ПРЕЗИДЕНТ КСДП ТАЛАПКЕР АЛЫП ЧЫКПАСА БАБАНОВДУ КОЛДОМОКТУГУН АЧЫКТАДЫ

"Өмүрбек Бабановдун келечеги өтө кең, ал абдан мыкты адам",- деди Чолпон-Атада өткөн пресс-конференцияда президент Алмазбек Атамбаев.
«Анын келечеги али алдыда, ал президент болобу же жокпу билбейм. Бабанов жакшы иштеп жатат. Административдик ресурс жөнүндө ар кандай ушактарды чыгара берген болбойт. Эгер силерде админресурстун колдонулушу боюнча далил бар болсо, прокуратурага же мага билдиргиле. Бирок жөн жерден эле сөз чыгара бербеш керек. Куру сөз таратканды токтоткула. Аларды Бабанов менен Жээнбеков чыгарып таратып жаткан жок",- деди мамлекет башчысы. А.Атамбаев өз сөзүндө: "Эгер КСДП партиясынан талапкер болбогондо, мен экс-премьер-министр, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдойт элем. Бул үгүт эмес, бул жөн гана менин пикирим",- деди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан