Мындан 19 жыл мурун 1998-жылдын 1-августунда "Билайн" мобилдик оператору учурдагы дүйнө жүзү боюнча стандарт деп эсептелинген GSM стандарты боюнча Кыргызстанда алгачкы ирет телефон чалуу жүргүзгөн.
Кыргызстанда мобилдик байланышта GSM кантип стандарт боло алды, анын өлкөбүздөгү өнүгүүсү жана учурдагы абалы тууралуу Kaktus.media "Билайн" өкүлдөрүнөн сурап билди.
GSM ТУУРАЛУУ ЭКИ СӨЗ
Санарип мобилдик байланыштын глобалдык стандарты – GSM XX кылымдын 90-жылдарынын башында пайда болгон. Арадан 10-15 жылдан соң ал дүйнө рыногунан CDMA сыяктуу башка стандарттарды сүрүп чыкты.
"Скай Мобайлдын" (ТМ Beeline) Транспорттук байланышты колдонуу кызматынын башчысы Сергей Слюсаревдин айтымында GSM байланыш рыногунда жогорку сапаты менен эмес, сим-картаны колдонуу мүмкүн болгондугу менен лидерлик сапка чыга алган.
"Сим-карта жана роуминг – GSMдин башкы артыкчылыктары. Башка байланыш стандартындагы телефондорду "прошивка" кылуу керектелген жана башка өлкөгө чыкканда алар керексиз буюмга айланып калар эле",- деп айтат.
ЫЛДАМДЫКТЫН ӨНҮГҮҮСҮ
GSM белгилүү боло баштагандан тарта байланыш ылдамдыгын өнүктүрүүгө бел байлады. Бул үчүн мобилдик операторлор байланыш транспортторунун өткөрүү мүмкүндүктөрүн күчтөнтүү керектелген. Мисалы, 2G байланышы, башкача айтканда, GSMдин экинчи мууну колдонуучуга кошулуу ылдамдыгы секундасына 9,6 килобит бере алган, ал эми EDGE технологиясын кошкондо ылдамдык секундасына 470 килобитке көбөйгөн. 3G пайда болгондон тарта билдирүүлөрдү өткөрүүнүн ылдамдыгы бир канчага өсүп, теориялык жактан секундасына 60 мегабит (HSDPA тескөөлөрү менен + үч жыштыктын агрегациясы менен). Жыйынтыгында, өткөрүү мүмкүнчүлүгү 100 эсеге өскөн.
Өткөн жылдан тарта Кыргызстандын бардык аймагында байланыштын төртүнчү мууну 4G иштеп баштады, анын билдирүү өткөрүү ылдамдыгы алда канча тез.
"Башында, мобилдик байланыш түптөлүп жатканда анын башкы кызматы сүйлөшүү байланышы болгон. Ал үчүн саналуу базалык станциялар жетиштүү эле. Учурда үн байланышы акырындык менен азайып, билдирүү жөнөтүү тармагынын сыйымдуулугун көбөйтүү керек",- деп түшүндүрөт "Скай Мобайлдын" (ТМ Beeline) техникалык кызматынын башчысы Жолдошбек Рысбаев.
АДАМДАР ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯ
Мобилдик телефонду колдонуу үчүн өлкөдөгү алгачкы базалык станциялар Бишкекте орнотулган. Ага ылайык, мобилдик байланыш борбордо гана болгон. Кийинчерээк мобилдик тармакты Чүй облусунун шаарларына жана республика боюнча орнотула баштаган. Учурда аталган тармак Кыргызстандын дээрлик 90 пайыз аймагын каптаган.
Башында башкы талап үн байланышына коюлган. Бирок акыркы жылдары үн билдирүүлөрдүн саны кыскарып, колдонуучулар үчүн интернет-трафик көбүрөөк керек болууда. Үн байланышка салыштырганда, билдирүү жөнөтүү үчүн базалык станциялардын санын көбөйтүү шарт. Бирок учурда бул тараптагы жумуштар бир канча кыйынчылыктарга дуушар болууда.
"Мурда өлкө боюнча базалык станцияларды курууда алар өзүнүн баасын бат эле актачу, жергиликтүү тургундар менен эч кандай пикир келишпестиктер болчу эмес. Кайсы аймакка коюуну чечсек, ал жердеги тургундар макул болушчу. Азыркы убакта бардыгы өзгөрдү. Тармакты өнүктүрүү сыйымдуулукка басым жасалууда, ал үчүн станциялар байланыш бар жерде курулуусу керек. Жергиликтүү абоненттердин байланыш сапаты жакшырсын үчүн куралы десек, бир катар көйгөйлөр жаралууда. Алардын эң башкысы – радиофобия",- дейт Жолдошбек Рысбаев.
РАДИОФОБИЯ
Мобилдик компаниялардын техникалык кызматкерлери радиофобия – ар түрдүү булактардан чыккан электромагниттик нурлануудан корккон жарандарды жолуктурууда.
"Көбүнчө монтаждоо кызматкерлери айыл жергесине келип, базалык станцияларды курууда бул көйгөйгө туш болушат. Ал жерге айылдын аксакалдары келип курулушту токтотуусун талап кылышат. Алар "интернеттен чыккан ар түрдүү нурлануулар адамдын ден соолугуна зыян" деп айтышат. Бир жолу станциянын мамысын куруп бүткөндө жергиликтүү тургундардан көптөгөн нааразычылыктар түшкөн. Кай биринин баштары ооруп, бир катарлардын ден соолуктары начарлап кеткен экен. Мага бир аксакал келип, анын аарылары бал алып келбей калганын айткан",- деп айтып берет Жолдошбек Рысбаев.
"Билайндын" адистери мындай маалыматтардын эч кандай негизи жок деп билдиришет.
"Учурда мобилдик байланыштын адамдын ден соолугуна зыян деген тыянак жок. АКШда 20 жылдан бери бул жаатта изилдөөлөр жүргүзүлүп, окумуштуулар эч нерсе табыша элек. Электромагниттик нурлануулар бизди мурдатан бери эле курчап келген. Алсак, сыналгы көрөбүз, компьютер алдында иштеп жатабыз жана башка. Керек болсо, жарыктык да нурлануу бөлүп чыгарат да",- деп түшүндүрөт Сергей Слюсарев.
ТАРИФТЕРДИН ӨНҮГҮҮСҮ
"Билайндын" бизнес-тиркемесинин архитектурасын өнүктүрүү кызматынын башчысы Ирина Хегай мобилдик байланыштын эволюциясына тарифтик пландардын өнүгүүсү да себепкер болду деп белгилейт.
Анын айтымында, алгач мобилдик операторлордун бир гана чалуу жана СМСтердин баасы өзгөрбөгөн стандарттык тарифтери болгон. Бирок кийинчерээк элдин ар кайсы жаш курагы мобилдик телефонду ар кандай колдонору белгилүү болду. Ошондуктан элдин көпчүлүгү колдонуусу үчүн ар бир кардарга өзүнчө мамиле кылуу жана тарифти тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүү керек эле.
"Качан мен 2006-жылы жумушка келгенде "Стандарт" деген бир тарифи бар эле. Кийин "Спец 27" деген тариф, андан соң мен үчүн эң татаал тариф – "Ё-твоё" чыккан. Аларды азыркы тарифтер менен салыштырсак күлкү келет, бирок ошол кезде алар ачылыш болгон. Тарифтердин негизги баалуулугу алар колдонуучуларды сегментациялайт. Алсак, жаштар үчүн интернетке ыңгайланыштырылган тариф, улуу абоненттерге чалуулар. Бирөөлөрдүн туугандары Москвада иштейт, аларга Орусия менен сүйлөшүү үчүн арзан тариф керек жана башка ушундай сыяктуу. Биз абоненттик базанын ар бир сегментине ылайык келген тарифтерди чыгарууга аракет кылабыз",- дейт Ирина Хегай.
КЕРЕКТӨӨЧҮНҮН БААСЫ
Абоненттик базаны кеңейтүү жана мобилдик кызмат рыногунда атаандаштыктын жыйынтыгында мобилдик байланыш элдин бардык катмарына жеткиликтүү болду.
"GSMдин өнүгүүсү менен мобилдик кызматтын баалары арзандады. Рынокто жалгыз гана "Бител" менен "Кател" турган. Бирок алар бири-бири менен атаандаштык түзүшкөн эмес. "Мегакомдун" жана "НурТелекомдун" рынокко келиши менен атаандаштык башталып, баалар арзандап баштаган",- дейт бизнес-тиркемесинин архитектурасын өнүктүрүү кызматынын башчысы.
20 жылдай мурун GSM стандарты боюнча биринчи чалуудан соң Кыргызстанда мобилдик тармак технологиясы активдүүлүк менен өнүктү. Мобилдик операторлор байланыш тармагынын каптоо аймагын жана өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн бир катар жакшыртышты. Эң башкы жетишкендик мобилдик кызматтын жеткиликтүү жана сапаттуу болушу болду. Мурун досуңа мобилдик телефон менен чалуу укмуштуу нерсе болсо, учурда коомдук транспортто 4Gнын жардамы аркылуу телефонуң менен өзүңө жаккан телесериалды көрүү кадыресе көрүнүшкө айланды.
KaktusMedia'дан которулду