Ырчы Алихан 7-август күнү үчүнчү ирет ата статусуна ээ болду. Үй-бүлөсүндө толуктоо болуп жаткан ырчы: "Келинчегим төрөт учурунда бир аз кыйналды. Кудайга шүгүр, учурда наристенин да, келинчегимдин да абалы жакшы. Кызым 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлдү. Жубайымдын сунушу менен атын Аделина деп койгону жатабыз",- деп сүйүнчүсү менен бөлүштү. Аделинанын өмүрү узун, ыймандуу кыздардан болсун!