АТАМБАЕВ КУРАЛДУУ КҮЧТӨРДҮН АБАЛЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛДЫ

Президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Жолугушууда Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрүнүн учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле президентке чет өлкөлөр менен түзүлгөн аскердик-техникалык кызматташуудагы келишимдер ишке ашырыла баштаганы тууралуу айтылды. Ал макулдашуулардын алкагында өлкөгө 10-августта Ан-26 аскердик учагы алынып келинди. Бул учактар Орусия тараптан Кыргыз өлкөсүнө кайтарымсыз жардам иретинде тапшырылган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 771, 11-17-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан