Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«LIGLASS TRADING`дин» АЙЛАНАСЫНДАГЫ КАТААЛ ОЮН: МУНУН АРТЫНДА ЭМНЕ ТУРАТ?

№773 25-31-август, 2017-ж.


Премьер-министрге талапкер катары аты аталып жаткан Сапар Исаковго карата каралоо кампаниясы жүрө баштады. Ушул теманын өзөгүн талдаган Ильяс Кангелдинин пикирин назарыңыздарга сунуштайбыз. Акипресс агенттигине жарыяланган макала орусчадан которулуп берилди.

-Айрым фракция лидерлери өзүнө упай топтоп, атаандаштарына зыян келтирүү үчүн парламент трибунасын болушунча пайдаланып жатышат, муну түшүнүү үчүн Ванга сыяктуу олуя болуунун деле кажети жок. Мындай адат айрым саясий партиялардын жетекчилерине да тиешелүү.
«Liglass Trading» компаниясы тууралуу чехиялык басылмалардын макалалары жарык көрдү. Бир жагдай таң калтырат – аталган компания боюнча атайын бир акценти бар макалалар биздин өлкөдө саясий маанилүү окуялар мына-мына болот деп турган чакта пайда болот. Бул жолу да чехиялык маалымат каражаттарында макала пайда болуп, бул ирет сокку КСДПдан өкмөт башчылыкка талапкер болгону жаткан Сапар Исаковго жасалды. Күмөндүү ойлорду күчөтүп, чехиялык басылмалардагы макалага катар эле КСДПнын ардагерлеринен делген билдирүү да пайда болду.
Бирөө-жарым бул дал келүү деп ишенеби? Тилекке каршы, ишенүү кыйын. Мына бул маалыматтык кампаниянын артында тажрыйбалуу дирижёр, куурчак ойноткучтун колу байкалып жатат.
Бирок бул макаланын артында Кыргызстанда да, чет жерде да жетиштүү деңгээлде таасирдүү болгон күчтөрдүн көптөгөн кызыкчылыктары жашырынып жатат. Макалалардын пайда болушунда геосаясий аспект дагы бар. Анткени ал Орусиянын Евробиримдик менен мамилеси боюнча ар кандай көз караштардын кагылышы жүрүп жаткан чакта жарыяланды. Эгер бардык жагынан анализдеп карасак, алыскы аймактарда тиреш жүрүп жатат. Согуш талаасы Кыргызстан болуп калганы менен, максаты – Чехиянын өзүндөгү белгилүү бир саясий күчтөргө зыян келтирүү болуп жатат. Буга катар Кыргызстан аркылуу ЕАЭСке да сокку урулуп жатат. Бардык фигуралар катаал шахматтык оюнда тизилген, ар бири бул татаал комбинацияда өзүнө бөлүнгөн ролду аткарышы керек. Негизинен Кыргызстандагы президенттик шайлоо чоң державалардын геосаясий атаандаштыгынын уландысы катары каралып жатат. Чоң оюнчулардын кимиси үстөмдүктүү упай алары шайлоонун жыйынтыгынан көз каранды болушу мүмкүн. Бир сөз менен айтканда, баары аралашып кетти, чоң оюн башталды.
Эми алыстан баштап иликтөөгө аракет кылып көрөлү.
Чехиянын учурдагы президенти Милош Земан Орусияга карата өзгөчө позициясы менен айырмаланат. Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн бири болгон Чехиянын лидери антиорусиялык санкциялар жана буга төп келүүчү маанайдагы Европа мамлекеттеринин лидерлеринин фонунда алып караганда Орусияга карата достук мамилесин көргөзүп келет. Земандын атайын баса белгиленип көрсөтүлгөн Орусияга сапарлары, Москвага карата достук мамилеси АКШ менен ЕСтин кыйла кыжырына тиет. Андыктан Чехиянын президентин дискредитациялоо аракети жүрүп жатат. Земан ушул жылдын жазында экинчи мөөнөткө барарын айткандан бери, чех президентинин каршылаштары Орусиялык көз караштагы мамлекет башчысын тактан түшүрүү аракетин он эселеп күчөтүштү. Чехиялык саясат таануучулардын пикири боюнча, Земанда өлкө башчылык креслосун сактап калууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Сурамжылоолорго таянсак, шайлоочулардын 50 пайыздан көбү аны колдошот. Андыктан Земанга каршылар аны дискредитациялоону, керек болсо импичмент менен кетирүүнү көздөшөт. Бирок бул үчүн жүйөлүү себептер керек. Акыры андай жүйөнү табышты көрүнөт. Кыргызстан менен «Liglass Trading» компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча келишимди пайдалана башташты. Кимде-ким окуяларды тыкыр күзөтүп жүргөн болсо, бул келишимдин күмөндүү тарабы жок экенин байкашы керек. Чехиялык ЖМКлар чехиялык компания афёра жасап жатканы боюнча бир дагы далил жок туруп ар кандай божомолдор менен эле иш жасап жатышат, кээде жөн эле фактыларды кулагынан чоюп бир катарга тизгенге аракет кылышууда. Анан бардык нерсе президент Земандын жана анын канцеляриясынын ушул компанияга жан тартуу темасынын айланасында тегеренип калды.
Акыркы жарык көргөн макалада Сапар Исаков менен Чехиянын президентинин канцеляриясынын жетекчисинин кат алышуулары факт сыңары келтирилип, Чехиянын ТИМи атайын кызматка келишимди текшерүү үчүн кайрылганы имиш катары айтылат. Эч кандай далили жок эле дамамат коррупцияга шектенүүлөр кыйытылат. Чынында бул жөн гана кат алышуу, мамлекет башчылардын канцелярияларынын кат алышуусу бардык өлкөлөрдө эле жүргүзүлөт.
Бир сөз менен айтканда чехиялыктарды “президент таза эмеспи?” деген ойлорго түртүү үчүн маалыматтык ызы-чуу жаратылып жатат. Кеңири колдонулуп келе жаткан тактика. Ушул сыяктуу эле тактика Иранга, Саддам Хусейнге карата колдонулган. АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иракка кол салуу алдында Саддам Хусейнде биологиялык курал боюнча программасы бар деп далил келтиримиш болуп баштаган. Кийин Саддам Хусейн өлтүрүлгөн соң Пауэллдин өзүн калп айтты деп күнөөлөө башталганда ал атайын кызматтын өкүлдөрүнөн эмне үчүн такталбаган маалымат берип адаштырышканы боюнча түшүндүрмө талап кылып кирген. Бирок ал учурда бул иш актуалдуулугун жоготкон болчу, Ирак Саддам Хусейни жок жашап баштаган, АКШ максатына жеткен.
Мына ушундай эле кырдаал чехиялык ЖМКларда да байкалып жатат. Кыргызстандын «Liglass Trading» компаниясы менен болгон келишими Чехияда өтө турган президенттик шайлоонун алдында Земандын аброюна шек келтирүүгө жакшы шылтоо болду. Земандын канцеляриясынын жетекчиси менен кат алышкан Сапар Исаковду да гармониялуу түрдө бул катаал оюнга аралаштырып коюшту.
Бирок Сапар Исаков дагы президент Атамбаевдин мураскери болгон, «анын жасап жаткан иштерин улантам» деп ачык айтып жаткан Сооронбай Жээнбековго сокку жасоо үчүн бута катары тандалганын белгилеп коюу керек. Бул Кыргыз-Орус байланышын бекемдөөнү негизги пункт катары алган, Евразиялык биримдиктин интеграциялык процесстерин колдоого багытталган тышкы саясат уланат деген кеп. Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси катары Атамбаевге тышкы саясатты курууга жардам бергени жана зор аракет кылганы үчүн Сапар Исаковду кечиришкен эмес окшойт.
Ошентип мунун бардыгы Кыргызстан менен чехиялык компаниянын келишиминин айланасында чиеленип калды. Максаттар айкын жана кийинки окуялар кандай болору белгилүү. Жээнбековдун атаандаштары Сапар Исаковду өкмөт башчылык орунга өткөрбөш үчүн жана анын жолун бууш үчүн «Liglass Trading» компаниясынын айланасындагы ызы-чууну парламентте пайдаланганга аракет кылышат. Бул күтүлүп жаткан нерсе.
Бирок чехиялык ЖМКлардагы макалаларды колдонуу менен парламентте Сапар Исаковго жасалган соккулар, президент Земанга, Орусиянын Евробиримдиктеги башкы санаалашына тиет. Мындай сокку жасоого Жогорку Кеңештеги оппозициялык лидерлер даярбы?
Эгер даяр болушса, анда бул президенттикке талапкерлер да катаал геосаясий оюнга аралашканын билдирет. Демек, алардын кызыкчылыгы Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн лидерлеринин арасында Орусияга карата кандай гана болбосун жан тартууну түп тамырынан жок кылууга аракет кылгандардын кызыкчылыгы менен дал келди деген сөз. Өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарынан, амбицияларынан улам түшүнүп-түшүнбөй туруп президенттикке талапкерлер Кремлдин геосаясий кызыкчылыктарына катуу тийишип алуулары мүмкүн. Муну ачык эле айткан оң.
Анан калса чехиялык ЖМКларга жарыяланган макалалар чагылгандай тездик менен Кыргызстанга жетип которулуп жатканы көңүлдү бурат. Андан көп өтпөй эле айрым басылмаларда макалалардын авторлору пайда болуп, өз иликтөөлөрү далилдер менен такталган өңдүү көргөзүүгө аракет кылып жатышат. Чынында бардыгы “бир кемпир айтты” дегендей, божомолдорго, далили жок имиштерге барып такалууда.
Жалпылап айтканда, чех компаниясынын айланасындагы ызы-чуу, Сапар Исаковдун ысымын ар түркүн шектүү иштерге аралаштыруу аракети – бул көшөгө артындагы мыкты куурчак ойноткучтардын кадамдары. Бирок ойлонбой туруп же, балким, атайын атаандашын каралоо үчүн сенсациялуу фактылар менен ойноордун алдында кимдир бирөө жакшылап ойлонушу керек. Антпесе кийин оор болуп калат. Ушундай айлампага кирип кетет дейсиң, андайда эптеп аман калуу таттуу кыялга айланышы ыктымал.

Ильяс Кангелди



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: