МЫРЗАҢЫЗ СИЗДЕН ЭМНЕНИ КААЛАЙТ?

Тест

Мырзаңыз сизди чындап сүйөбү же сиздин келишимдүү келбетиңизге эле тартылабы? Муну кантип айырмалоо керек? Бир топ айымдар мырзаларынын чыныгы ниетин биле албай кыйналышат. Келиңиз, анда, колуңузга калем сап алып, төмөндөгү тесттин жардамы менен мырзаңызды бир сындан өткөрүп көрүңүз.

Жооптордун сиз тандаган вариантын белгилеңиз

1 Сиз жумуштан абдан чарчап келип, эч нерсеге моюнуңуз жар бербей турат. Бул тууралуу мырзаңызга билдирдиңиз дейли. Анын иш-аракети...

А) Ал кийимдериңизди чечкенге жардам берет. Денеңиздин баарын назик өөп чыгып, кулагыңызга “сенин маанайыңды кантип көтөрүштү билем” деп шыбырайт.
Б) Сизге душка же ваннага түшүүнү сунуштайт. Жуунуп чыккандан кийин ысык чайы же шарабы менен сыйлайт. Анан тынч эс алууга шарт түзүп берет.

2 Мырзаңыз менен таанышканыңызда ал...

А) Бутуңуздан башыңызга чейин карап, буга чейин сиздей сулуу жанды кезиктире электиги тууралуу айткан.
Б) Токтоо карап, эмне менен алек болоруңузду, эмнелерге кызыгарыңызды жана башка ушул өңдүү суроолорду узаткан.

3 Сиздердин алгачкы өбүшүүңөр жана анын сизди сылап-сыйпалаган учуру качан болгон?

А) Алгачкы жолугушууда.
Б) Үчүнчү жолугушууда.

4 Чогуу эс алган учурда мырзаңыз өзүн кандай алып жүрөт?

А) Кайсы жерде болбосун сизди өпкүлөй турган адаты бар.
Б) Кичинекей баладай кылып кучагына бекем кысып, колуңуздан кармап алат.

5 Сиз менен жолугушууну болжош үчүн телефон чалганда...

А) Ошол эле күнү “кечинде жолугалы” деп сунуш киргизет.
Б) 2-3 күн мурун жолугушуу тууралуу билдирет.

6 Жөнөкөй футболка менен жынсы кийип жолугушууга барсаңыз деле сексуалдуу кабыл алышы мүмкүнбү?

А) Жок, ал менин ачык, адамдарды өзүнө тарткандай кийинүүмдү жактырат.
Б) Кандай кийим кийбейин, “сага баары жарашат” деп турат.

7 Мырзаңыздын ата-энеси, туугандары достору менен таанышсызбы?

А) Көпчүлүк учурда экөөңүз гана чогуу болосуздар. Анын ата-энесин бир жолу эле кокусунан көрүп калгансыз.
Б) Ооба, мамиле түзө баштагандан көп өтпөй, ата-энеси менен тааныштырган.

8 Мырзаңыз алыска кетип телефон чалганда, сөзсүз түрдө...

А) Сизди абдан сагынганын, күндөр супсак өтүп жатканын айтат.
Б) Кадимкидей эле ар кайсыны сүйлөшөсүңөр. Ал сиздин эмне кылып жүргөнүңүздү ийне-жибине чейин сурайт.

9 Таарынышып кеткен учурда элдешүүнүн кандай ыкмасын колдонот?

А) Ачууңуз тарагыча өпкүлөй берет.
Б) Ага эмне жакпай калганын ачык айтат. Анан мындай маселеден чыгуунун жолун чогуу талкуулайсыңар.

10 Мырзаңыз менен жолугушуу, чогуу киного баруу, бирок секс менен алектенбөө сиз үчүн...

А) “Мындай болушу мүмкүн эмес эле” деп таң каласыз.
Б) Төшөк кумарысыз деле баарлашып, пикир алышуудан чоң рахат алса болорун билесиз.

11 Мырзаңыз төшөктө сизге рахат тартуулаганга аракет кылабы?

А) Сиздин эрогендик чекит­териңизди изилдегенди жактырат.
Б) Эрогендик чекиттериңиз кайсы жерде экенин жана кандай ыкманы жактырарыңызды айттырбай эле билип алган.

ЖЫЙЫНТЫГЫ

А варианты жоопторуңузда көптүк кылса, сиз тандаган мырзанын ою бир гана сексте.
Мындай эркектер секс менен сүйүүнү аралаштыргысы келишпейт. Көпчүлүк айымдар мындай мырзалардын мамилесин чыныгы сүйүү менен алмаштырып алып, катуу жаңылышат. Мындай эркектер каалаган айымын төшөккө бат эле көндүрүп алууга жөндөмдүү болгону менен, чыныгы мамиле түзүүдө аксап калышат. Мына ушундан улам түшүнбөстүктөр да көп жаралат. Айымдардын тышкы келбетине гана арбалган мырзалар турмуш куруу тууралуу кеч ойлонушат. Башкача айтканда, эртеңки күндү ойлогусу келбегендер.

Б варианты жоопторуңузда басымдуу болсо, анда сиз мырзаңыздын чыныгы жарымысыз.
Мырзаңыз келбетиңизди гана эмес, ойлогон оюңузду, баскан-турганыңыздан өйдө жактырат. Мындай мырзалар үчүн сиз жанында болсоңуз эле болду. Ошол себептен жолугушууда төшөк маселесин козгобогонуна таң калбай эле коюңуз. Психологдордун айтымында, мындай мырзалар оор басырыктуу келишет. Төшөк маселесинде алгач сизге рахат тартуулоону ойлойт.


Алигидот

Жайдын аптабында Сайракан бассейнге барууну чечет. Берилип сүзүп жүрүп, трусасы чечилип кеткенин да байкабай калат. Жээкке чыкса, жазуусу бар тактайча турган болот. Аны алып абийирин жаап, чечкен кийимдерин көздөй чуркайт. Бирок артынан бирөөлөрдүн боорлору эзилгиче күлгөнүнөн тактайды караса, “жалаң чоңдор үчүн. Тереңдиги 2 метрден 10 метрге чейин” деп жазылып турган экен.


Билип ал

ЭРОТИКАЛЫК ЧЕЧИНҮҮ

Мырзалардын делебесин козгоого ар түркүн ыкмалар бар. Алардын ичине айымдардын чечинүүсү да кирет. Анда эмесе, чечинүү сырларынан...

Баары кийим тандоодон башталат
Ич кийим сатып алууда дайым эле сапатына качыруунун кажети жок. Ачык ич кийимден 2-3тү алып коюшуңуз керек. Жибек кездемеден тигилген ич кийимдер айымды өтө сексуалдуу көрсөтөт. Ошондой эле шиш такалуу туфли алууну да унутпаңыз. Шиш така бутту узун көрсөтүп, жамбашты да сынына чыгарат.
Туфли менен ич кийимиңиз даяр дейли. Бирок мырзаңыздын алдында чечине баштоого али эрте. Кээ бир айымдар шиш така кийгенде белин бүкүрөйтүп же тизелерин бүгүп басышат. А сиз моделдердин басыгын туураганга аракет кылыңыз. Башыңызга китеп коюп алып майда кадамдоо жыйынтык берет. Бул үчүн жакшы аракет кылсаңыз, 2 күндүн ичинде жарашыктуу басууну үйрөнүп аласыз.

Кезек чечинүүнүн сырларында
Чечинип жатканда мырза­ңызга тике кароодон качыңыз. Көзүңүздү ала качып, жерди тиктемиш болгон жасалма уялчаактык эркектердин делебесин козгой баштайт. Чындыгында, уялчаак айымдарга эркектер көбүрөөк тартылат эмеспи.
Сырткы кийимдерди шаш­пай чечиңиз. Кылыктанып жай кыймылдоо менен мырзалардын шаштысын кетирип, ого бетер катуу дүүлүгүүгө жеткирүүгө болот. Мисалы, кийимдин топчуларын сөөмөй менен сыламыш этип, акырындан чечиңиз. Ылдыйкы топчуларынан баштап, анан көкүрөктөгү топчуларын чечүүгө өтүңүз. Юбка же көйнөктүн ылдый карай шыпырылып түшкөнү жакшы. Анан шиш таканын жардамы менен илип, ары ыргытып коюу мырзанын дене-боюн бир зырп эттирет. Ар бир кийимди чечип жатканда жамбашыңызды чайпап же ийилип-чоюлуп коюуну унутпаңыз.
Сырткы кийимдериңиз чечилди. Эми ич кийимчен жана шиш такачан мырзаңызга далыңызды салып назик керилип алыңыз да, негизги чечинүүнү баштаңыз.
Бюстгалтердин бир боосун акырын ийиниңизден түшүрүп ошол бойдон калтырыңыз да, трусаны чечүүгө киришиңиз. Ылдый эңкейип, трусаны бир колдоп акырындап чечүү сизди табышмактуу айым кылып көрсөтөт. Трусаны чечер замат капталыңыздан туруп, бир бутуңузду алдыга коюңуз да, “алигини” жаап алыңыз. Эми бюстгальтердин экинчи боосун түшүрүүгө кезек келди. Боолорун түшүрүп жатканда боо менен ийиндериңизди сылап алыңыз. Бекиткичтерин бошоткон соң бюстгальтерди мырзаңызды көздөй ыргытып коюңуз. Чечилбеген бир гана туфли калды. Төшөктүн четине отуруп, бутту учкаштырган тейден чечип, жылуу төшөккө кирип кетиңиз.


Эротикалык окуя

ДААРАТКАНАДАГЫ ЛАЗЗАТ

Мындан беш жыл мурун бир кафенин ашканасында идиш жууп иштеп жүргөн кезим. Ресторанда иштеген Азамат аттуу бала менен мамилем жакшы болуп кетти. Ашканада жүрө берсең кийимиңе ар кандай тамак-аштын жыты сиңип калат эмеспи, ошол себептен жумуштан кетерде кийим которчумун. Атайын кийим которуучу жай жок болгондуктан, даараткананы колдончу элем.
Бир күнү чечинип жатсам, кимдир бирөө карап тургандай сезилди. Артка бурулсам, ачылып калган эшиктен Азамат кылгырган көздөрү менен карап туруптур. Эшикти илем деп унутуп калган экем. Мен да бир саам аны тиктеп калыптырмын. Бир маалда Азамат кирип келип эшикти илди да, кыса кучактап өпкүлөп кирди. Мен каршылык көрсөткөн жокмун. Чала топчуланган кофтамдын топчулары кайра чечилди. Азамат эмчектеримди кармалагандан кийин улам ылдыйлай баштады. Бир маалда трусама колун салып, “алигимди” укалай баштаганда денем бир башкача балкып, “алигим” нымдалыша түштү. Чыдабай кетип Азаматты чечинте баштадым. Экөөбүз бат эле энеден туума жылаңач болуп калдык да, лаззатка батууга өттүк.
Күндөрдүн биринде экөөбүз тең эшикти илгенди унутуп ишибизди баштап алыптырбыз. Бизди пол жууган аял байкап, кожоюнга айтып коюптур. Ошентип, жумуштан куулуп калдык. Азыр экөөбүз дагы деле бир кафеде иштейбиз. Экөөбүз бири-бирибизге чиелешип байланышканыбызды билип, жакында үйлөнүү тууралуу ойлонуп жатабыз.

Айжамал

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
AazamatBBB
2010-05-06 19:42:05
да!
0
jashookeremet
2010-05-06 20:19:04
болбогон нерсе,интернеттен алып алып эле жаза бергиле эми
0
Jekintay
2010-05-07 11:56:42
Жакшы кумарга батыпсынар!
0
jumabek
2010-05-07 14:29:08
сени менен уйлонбойт Азамат ишти кылып кумар кандырып журо берет сени алдап
+2
Kirgizshaa
2010-05-08 03:22:30
Жогорудагы маалыматтарды окуп анан иш жүзүндө кылгандар барбы?
0
jumash
2010-05-31 12:18:00
болбогон нерсе шариятка туш келбеген иш болуптур уят
0
baxa1980
2012-07-11 08:09:50
jumash, сен шарият менен жашйсымбы?
+2
koroleva
2011-12-02 18:31:46
ой келди эле жазып коюптурго
0
osh_kg
2013-01-15 14:28:37
муну башка санда жазганго башкачараак кылып
0
jomik_kg9595
2014-02-10 05:45:46
Может чын адам озу мындайга жакын да ансыз жашоо жок да мындай эле айтканда, уят андай мындай дегендер эробекет деген жерден эле кайра кайтып кете бергиле жакпаса не кыласынар кирип
0
Gulya141091
2014-09-10 00:25:25
Не может быть
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан