СУЛУУЛУК ТРЕНДДЕРИ

Өндүрүшчүлөр сулуулук тармагында күн алыс жаңы каражаттарды чыгарып, алардын жарнамалары элдин кызыгуусун арттырууда. Учурда кайсы каражаттар трендде? Алар эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Кемчилиги барбы? Суроолорубузга жооп издедик.



КУШОН

Кушон – Түштүк Кореядан чыккан, крем, пудра жана ВВ-кремдин кошулмасынан турган тоналдык каражат. Англисчеден "cushion" – "борпоң жаздык" деп которулат. Алгачкы кушондор 2008-жылы Түштүк Кореянын "Lope" косметикалык компаниясында чыгарыла баштаса, бүгүнкү күндө Америка, Франция сыяктуу өлкөлөрдүн косметикалык компаниялары да чыгарышууда. Ал тургай хайлайтер, эндик жана сурма чийүүчү каражаттарды да кушон түрүндө дүкөндөрдөн табууга болот.

Артыкчылыктары

+ Көлөмү чакан болгондуктан, дайыма жаныңа алып жүрүүгө ылайыктуу.
+ Айрым кушондордун идишинде күзгү жана спонжу бар.
+ Структурасы кремге окшош, бетке оңой жана тегиз сүйкөлөт.
+ Тери жылмакай, сергек көрүнөт.
+ Күнү бою анын жардамы менен макияжды оңой оңдоп-түзөөгө болот.
+ Нымдаштыруучу жана күндөн коргоочу касиетке ээ.
+ Бардык курактагы аялзатына арналган.
+ Териден оңой тазаланат.

Кемчиликтери

- Бат түгөнөт.
- Айрым кушондор бетке сүйкөгөндөн кийин жалтырашы мүмкүн.
- Аралаш жана майлуу терилер үчүн алгач тесттен өткөрүү сунушталат.
Баасы 700 сомдон жогору

МАГНИТ КИРПИКТЕР

Узун кирпиктер сулуулукка көрк кошору баарыбызга маалым. Акыркы кездери сулуу болобуз деп жасалма кирпик коштурдук, желим кирпиктерди чаптадык. Жасалма кирпик таасирдүү көрүнгөнү менен, өз кирпиктериңди жабыркатары белгилүү. Ал эми күн сайын желим чаптама кирпиктерди чаптоо убактыңызды алса, желими териге жакпашы мүмкүн, күнүгө жаңысын чаптоого туура келет. Мунун башка жолу барбы? Албетте, бар. Алар магнит кирпиктер.

Артыкчылыктары

+ Кирпикчелерге кичинекей магнит жабыштырылгандыктан, чаптоо оңой. Алар өз кирпигиңиздин алды жана үстү жагынан бири-бирине магнит менен чапталгандыктан, түшпөйт.
+ Каалаган убакта алып салып, кайра чаптай аласыз.
+ Жумасына 3 жолу чаптасаңыз анда 1-2 ай колдоно аласыз.

Кемчиликтери

- Формасы кыска болгондуктан, сурманын аягына чейин эмес, четине гана чапталат.
- Магнит каражаттын так ортосуна жабыштырылгандыктан, сурмага чаптаганда оркоюп чыгып калышы мүмкүн. Мындан улам эки четин кесүүгө туура келет.
- Чаптоонун алдында өз кирпигиңизди боёо керек.
- Бир нече жолу колдонулгандыктан, аны дайыма таза кармоо кажет.

Баасы 300-5000 сомго чейин

ТИНТ

"Тинт" деген сөздү буга чейин дасыккан визажисттин да кулагы чалбаса керек эле. Жакынкы күндөрү бул сөз жаштар арасында өзгөчө популярдуу болууда. Тинт деген эмне? Тинт – бул өнүккөн Түштүк Кореядан чыгарылган, даамы жана жыты жок суюк ооз боёк.

Артыкчылыктары

+ Эң негизги артыкчылыгы – бул каражатты сүйкөгөндөн кийин тамак жейсизби, өбүшөсүзбү эринде 8 саатка чейин өчпөй сакталат. Башка нерселерге жукпайт.
+ Суюк болгондуктан эринге тегиз сүйкөлөт.
+ Бул каражатты сүйкөгөндөн кийин эрин болтоюп көлөмдүү көрүнөт.
+ Помадалардан айырмаланып, эринге табигый өң тартуулайт.
+ Кызыл, кочкул кызыл жана саргыч-кызыл түстө. Бул түстөрдү айкалыштырып өзүңүзгө жаккан түстү чыгара аласыз.
+ Бул каражатты румяна, тень катары да колдонууга болот.

Кемчиликтери

- Эринди кургатып жиберет. Андыктан колдонор алдында эринге алгач гигиеналык, нымдаштыруучу помада сүртүү керек. Бул кемчилигин эске алган өндүрүүчүлөр азыктандыруучу нымдаштыруучу жана жумшартуучу тинттерди да чыгарышууда.
- Кургап, кесилген эринге койсо бырыштарды даана көрсөтүп коёт.
- Тегиз, туура койгонду билбесеңиз, эринди жагымсыз көрсөтүп коюшу мүмкүн.
- Суу менен да өчүрө албайсыз, атайын макияжды өчүрүүчү лосьон же майлар талап кылынат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aikokul14
2017-08-29 09:31:09
Магнит кирпикти элестетип эле кирпиктерим оорлошуп,көзүм ачылбай калчудай болдум.)))
+12
raykray
2017-08-29 20:21:31
Тинт жакты, баасы жокко
+5
№ 773, 25-31-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан