20-июлда эртең мененки саат 6:00 чамасында Ош – Бишкек жолунун 468-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылында жол кырсыгы катталып, ал 8 адамдын өмүрүн алды. Бул кырсыктан 3 аял, 4 эркек жана 1 кичинекей кыз өмүрү менен кош айтышып, 3 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Ата-энелерди уул-кыздарынан ажыратып, балдарды ата-энесиз калтырган каргашалуу кырсыкта каза болгон жарандардын жакындары бул жол кырсыгы аларды кандай жоготууга учураткандыгы тууралуу айтып беришти.
АЙДООЧУ УКТАП КЕТКЕН ДЕП БОЛЖОЛДОНУУДА
ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү айтып берди: – Бишкектен Ошту карай бараткан Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу МАН унаасы менен сүзүшкөн. Бул учурда үчүнчү унаа, Хонда Одиссей келип Степвагонду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Степвагондун ичиндеги 8 адам каза болуп, айдоочусу оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген, унаа жараксыз абалга келген. Одиссейдин ичиндегилер жаракат алышкан эмес, унаа зыянга учураган. КамАЗдын ичинде 2 адам болгон. Алар баштарынан жеңил жаракат алышкан.Бул окуя боюнчаЖалал-Абад ОИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси боюнча (Жол коопсуздук эрежелерин бузуу менен бир нече адамдын өлүмүнө алып келген кырсыкка себепкер болуу) кылмыш иши козголгон. ИИМдин башкы башкармалыгы тергөөнү жүргүзүп жатат. Автотехникалык экспертиза даярдалды. Айдоочу уктап кеткенби же унаанын тетиктери чыгып кеткенби, ал экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болот.
"БИЗ СӨӨКТӨРДҮ ЧОГУЛТУП БЕРҮҮГӨ ГАНА ЖАРАДЫК"
Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан куткаруучу топ барган. Ошондо көргөндөрү тууралуу аталган башкармалыктын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов буларды айтып берди: – Ал күнү эртең мененки саат 7лерде бизге маалымат түшкөн. 10 адамдан турган куткаруучу топ бардык. Кырсык катталган жердеги абалды сөз менен айтып жеткирүү өтө кыйын. Баары талкаланган, адамдардын мээлери, баш сөөктөрү чачырап кеткен, баары таанылгыс абалга келип калыптыр. Кысылып калган бир аялды темирди кесип чыгарып алдык. Өтө аянычтуу, адам чыдабай турган абал болду. Унаа толук жараксыз абалга келиптир. Биздин кызмат сөөктөрдү чогултуп берүү гана болду, айрыкча баш сөөктөрдү чогулттук. Эч бир адамга куткаруучулук кызмат көрсөтө алган жокпуз. Анткени баары каза болуп калышкан. Айдоочу болсо биз барганга чейин эле ооруканага жеткирилген. Ал эшик менен чогуу ыргып кеткен экен. Адам катары мындай окуяларга күбө болуу, мындай абалды көрүү кыйын.
"МИҢ ЫЙЛАСАМ ДА БАЛАМДЫ КАЙТАРАЛБАЙМ"
Бул кырсыктын кесепетинен Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну Бактыбек Кочкор уулу 16 жаштагы тун уулунан айрылганын айтып сыздайт:
– Балам Исламбек Бактыбеков Бишкектен Ошко келе жаткан. Мен балама дайыма "кечинде жол жүрбө, бир жакка чыксаң күндүз чык" деп айтып келчүмүн. Бул ирет ал бизге айтпай түндө жолго чыгыптыр. Уулум С.Чокморов атындагы лицейди бүтүргөн. Аскер адамы болом деген тилеги бар эле. Бирок өтпөй калып, бул жылы бош жүрбөйүн деп башка окуу жайга тапшырган. Кайсы окууга тапшырганын айткан эмес. Балким, ошону сюрприз кылайын деген окшойт, кайран уулум.
3 баламдын улуусу, кичүү инилерине баш-көз боло турган балам эле. Ушул уулумдан үмүтүм чоң болчу. Ишти колумдан алып калган чагында коштошуп калдым. Баланын орду башка. Баланы жоготууну эч кимдин башына салбасын. Айдай баламдан айрылып, оң колумдан ажырап отурам. Кандай болгон күндө да күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Картошка жүктөп келе жатпагандан кийин, 8 адамдын өмүрү менин колумда деп, жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек болчу. Эмнеге жай айдашпайт?! Тааныштардан угуп жатабыз "Одиссей менен Степвагон унаалары Суусамырда кетип баратканда жаныбыздан шуулдап өтүп кетишкен" деп. Экөө жарышып айдашкан өңдүү. Одиссейдин айдоочусу ортодогу аралыкты сактаган учурда мынчалык болмок эмес. Степвагон КамАЗды сүзгөн күндө да четке ооп кетип, айрымдар тирүү калмак беле?
Азыр мен миң ыйласам да баламды кайтаралбайм. Ошондуктан мындан ары кайсы бир адамдардын жоопкерчиликсиз болушунун айынан жакын адамдарын жоготуп, кан жутуп отуруп калгандар болбосун десек, жапырт аракет кылышыбыз керек.
"АГАМ КАЧАН ЭШИКТЕН КИРИП КЕЛЕТ ДЕП ДАГЫ ДЕЛЕ КҮТҮП ЖАТАМ"
Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын тургуну Сыргабай Жунусмамат уулу агасы Эрмекбай Жунусмамат уулу тууралуу:– Агам Бишкекте тигүү цехинде иштечү. Бир жыл мурун чоң атам менен чоң энем каза болгон. Алардын жылдыгын өткөрөлү деп жатканбыз. Мен аттан кулап бутумду сындырып алгандыктан агам "сага күч келбесин, сени ооруканага жаткырам, үйдөгү иштерди мен кылам" деп келаткан. Эч кимге жамандыгы жок, ар бир адамга бир тууганындай мамиле жасаган боорукер адам болчу. "Өзүңдү жакшы кара, жакшы адам бол" деп жол көрсөтчү. Үйгө каражат жагынан да жардам кылчу. Быйыл күзүндө үйлөнтөлү деп жатканбыз. Агамды жоготуу мен үчүн оор. Жол карап отуруп калдык. Келем деп үйгө жетпей калгандыктан качан кирип келет деп күтүп жатам дагы эле. Бул кырсык, эч кимди күнөөлөбөйбүз.
"ӨҢҮ ТААНЫЛБАЙТ, КУЛАКТАРЫНАН, КОЛДОРУНАН ТААНЫДЫМ ДЕДИ"
Гулипа Жээнбекова Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну. Ал аталган кырсыкта жолдошу Шамшидин Бердибековдон ажырап, 5 баласы менен жалгыз калды.– Жолдошум өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрдү. Чоң-Алайдагы №44-кесиптик лицейде директор эле. Лицейдин лицензиясын жаңылайм деп Бишкекте жүргөн. "Документтер толук эмес экен, аларды алып кайра келем" деп жолго чыккан. 5 балам менен жалгыз калдым. 6 жашар кичүү кызым "атамды көргүм келип жатат" деп сагынып отурат. Жолдошум акыркы күндөрү мүнөзү жумшак болуп, башкача болуп өзгөргөн. Кырсык боюнча кечээ интернеттен көрдүм, машина жанчылып кетиптир го. Жолдошумдун денесин унааны кесип алып чыгышты деп уктум. Барып сөөгүн алып келген достору "таанылбай калыптыр" дешти. "Мурдагы жакшы элеси калсын көзүңдө" деп мага көрсөтүшкөн жок. Кайним жууганга кирген. Ал "өңү таанылбайт, кулактарынан, колдорунан, денесинен тааныдым" деп айтты.
"Айдоочу саатына 170 чакырым ылдамдык менен унааны ашып өтүп келаткан" деп үйгө батага келгендерден уктум. Муну ошол күнү жолдо келатып көргөндөр айтышыптыр. Кырсык көп болуп жатат. Угуп эле жүрчүбүз. Бирок башыма келгенде билип жатам. Бизге окшогон канча үй-бүлө какшады, менин балдарыма окшоп канчалар жетим калышты. Үйүбүздүн үстү түшкөндөй болду. Жашагым келбей калды. Бирок балдарым үчүн жашашым керек.
КЫРСЫКТА КАЗА БОЛГОНДОР:Эрмекбай Жунусмамат уулу, 1994-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын тургуну;
Шамшидин Бердибеков, 1970-жылы туулган, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну;
Адинахан Дусматова, 1973-жылы туулган, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну;
Малика Асанова, 2014-жылы туулган, Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну;
Гүлнара Төрөгелдиева, 1965-жылы туулган, Кара-Кулжа районунун тургуну.
Фатима Толубаева, 1979-жылы туулган, Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну;
Исламбек Бактыбеков, 2000-жылы туулган, Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну;
Алмазбек Султанов, 1989-жылы туулган, Кара-Кулжа районунун тургуну
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg