SUPER.KG порталынын бул жумадагы коногу Маданияттын мыкты кызматкери Дайыр Исмадияров болду. Мүнөзү шайыр мырза чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, күйөрмандарынан келген суроолорго ачык жооп берди. Суроолордун көпчүлүгү үй-бүлөсү жана Таиланддагы эс алуусу тууралуу болду.
– Таиландга эс алууга ким менен бардыңыз?
– Досторум менен баргам. Алар чыгармачыл чөйрөдөн эмес, ошондуктан Инстаграмдагы баракчама чогуу түшкөн сүрөттөрүбүздү жүктөгөн жокмун.
– Таиланд сизге эмнеси менен жакты?
– Биринчи жакпаганынан баштабайлыбы. Тамак-ашы такыр эле жаккан жок. Ал жактагылар ачуу калемпир менен таттуу кыямдарды аралаштырып жешет экен. Мисалы, майга куурулган эт менен картошкага деле кыям кошуп жегенине таң калдым. Деңиз азыктары баалуу тамактардын катарына кирет эмеспи. Бирок бул тамак-аш менин табитиме дал келбейт экен, жей албай койдум. Аралдары абдан жакты. Эргүү алып, азыр ошол дем менен иштеп жатам.
– Инстаграмга "фирменный дымдама" жасай турганыңызды айтып сүрөт киргизгенсиз. Тамакты түрлөп жасай аласызбы?
– Тамактын дээрлик бардык түрүн болгондо да абдан ширин кылып жасайм. Бул мактангандык эмес, бирок манты, оромо, лагман өңдүү тамактардын түйшүгү көп болгондуктан эринем. Бул жөндөмдүн калыптанышына үйдүн кичүүсү болгонум себеп болду. Бир туугандарым өз жолу менен кеткенден кийин апам экөөбүз калдык, кээде ал бир жакка чыкканда тамакты өзүм даярдап койчумун.
– Салам, Дайыр. Гастролдон жакшы эле акча тапсаң керек, Таиландга барып эс алып келдиң. Бирок жалгыз барганың жакпады. Андан көрө жубайыңды ээрчитип, көлгө же жайлоого барып келсең болбойт беле?
– Ушундай суроо келет деп күтүп жаткам. Биз Жанара экөөбүз ажырашкан жокпуз, убактылуу таарынышып кеткенбиз. Азыр баары жакшы. Буюрса, биринчи перзентибизди күтүп жатабыз. Менин гастролдук турум соңуна чыга элегине байланыштуу ал азыр Жалал-Абадда эле болот. Азыр мен иштешим керек, жубайым эс алыш керек. Ал эми Таиландга Жанарасыз барганымдын себеби, биринчиден, ал кош бойлуу, экинчиден, досторумдун арасынан бирөөсү барбай турган болуп, ордуна мен барып калдым.
– Жубайыңыз татынакай, мага жагат. Эгер төрөсө таарынычтын баарын унутуп, төрөт үйүнө барып, үйүңүзгө чыгарып келесизби?
– Биз жараштык. Бирок деген нерсе бар. Анткени мен ошол учурда гастролдо болуп калат экенмин. Концерт башталайын деп жатканда уксам, төрөт үйүн көздөй чуркап баратканымды элестетип жатам. Азыртан эле ырдоочу топко "концерт кандай болсо болсун, мен силерди таштап кетем" деп айтып, аларды да даярдап жатам.
– Жанара эгиз төрөйт деп жатышат. Туугандарыңызда эгиздер барбы?
– Кудай буюрса, эгиз да болушу мүмкүн. Айтпай туралы дегенбиз, эми түз эфир экен айтып коёлу. Кызбы, уулбу ал да Кудайдын бергени, балким, эгиздир. Бирок уул болот деп төрөт үйүнөн баланы ороп чыкканга жууркан, кийимдерине башка өлкөгө буйрутма берип койгонбуз. Ашыкча эч нерсе ала элекпиз.
– Гастролго чыккан куудул эжелериңдин бири менен дуэт жаздырдың. Канткен күндө деле алар ырчы эмес да, иштешүү кыйын болдубу?
– Назира эже да ырдап жүрөт. Бул чыгарманын үстүндө бир ай иштедик. Жаздыруу иши жакшы болгон, бирок Назира эже аягында бир сөздү туура эмес айтып алды. Ошол сөздү жарым саат жаздырдык. Үйрөтсөк болбой эле өзүнүн адатынча айтып салат. Клип тартууда кыйынчылык жаралган жок. Ошентсе да бирөө менен иштешүү оор болот экен.
– Башка мырзалардан сизди өзгөчөлөнтүп турган сапатыңыз жана жашоодогу эң бактылуу 3 күнүңүз?
– Башкалардан өзгөчөлөнтүп турган сапатым жок. Бирок башкалардан көздөрүм менен өзгөчөлөнөм го. Ал эми бактылуу күндөрүм – туулган күнүм, үйлөнгөн күнүм жана сахнага алгачкы чыккан күнүм.
– Сизди Екатеринбург шаарында иштеген дешет. Ошол тууралуу айтып берсеңиз?
– Жашоомдун эң татаал мезгили Екатеринбург шаарында өттү. Анда мен 9-классты аяктагам. Ал жакта кийим сатып иштечүмүн. Базардан ар кандай кийимдерди алып, Москвадан алысыраак шаарларга барып товарларды көчөгө жайып алып сатчумун. 3 күн иштейсиң, кайра келип товар аласың. Кайсы шаардын тургундарына эмне керек экенин билип калгам. Ошентип 3 жыл иштеп акча топтоп "Дордойдон" контейнер алып, Кытайдан товар ташып, жеке ишкерлик кылып баштагам. Бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин, биринчи жолу силерге айтып жатам. Көп нерсени түшүнбөсөм дагы, акча кайдан, кантип келерин эрте эле түшүнгөм.
– Өзүңүздүн үнүңүзгө кандай баа бересиз?
– "Өзүн-өзү сыйлабаса, өзгөнү да сыйлай албайт" деген макал бар го. Өзүмдүн тембримди жакшы көрөм. Караокеден айрымдардын ырын жеңил эле ырдап коём. Ошондуктан 100 деген баа берем.
– Кыздардан ашып түшүп кийимдерди жарнамалап сүрөткө түшкөндөн уялбайсыңбы?
– Бул биздин жумуш. Кийимдерди бекер берип жатса, жарнамалап да коюш керек. Бүгүнкү жашоо ушундай болуп калды. "Мен сага бекер берем, сен жарнамалап кой" дешет. Менин кийгенимди бирөө-жарым көрүп, ошол кийимди жактырып алаттыр. Бул көрүнүштү туура эле түшүнөм.
– Ата-энеңе кандай белек бергенсиң?
– Атам каза болуп калган. Баары бир атаңды сагынат экенсиң, көп эстегим келбейт. Ал эми апама көп нерсе жага бербейт. Ошондуктан каражат берип турам, өзүнө жаккан нерсесин алат. Алтын, күмүш жана башка белектерди берип эле келем. Негизги чоң белек – менин амандыгым болсо керек.
Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg