Кечээ мурдагы өкмөт башчы, министрлер, илимпоздор, эмгек сиңирген ишмерлер, ар тармактын ардактуу адистери курамына кирген 150гө чукул кадырлуу инсандардан турган коомдук комитет түзүлдү. Алгач көпчүлүк бул комитетти шайлоо алдындагы бийликтин адаттагы саясий пландарынын бири катары кабыл алды. Бирок коомдук ишмерлердин комитети алдыдагы шайлоонун ачык, таза жана мыйзам чегинде өтүүсүнө көзөмөл салып, ошону менен бирге президенттикке талапкер Темир Сариевди сүрөөнү максат кылып жатканы белгилүү болду. Адатта шайлоолор алдында аксакалдардын топтору Ак үйдүн көз кырынан чыкпай, бийликтин талапкерлерине ыктап турчу. Буга жоопту Кыргыз Республикасынын экс-вице-премьери, коомдук ишмер Турсунбек Чыңгышев аксакал айтты. «Кыргызстан учурда чоң саясий тандоонун алдында турат. Алдыдагы алты жылда өлкөнү кимдин колуна тапшырабыз деген суроого ар бирибиз жоопкерчилик менен мамиле жасай турган кезге келдик. Биздин мамлекеттик кызматтарга иштөөгө жаш курагыбыз жол бербесе дагы, дайыма мамлекет үчүн иштеп келген коомдук ишмерлер катары, атуул катары, жаштарга нуска айтар аксакал катары президенттик шайлоо боюнча калыстыгыбызды айтып, элге ачык-айкын туура тандоого чакырык жасап жатабыз. Албетте, эл башына келсе ишти алып кете турган азаматтар арбын. Бирок алардын ичинен биз президенттик кызматка Темир Сариевдин талапкерлигин туура деген ойдобуз. Ал тээ комсомолдон тартып эгемендик алгандан бери эл депутаты, экономика министри, өкмөт башчылыгына чейин татыктуу иштегени менен башкалардан айырмаланат. Анын бирөөнүн кызыкчылыктарына карап иш жасаганын, өз бизнеси үчүн шарт түзгөнүн, афёраларга аралашканын көргөн да, уккан да эмеспиз. Билими, принципиалдуулугу, адамдык сапаттары, чарбачылдыгы менен бүгүн эл суусап турган башчы боло алат»,-дейт Турсунбек Чыңгышев.
Андан ары сөз алган профессионал адистер, кадырлуу аксакалдар Карыпбек Алымкулов, Кемелбек Ашыралиев, Накен Касиев да президентти тынчтык жол менен шайлоо мамлекет үчүн абдан маанилүү экендигин, ошондуктан эл тандоодо жаңылбай, күнүмдүк кызыкчылыктарга алданбай, элдин келечеги үчүн чын жүрөктөн татыктууну шайлоо керектигин баса белгилешти.
«Эл арасында «аксакалдар калыс болбой калды», «интеллигенция бийликтин кол жоолугуна айланды», «дүжүр чалдар арбыды» деген сыяктуу ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Албетте, беш кол тең эмес. Айрым аксакалдар чындап эле бийликтин «таттуу токочуна» алданып жаткандыр. Бирок мына, биздин комитетке мүчө болгондордун 99 пайызы мамлекет үчүн колунан келгенин жасап, элге эмгегин сиңирип койгондор. Бизге азыр бийлик кызмат берсе да жүгүрүп барбай тургандарбыз. Ошондуктан өң-таанышка карап, бийликке балдарыбызга жумуш сурап, жасакерленип жүрөлү деген ниеттен биз алыспыз. Ачыгын эле айтып, араңарда кыргыздын мыкты уулу, саясатта салмагы бар, аткаруу бийлигинде абдан чоң тажрыйбага ээ, өз жүзү, өз принциби бар Темир Сариевди колдойлу деп турабыз. Бизге азыр башкалардын алдында чебелектеп тегеренбеген, бирок ишти элдин кызыкчылыгы үчүн дипломатиянын эрежесинде чече билген лидер керек. Биз мына ушул жагынан Темирди баалайбыз»,-дейт Кемелбек Ашыралиев.
Ошентип, шайлоонун алдында жакшы саамалык орун алып отурат. Бул – коомдо интеллигенциянын ойгонушу. Өз тандоолорун ачык жасап, колунда мамлекеттик машинасы бар бийликчил талапкердин акырына баш салбай, оппозициялык маанайдагы талапкерди колдоп жатканы дагы мурда кездешпеген чоң окуя. Бул – Темир Сариевде кубаттуу партия болбосо дагы, кадыры калың интеллигенция бар, чөнтөгү толо пул болбосо дагы, кара кылды как жарган калыс аксакалдардын батасы бар деген кеп. Анын буга чейинки жасаган эмгектери талаага кетпептир.
Шекербек Бейшенов