Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында Кыргыз өлкөсүнө берилген адаптациялык мөөнөт ушул жылдын 12-августунда аяктайт. Мындан улам ишкерлерге ЕАЭБдин жаңы талап-шарттарын кеңири түшүндүрүү керек. Аталган билдирүүнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 26-июлда өткөн өкмөт жыйынында билдирди. Жыйындагы маалыматтарга караганда, Кыргыз мамлекети биримдиктин техникалык регламенттерине байланыштуу нормаларды аткарууга кудурети жетет. Өкмөттүн маалыматына караганда, 28 ишкана ЕАЭБдин аймагына товар экспорттоого укугу бар.Бектур Токтоноев
politika@super.kg