Кыргыз мамлекетинде 2017-жылдын 1-августуна карата 7499 адам ВИЧ илдетине чалдыкканы аныкталган. Анын ичинен 6,4 миңи кыргыз жарандары. Аталган маалыматты республикалык СПИД борборунун жетекчиси Улан Абдыкадыров билдирген. Анын айтымында, 2018-жылга карата ВИЧ илдетине каршы күрөшүү үчүн Каржы министрлигинен 20 миллион сом алынууда. Бул багытка негизинен бюджеттен 40 миллион сом, ошондой эле республикалык СПИД борборунан 3 миллион сом бөлүнөт. Бирок бул каражат да жетишсиз дешет адистер. Статистикалык маалыматтарга караганда, учурда ВИЧ-инфекциясы жыныстык жол менен көп жугууда. Ушул жылы эл аралык донорлор Кыргыз мамлекетине бул багытка каржылоону азайтканына байланыштуу өкмөттүн колдоосу керектигин адистер тынбай айтып келишүүдө.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg