуп утуш-сынакка катышып көрөлү деген эле. Мен жеңүүчү болорубузга ишенген деле эмес элем, эми ишендим. Жеке мен гезитиңиздердеги ырчылардын жашоосу жана ар кандай окуялар тууралуу макалаларды кызыгып окуйм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Anucha
2017-08-01 16:31:56
Кантип катышса болот?
+3
jalgyzym...
2019-05-06 15:40:52
Сынака кантип катышсак болот супер.кж.Дагы болобу сынактар
0
Mekusi
2020-02-24 23:02:06
Эмне утушту? Белетер кана?
0
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан