2018-ЖЫЛДАН ТАРТА ЫМЫРКАЙГА СҮЙҮНЧҮ ПУЛ БЕРИЛЕ БАШТАЙТ

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына кол койду. Президенттин маалымат кызматы тараткан маалыматка караганда, аталган мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сом сүйүнчү пул, ал эми ар бир 3 жашка чейинки балага 700 сомдон жөлөк пул берилет. Өлкө башчы кол койгон мыйзамда төмөндөгүдөй жөлөк пулдар каралган:
  1. “Балага сүйүнчү” (ар бир) – бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул;
  2. “Балага жөлөк” – үч жашка чейинки (ар бир) баланы багуу боюнча ар айлык жөлөк пул;
  3. “Үй-бүлөгө көмөк” – 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп (ар бир) баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөк пул;
  4. “Социалдык жөлөк пул” – пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ар айлык жөлөк пул.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 21-июнунда кабыл алынган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан