ХОЛЛ
– Бул үйгө ушул жылы көчүп келдим.
Жеңелерим айылдан келгенде үйгө кирери менен күзгүгө каранышат да, «күзгүлөрүң өтө көп, артистсиң да» деп тамашалап калышат. Концертке, тойго чыгарда ушул жерде көпкө турам.
АШКАНА
– Үйдү жаңы алганда эле биринчи ашкананын жасалгасын бүтүрүп, эмерек алдым. Досторум «конокту жакшы тососуң, тамактарың даамдуу» деп калышат. Адамдын жактырган өңү да өзгөрүп турат экен. Быйыл ак түстү жактырып, ашкананын эмеректерин бүт ак түстө жасаттым.
Мен сапатка көңүл бурам. Ошондуктан биротоло эле ашканасы чоң үй алайынчы деп үч бөлмөлүү батир алдым. Батирдин жалпы аянты 111 чарчы метр. Кожоюну бир аз жашап эле, шашылыш сатып калды. Айтылган сумманын жарымын дароо төлөп бердим, калганын бөлүп төлөп жатам.
КОНОК БӨЛМӨ
– «Атаандаштык болбосо өспөйсүң» дейт элибизде. Бирок бизде атаандаштык менен кошо көрө албастык аралашып кетет экен. Канчалык өйдөлөгөн сайын артыңдан ушак тараткандар көбөйөрүн байкадым. Ошого бир аз капаланып калам. Ушул үйдү алгандан тарта «Кенже Көбөковага үйдү ким алып берди?» деп иликтөөгө ашыккандар көбөйдү. Өз мээнетиң менен тапкан акчаңа алгандан кийин андай сөздөрдү укканда күйүп кетет экенсиң. Каражатты чыгармачылыктын аркасы менен тойдон таптым, айылда үйүр жылкым бар дегендей.
Конокко барганда анча даярданбайм, бирок конок тоскондо катуу даярданам. Менин конокторум мына ушул бөлмөдө мейман болушат. Мактанбайын, колум берекелүү. Апам «балам, сен акчаңдын баарын конок тосуп эле кетирет турбайсыңбы» деп калат.
УКТООЧУ БӨЛМӨ
– Өзүмдүн бөлмөм үчүн эмеректерге буйрутма бергем, азырынча келе элек. Бул чуркоочу спорттук шайманды уулум Аманга карап сатып алгам. Мен деле анда-санда чуркап калам. Чуркаган сайын жакшы ой менен таразага түшүп калам. Маанайымды көтөргөн да, түшүргөн да ушул тараза. Арыктап калсам сүйүнөм, салмак кошсом капа болом.
«УУЛУМДУН БӨЛМӨСҮ»
– Уулумдун бөлмөсүндөгү эмеректер эркек балага ылайыктуу кара-күрөң түстө. Буюрса, кыздуу болсом, эмеректерин кызыл, жашыл, көк кылам деп кыялданып жүрөм. Менин бөлмөмдө эмерек жок болгондуктан, сахнага кийилчү кийимдеримди баламдын шифоньерине илем жана баш кийимдеримди, диплом, грамоталарымды коём.
ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg