АКСАНАТАЙ МЕНЕН КАРАСАНАТАЙ (жомок)

Аксанатай менен Карасанатай жолдош болуп сапарга чыгышты. Көп күн өткөндөн кийин азыктары түгөнүп, курсагы ачты. Карасанатай Аксанатайга:
– Ачка өлбөйлү. Сен атыңды сойгун, ал түгөнгөндө мен соём,- деди. Аксанатай макул болуп атын сойду. Арадан бир топ күн өтүп, оокаттары дагы түгөндү.
– Ээ, Аксакал досум, эми дагы бир эрдик кыл, курсагым ачып өлүп баратам, көзүңдү оюп берип мени тойгуз. Анан мен атымды союп, көзүмдү оюп берейин,- деди Карасанатай.
Аксанатай буга да макул болду. Карасанатай мунун эки көзүн оюп алды да, өзүн жолдун жээгиндеги чоң жардан ылдый кулатып жиберип, андан ары жүрүп кетти.
Аксанатай темселеп жүрүп, жардын түбүндөгү үңкүргө кирди. Бир убакта жолборс, илбирс, карышкыр үчөө жардын башында сүйлөшүп жатканын укту. Карышкыр:
– Ушул жакта чоң короо кой жайылып жүрөт. Койчусуна ээ бербес элем, бирок ал ээрчиткен көк дөбөттүн азабы өттү. Ошол көк дөбөттүн өтү кандай ооруга болсо да дары. Ал тургай өлгөн адамды да тирилтет,- деди.
– Мына ушул жардын аягындагы дөбөдө ат башындай алтын бар,- деди жолборс.
Анан илбирс сүйлөдү:
– Силер ичтеги сырыңарды бүт айттыңар, эми мен айтайын, мына бул жардын башындагы агып жаткан булакка сокур киши бетин жууса, көзү ошол замат ачылат. Кокус көзүңөр көрбөй калса, ушул булакты эстеп койгула...
Үчөө дагы бир аз сүйлөшүп туруп, анан “көп эле сырдаша бербейли, кокус бирөө угуп калбасын” дешип, жөнөп кетишти.
Аксанатай алардын сөзүн бүт укту. Ордунан туруп, булакты карай жылды. Шылдырап аккан булактын дабышын тыңшап жүрүп отуруп, акыры булакка жетти. Суу менен бетин жууду эле, көзү ошол замат ордуна келди. Ал сүйүнгөн бойдон чуркап барып, жардын аягындагы дөбөдө жаткан алтынды таап алды. Аны көтөрүп койчуга барды да, алтын берип көк дөбөтүн сурап алды. Четке чыккандан кийин итти союп, өтүн кургатып, чөнтөгүнө салды. Бир шаарга келсе, хандын кызы катуу ооруп, аны ким дарылап айыктырса, кызымды ошого берем деп, хан жар чакыртып жатканын укту. Аксанатай хандын үйүнө кирип, чыныдагы сууга иттин өтүн жакшылап эзип, хандын кызына бүт ичирди. Өлүм алдында жаткан кыз ошол замат куландан соо болуп тура келди. Хан Аксанатайга кызын берип, энчи бөлүп, айылына жөнөттү.
Бир күнү Карасанатай Аксанатайды көрүп жай сурап:
– Сен мынчалык зор бакытка кантип жеттиң?- деди.
– Ээ, досум, сага ырахмат, эгер сен болбосоң, мындай бакытка жетпейт элем. Сен да так мага окшоп, жардын астындагы мен жаткан үңкүргө жатсаң эле болгону,- деди.
Карасанатай сүйүнүп, Аксанатай айткан үңкүргө келип жатты.
Түн киргенден кийин жолборс, илбирс, карышкыр жардын башына чогулушту.
Карышкыр кубанып:
– Баягы көк дөбөт жоголуптур,- деди. Жолборс кейип:
– Менин ат башындай алтыным жок, ким алганы белгисиз,- деди.
– Мында бир сыр бар. Мунун баары кишинин гана колунан келет. Биздин сөзүбүздү астыртадан угуп алса керек. Бүгүн да бирөө тыңшап турбасын, жүргүлөчү, карап көрөлү,- деп илбирс айтты.
Үчөө издей баштады. Илбирс карап жүрүп, Карасанатайды таап алып, аны ары-бери тыткылап жеп жиберишти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
emmasha
2017-08-22 17:20:52
Мааниси терен жомок экен.
0
rios.07
2017-08-23 19:39:31
балдарыма айтып бердим, аябай кыялданып угушту.
0
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан