Айжамал Кабылова, ырчы: "КИВИ МЕНЕН КАЙМАК ЖАКШЫ КӨРГӨН МАСКАМ"Ырдаганда жөн ырдабай шиш такасын чечип ыргытып, чимириле бийлеп, көрөрманга жарыгын чачып, сүйдүрүп ырдаган Айжамал Кабылованын чырайына суктангандар көп. Ырчы эки баланын энеси болсо да, келбети жаш кыздардыкынан кем калышпайт.
– Мен негизи толуп кетүүдөн корком. Бирок азыр толуп баратканым өзүмө кадимкидей байкала баштады. "Тамакты азайтыш керек" деп коюп жүрөм. Ансыз деле бир эле маал тамак жейм. Эртең менен ысык чай ичип коём. Түштө күчтүү тамактанып, ошону менен кечке жүрө берем. Кечкисин деле жеңил тамак ичем. Келбетиме кам көрүү жагынан бетиме абдан көңүл бурам. Сатып албай табигый жер-жемиштер менен маска кылууну туура көрөм.
1. Бетти алгач жууп, тазалап алуу зарыл.
2. Кивинин сыртын аарчып, жарымын майдалап эзип алам.
3. Майлуулугу 15 пайыздык каймактан бир чай кашык кошуп аралаштырып бетиме жабам.
Масканы 10-15 мүнөт кармоо жетиштүү. Андан кийин жылуу суу менен жууп, бет май сүйкөп коём. Эртең менен турсам бетим жумшак, жылмакай болуп калат. Бул масканы аптасына 2 жолу жасаган туура.
Мээрим Атантаева, актриса, модель: "БҮКҮРӨЙҮП БАСКАНДА СУЛУУЛУК КӨРҮНБӨЙ КАЛАТ"Жакында эле "Орто Азиянын мыкты модели" деп табылган актриса, модель Мээрим Атантаева өзүнүн жашына караганда бир кыйла жаш көрүнөт. Ак куудай койкоё моюнун созуп, маралдай кериле баскан модель сулуулугуна кандай кам көрөрүнө токтоло кетти:
– Далыны түздөө – бул кыздардын сулуулугун ого бетер арттырат. Эгер кыз татынакай, бирок бүкүрөйүп басса анын татынакайлыгы көрүнбөй калат. Койкоюп кетип баратсаң, "жакшынакай кыз окшойт" дешип бетиңди да көрүүгө ашыккандар болот. Ошондуктан мен дайыма келишимдүү басууга аракет кылам. Албетте, бул менин кесибиме да байланыштуу. Далыны түздөө үчүн төмөндөгүлөр эске алынат.
1. Келишимдүү болгусу келгендер "дайыма түз жүрүшүм керек" деген оюн унутуп койбош керек. Бирок кээде мен деле унутуп калам.
2. Күнүгө, эстеген сайын, дубалга башыңды, эки далыңды, жамбашыңды тийгизип туруп, ичти тартып, терең дем алып, дем чыгаруу керек. Мындай абалда чарчаганча туруу жетиштүү. Анан ошол абалда өзүн алып жүрүү керек.
3. Башка китеп коюп, бир сызык менен, жамбашты чайпабай басуу зарыл.
4. Ичти дайыма тартып жүрүүнү адат кылган туура. Ал үчүн белди катуу кармап турган кур тагынып жүрүү зарыл.
Адамдын жашынын өтүп бара жатканы биринчи кезекте моюндан билинет. Муну алдын алып моюнга да кам көрүүгө аракет кылам.
1. Өтө бийик жаздыкка жатпайм.
2. Душка түшкөндөн кийин бетке арналган бет май сүйкөйм.
3. Моюндун булчуңдарын чоюп, оңго, солго, алдыга, артка буруп, көнүгүү жасайм.
Чолпон Талипбек, ырчы: "КҮНҮГӨ ЭРТЕҢ МЕНЕН ЧУРКАЙМ""Non-Stop" дуэтинин ырчысы Чолпон Талипбек өзүн алып жүрүү, табият берген өңүнө кам көрүү жагынан алдына эч кимди чыгарбаса керек.
– Эртең менен күн сайын саат алты жарымда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо чуркайм. Анткени ушул стадионго жакын жашайм. Чарчаганча 4-5 ирет айланам. Бул адатым мага жагат. Бир күн кечке чарчабай көп иштерди бүтүрөм, маанайым да көтөрүңкү жүрөт, толуп кетпей, дайыма бир калыпта жүрүүнү камсыздайт. Мурун түшкө чейин уктачумун, бирок иштерим такыр бүтчү эмес. Ошондуктан ушундай графикке өтүп алдым. Стадионго саат жетиге чейин каалоочулардын баарын киргизе берет. Белгилүү саясатчыларды, шоу-бизнес өкүлдөрүн да көрүп калам. Чындыгында, ал жерде чуркагандардын көбү жашы улгайып калгандар. Андан сырткары фитнес клубга, йогага барып машыгам. Кыздардын көбүндө "ичти киргизүү керек" деген маселе бар. Ичти киргизүү үчүн вакуум деген аталыштагы көнүгүү жардамга келет. Бул менин жакшы көргөн көнүгүүлөрүмдүн бири.
1. Эртең менен эрте ачкарын же тамактануудан 2-3 саат өткөндөн кийин жасалат.
2. Бир аз ийилип туруп, эки кол эки бутка коюлат.
3. Мурун менен дем алып өпкөгө аба толтуруп, кайра ооз менен абанын баардыгын ылдам чыгарып салуу керек.
4. Анан дем албай, бир нече жолу ичти катуу тартып, кайра коё берүү зарыл.
Бул көнүгүүнү адам өзүн кыйнабай алынын жетишинче, чарчаганча жасоо керек. Көбүрөөк жасап койсо жүрөккө күч келиши мүмкүн.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg