БШК МҮЧӨСҮ САРИЕВДИН АЙЫНАН ЖУМУШУНАН КЕТТИБИ?

Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Замира Жороева 11-июлда кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, Жороеванын кызматтан кетишинде саясий себеп бар. Ал интернеттеги баракчасына "Өкмөттө иштегендердин бири "Замира Жороева кайсы бир кечеде "Ак шумкар" партиясы жана Сариев үчүн тост айтты" деп арызданган экен» деп жазып, иштен кетишине тост себепчи деген пикирин билдирген. Аталган маалымат боюнча президенттикке талапкер Темир Сариев да комментарий берип, Жороева менен тааныш эместигин айткан. «Бул чечимди кабыл алгандар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматкерлерге карата административдик ресурсту пайдаланды дегендик. Мыйзам бузуулар боюнча БШКга мурун да кайрылганбыз, далилдер менен тастыктаган документтерди да жөнөткөнбүз»,- дейт Сариев. Ал эми БШК тараткан маалыматка ылайык, Жороева жумуштан кетүү тууралуу арызды өз каалоосу менен жазган жана учурда билим берүү тармагында иштөөдө.
 
 

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан