ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (28-августтан 3-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Пландар өзгөрүлбөгөнү менен, сиз ойлогондой ырааттуу кетпейт. Бирок бул акчага ээ болууга же акча салган ишиңизден киреше алууга жолтоо болбойт. Башкысы, өзүңүздү көзөмөлдөңүз. Болбосо документтен, акча которуудан каталык кетүүсү мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада оюңуздагыны ишке ашырууда сизге бут тосуучулар чыкпайт. Андыктан көңүлүңүз ток болуп, өзүңүздү сүйүктүүңүзгө, ишиңизге арнай берсеңиз болот. Бойдоктордо башталган сүйүү романы көп нерседен үмүткөр кылат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иш боюнча чечим кабыл алууда жетекчилик же бизнес жааттагы шеригиңиз менен кагышып калууңуз мүмкүн. Каржылык жаатта өзгөрүүлөр болбойт. Энергия топтоо үчүн жакындарыңыз менен эс алыңыз. Апта акыры чыр-чатакка жакын, абайлаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Кыялдануудан ишке өтүп, пландарыңызды ишке ашырууга киришесиз. Болгону кайсы бир нерселерге ашыкча акча коротпоңуз. Жаңы тааныштарга ишеним артып кечеге же жолугушууга баруунун арты өкүнүч алып келерин унутпаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта активдүү башталат. Ишиңиз алга жылып, чогуу иштешкендердин көбү сизди жарым сөзүңүздөн түшүнүп турушат. Бирок артыңыздан майда интрига жүрүп жатканын кечирээк байкап каласыз. Сизге тийчү сыйлык башкаларга тийиши ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада “айлыгым аз эсептелип, мени иште колдобой жатышат” деп жетекчини айыптап, жыйынтыгында аны менен бир сөзгө келип тынасыз. Апта акырында буюм сатып аласыз. Үйдөгү чыкчу чатакты болтурбай коюу өз колуңузда экенин эске алыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Тааныштарыңыз азгырмалуу сунуш киргизишет же кошумча иш табасыз. Иште адис катары өзүңүздү көргөзүүгө жетишесиз. Пландарды ишке ашырууга жаңы жолдор ачылат. Кээде каршылык көрсөтүүнүн ордуна элдин ою менен болуу оң экенин унутпаңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада кайсы бир иштер боюнча үй-бүлөдөн алыста болууңуз ыктымал. Күтүүсүз жаралган кырдаалда өзүңүздү жоготпой, туура чечим кабыл алууңуз кажет. Акча табууда тобокелчилик өзүн актабайт. Жаман сөз угуп калбоо үчүн бирөөлөрдү шылдыңдабаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чоң иштерди, анын ичинде үйдөгү иштерди жалгыз бүтүрүгө туура келет. Бул сизди бир топ чарчатат. Андыктан эс алууга убакыт да табуу акылдуулук. Жеке ишин ачкандарга ийгилик жылмаят. Апта колго акчанын тийиши менен аяктайт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Киреше, чыгашаларды кайра эсептеп чыгып, эң керектүүлөргө гана акча бөлбөсөңүз, акча тартыштыгына кабыласыз. Иштен көтөрүлөм дегендер жетекчилик менен сүйлөшпөй туруулары кажет. Ыңгайлуу убак эмес.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Каржылык жаатта жардамды жакындарыңыздан сурашыңыз мүмкүн. Чөйрөңүздө жаңы атаандаш пайда болуп, сиз тууралуу ушак таратышы ыктымал. Бойдоктор сүйүктүүсүн башкаларга тарттырып жибербөө үчүн аракет кылуулары зарыл.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иште ич жылытарлык эмгек жасабасаңыз кирешеңиз азаят дешет жылдыздар. Өмүрүңүзгө коркунуч туулбашы үчүн кечки убак ээн жерлерде болуп калуудан сак болуңуз. Достордун компаниясында табият коюнунда эс аласыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө: 28-августтан 3-сентябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 773, 25-31-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан