Мезгил үнү
7-апрелдеги окуянын кесепетинен борбор калаада гезит сатуучу күркөлөрдөн тарта бут кийим оңдоочу жайларга чейин талкаланды. Ал эми мамлекеттин жүзү болгон Өкмөт үйү, Башкы прокуратуранын имараттарынын күлү көккө сапырылды. Бул боюнча учурда 116 кылмыш иши козголду.
Ак үйдү талап-тоноо мамлекетке канча зыян алып келгендиги туурасында Президенттин иш башкармасынын жетекчиси Турусбек Коёналиев мындай дейт: “Өкмөт үйү канча зыян тарткандыгы туурасындагы так маалымат жакында айтылат. 8 кабинет өрттөнгөн. Өрт бир кабинеттен экинчи кабинетке өткөн. Жер төлөдөгү 4 кампаны да өрттөшкөн. Анда жерге төшөлчү килемдер, желектер бар болчу”.
Өрттөн кийин калдайган эле карааны калган Башкы прокуратуранын жанынан «урап кетип, басып калабы?» деп өткөндөн да коркосуң. Бул имаратты изилдеп жаткан Сейсмотуруктуу курулуш боюнча илим изилдөө жана долборлоо институтунун директору Сейит Иманбеков кайрадан калыбына келтирсе болорун айтты. Курулуш планы катуу жабыр тарткандыктан, миллиондогон каражат сарпталарын кошумчалады. Талап-тоноочулардын курмандыгы болгон имаратта мамлекеттик деңгээлдеги баалуу документтер, кызматкерлердин жеке буюмдары, компьютерлер күйүп кеткен. Өрттөлгөн документтер боюнча да атайын комиссия иш алып барууда. Убактылуу өкмөттүн 9-апрелдеги чечими менен Башкы прокуратура азыр мурдагы Өнүктүрүү фондунун имаратына жайгашты.
Жогорку Кеңештин иш башкаруучусунун орун басары Жоробек Борбодоев: “ЖКнын имараты болжол менен
110 миллион сомго жапа чекти. 7-апрелде бардык кабинеттер бек эле да. Талап-тоноочулар кечки саат 6-7лер чамасында келишип, күзөт кызматында тургандарга ээ бербей, эшик-терезелерди талкалап ичине киришкен. Кабинеттердеги телевизорлорду, телефондорду, компьютерлерди, сейфтерди, кондиционерлерди көтөрүп кетишкен. Алып чыга албагандарын талкалашкан. ЖКнын отуруму өтчү чоң залдагы 2 таблону талкалашып, депутаттардын ноутбуктарын ала кетишкен»,- дейт.
Жапа чеккен ишкер ижарачылардын санын, келтирилген зыяндын суммасын тактоо “Ишкер арендаторлор” коомдук уюмунун жетекчиси Бурулкан Усупакунованын моюнунда. Бул уюмга 7-апрелдеги окуядан кийин 530 адам арыз менен кайрылган.
Борбор боюнча 50гө жакын “Народный” дүкөндөрү бар. Талоончулукка учураган ишкерлердин чыгымдарын аныктоо жана аларга жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Чыныбай Акунов: “23 “Народный” дүкөнү таланган. Бирөө күйүп кеткен. Ээси азыр оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат. Канча сомдук тамак-аш, буюм жок болгондугун «Народный» дүкөндөрүн товар менен жабдыган ишканалар эсептешүүдө. Так суммасы чыга элек”,- деп билдирди.
Зыян тарттым деген адамда төмөнкү документтер болгондо гана алардын иши кароого өткөрүлөт.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg