Өлкөбүздүн футбол айдыңында "Дордой", "Алай", "Абдыш-Ата" сыяктуу клубдардын аты көп айтылат. Бирок акыркы жылдары алар менен тең тайлашып Кочкор-Ата шаарынан чыккан "Нефтчи" командасы атаандаштык жаратып келе жатат. Аталган шаарга барып, клубдун тарыхы жана учурдагы абалы жөнүндө кененирээк билип келдик.
"АЛЕКСАНДР КРЕСТИНИН ОЙНОП, МАШЫКТЫРГАН"2009-жылы "Нефтчи" клубунда ойногондон тышкары машыктыруучу болуп да эмгектенип, учурда өлкөбүздүн Футбол федерациясынын башкы катчысы болуп эмгектенген Медер Сыдыков клубдун тарыхы тууралуу буларды айтат:
– Мен 1996-жылы 14 жашымда футболго аралаша баштагам. Профессионалдык футболго келишимдин себеби –"Нефтчи" командасы. Бул клуб 1960-жылы негизделген. Шаардагы мунайзат ишканасында иштегендер түптөп, советтик аймактык мелдештерге катышып келген. 1993-жылы Кыргыз өлкөсүнүн Биринчи Лигасында ойноп, кийинки жылы Жогорку Лигага чыккан. Андан кийин бирде Жогорку, бирде Биринчи Лигада ойноп жүрдү. 2009-жылы командага мени машыктыруучу кылып дайындашкан. Негизи, команданын демөөрчүсү катары "Кыргызмунайгаз" ишканасы жана шаар мэриясы болуп келет. 2010-жыл команданын алтын мезгили болгон десем жаңылышпайм. Себеби Орусия, Украина жана Өзбекстандан оюнчулар чакырылган. Ошол учурда азыркы улуттук курама командабыздын машыктыруучусу Александр Крестинин биздин клубга келген. Жыйынтыгында "Дордой", "Абдыш-Ата" командаларын артка калтырып, өлкөнүн чемпиону аталганбыз. Ошондо "Нефтчи" деген клуб бүтүндөй өлкөгө таанылган. Кийинки жылдары каражаттын айынан Биринчи Лигада ойноого туура келди, бирок ушул жылы кайрадан Топ-Лигада ойноодо.
"МАШЫКТЫРУУЧУЛУК КЫЗМАТ ООР"Учурда "Нефтчи" командасынын машыктыруучусу 28 жаштагы Нурбек Жолдошов. Ал Топ-Лигада оюнчу катары да талаага чыкканы менен белгилүү.
– Өзүм Жалал-Абад шаарынан болом. Алгач"Кара-Суу" жана "Алай" командаларында ойногом. Андан кийин "Нефтчиге" келип, 2 жыл клубдун академиясында жаш балдарга машыктыруучулук кылдым. Ушул жылдан баштап "Нефтчинин" негизги курамынын машыктыруучусумун. Бул командага келгенге чейин атайын курстарга барып даярдыктан өткөм. Ачыгын айтканда, машыктыруучулук кызмат оор. Ар бир оюнчунун маанайын карап, оюндун тактикаларын туура үйрөтүү керек. Учурда "Нефтчинин" негизги курамында 23 оюнчу бар. Алардын арасында мени менен теңи да, улуусу да бар. "Нефтчи" клубунун оюнун Кочкор-Атанын жергиликтүү тургундары жума сайын күтүп, жакынкы айылдардан бери келип колдоп турушат. Алардын алдында жоопкерчиликти сезип, команда жеңиш үчүн ойноого даярданат.
"ДӨӨ-ШАА КОМАНДАЛАРГА АТААНДАШТЫК ТҮЗӨ АЛАБЫЗ"
"Нефтчи" клубунун капитаны 24 жаштагы Бекмырза Дуванаев "алдыда маанилүү оюндар күтүп турат" дейт.– Кичинемден футболго кызыгып, агаларымдын артынан жүрүп профессионалдык футболго келгем. Мен оюн талаасында жарым коргоочулук милдетти аркалайм. "Нефтчинин" курамында көбүнчө 1998-2000-жылы туулган балдар ойнойт. Андан сырткары Өзбекстандан келген 4 оюнчубуз бар. Алардын тажрыйбасы мол. Өлкө биринчилигинде жүрүп жаткан беттештерде колдон келишинче көп упай топтоого аракет кылып жатабыз. Көп жылдардан бери фаворит саналган "Дордой", "Абдыш-Ата" сыяктуу командаларга атаандаштык түзүүдөбүз. Биздин быйылкы максат – Өлкө биринчилигинде 2чи же 3чү орунга ээ болуу. Кийинки жылдары болсо чемпиондукту багындырууга күч жумшайбыз. Азыркы көрсөткүчтөрүбүз да жаман эмес. Акыркы оюндар тууралуу айтсам, Өлкө кубогунун жарым финалына чыктык. Алдыда "Алай" күтүп алат.
КОЧКОР-АТА БАШКАЛАРГА ҮЛГҮ
Бишкек же Ош шаарынан эмес, аларга салыштырмалуу кичинекей шаардан чыккан "Нефтчи" өлкөдөгү башка шаарчаларга мисал боло алат. Анткени бүтүндөй шаардын сүймөнчүктөрү дал ушул клубдун футболчулары. Мындан тышкары жергиликтүү жаш балдардын көпчүлүгү "Нефтчи" командасынын футболчусу болууну самайт. Кочкор-Атада болгон оюндарда стадион күйөрмандарга толуп, жергиликтүү эл футболдон алыс эмес экендиги даана байкалат.
Бектур Токтоноев
sport@super.kg