Окумуштуулар ар тармакта ачылыштарды жасап келишет. Сексуалдык жашоону жакшыртуу үчүн кандай ачылыштар жасалды, чогуу таанышалы.
ТӨШӨК ОЮНУНАН КИЙИН АЯЛЫҢДЫ КУЧАКТАЖакында Канаданын сексуалдык маалымат жана агартуу кеңешинин жүргүзгөн сурамжылоосу көпчүлүктү таң калтырды. Бул сурамжылоого 1000 мырза катышып, алардын 53 пайызы төшөк оюнунан кийин түгөйүн эркелетип, таттуу мүнөттөрдү тартууламак түгүл, кучактаганга жарабагандарын моюнга алышкан. Ал эми айымдар арасында сурамжылоо жүргүзгөндө алардын дээрлик бардыгы лаззаттан кийин түгөйүнүн эркелетүүсүн каалашарын билдиришкен. Мындан улам сексологдор төшөк оюнунан кийин мырзанын кучактоосу аялды 30 пайыз бактылуу кыла алат деген жыйынтык чыгарышкан. Андыктан "эшегим ылайдан өттү" деп оодарылып ары карап жатып албастан, түгөйүңүздү кучактап, эркелетип, ыраазычылык билдирүүнү унутпаңыз. Бул нерсе сиздин 2 мүнөт гана убактыңызды алат.
ЖАРЫК БӨЛМӨДӨ ТЕСТОСТЕРОН КӨП ИШТЕЛИП ЧЫГАТУктоочу бөлмөдөгү күңүрт жарык романтикалык маанай тартуулаары баарыбызга эле маалым. Бирок бул нерсени Италиядагы Сиена университетинин окумуштуулары четке кагып, жарык бөлмөдө болгон төшөк оюну учурунда тестостерон гормону көп иштелип чыгарын айтышты. Алар атайын эксперимент жүргүзүшүп, ага сексуалдык каалоосу төмөн 38 мырза катышып, алардын жарымы 1 жума бою 30 мүнөттөн жарык бөлмөдө түгөйлөрү менен кумарга батышкан. Жыйынтыгында караңгы бөлмөдөгүлөргө салыштырмалуу алардын сексуалдык каалоосу 3 эсеге жогорулаган.
Белгилей кетсек, тестостерон гормонунун жетишсиздиги мырзаларды алсыратып, бел кубатын төмөндөтөт.
КЫЗЫЛ КӨЙНӨК КЫЗГАНЫЧТЫ ОЙГОТОТСловакия менен Түштүк Каролинанын эки университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, кызыл көйнөк кызганыч чакырарын баса белгилешет. Алар атайын сценарий түзүп, кыздарга кызыл жана башка түстөгү көйнөк кийгизип чогуу бастырышкан. Жыйынтыгында мырзалардын көпчүлүгү кызыл көйнөкчөн айымдарга көз артканы белгилүү болгон. Кийинчерээк окумуштуулар бул изилдөөсүн 223 түгөйгө да жүргүзүп, кызыл көйнөкчөн айымдардын түгөйлөрү тынчсызданганын байкашкан. Мындан улам кызыл кийим үй-бүлөлүү айымдарга эмес, бойдок кыздарга куп жарашабы деген ой жаралат.
ТӨШӨК ОЮНУ 13 МҮНӨТТӨН КЕМ БОЛБОШУ КЕРЕККентукки (АКШ) университетинин сексологу Кристен Марк "Бир төшөк оюну канча убакытка созулушу керек?" деген суроонун үстүндө ири масштабда изилдөө жүргүзгөн. Анын сурамжылоосуна 15 миң адам катышып, түгөйлөрдүн көпчүлүгү "эң кыска өткүндөй болуп 3-7 мүнөткө гана созулат, буга өөп-жытташуу убактысы да кирет" деп нааразычылыктарын билдиришкен. Ошондой эле сурамжылоо учурунда айымдардын басымдуу бөлүгү 20 мүнөттөн ашкан төшөк оюнун жактырышпастыгын баса белгилешкен. Мындан улам сексолог "төшөк оюну 13 мүнөттөн кем, 20 мүнөттөн ашык болбошу керек" деген жыйынтыкка келген.
ТАҢКЫ СЕКС МААНАЙДЫ КӨТӨРӨТАКШдагы Ратгер институтунун окумуштуулар тобу "Карьера жана интимдик жашоо" деген темада 18-50 жаштар аралыгындагы 500 түгөйгө анкета толтуртушкан. Жооптордон улам окумуштууларга эрте таңда кумарга баткан түгөйлөр ийгиликтүү карьера жасап, мындан сырткары көп киреше табышары белгилүү болду. Көрсө, таңкы секс мырзага да, айымга да 1 күндүк сергектик тартуулап, маанайды көтөрөт экен. Анан кантип маанайы "5" болуп турган адам ийгилик жаратпасын? Ийгилик жаратам десеңиз, таңкы сексти тайм-менеджментиңизге киргизүүнү унутпаңыз. Бул жерде бир гана эске алчу жагдай, лаззатка чейин тишти жууганды унутпаңыз же жаныңызга сагыз, же оозду сергитүүчү спрей ала жүрүңүз. Анткени ооздон чыккан жагымсыз жыт чоң лаззатты жалп өчүрүшү мүмкүн.
ПОРНО ТАСМАЛАРДЫ ЖАЛГЫЗ КӨРҮҮ АЖЫРАШУУГА ӨБӨЛГӨИзилдөөлөрдөн кийин Американын социалдык ассоциациясы "порно тасмаларды жалгыз көрүү ажырашууга өбөлгө. Бул нерсе бойдокторго караганда үй-бүлөлүүлөргө өзгөчө коркунуч туудурат. Ал эми түгөйлөрдүн чогуу көрүшү, тескерисинче, мамилени бекемдейт" деген жыйынтык чыгарган.
Ал эми германиялык окумуштуулар Симон Кюн менен Юрген Галлинант 21-45 жаштагы мырзалардын мээсине сексуалдык образдар кандай таасир берерине изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгында дамамат жалгыз порно көрүү нерв системине доо кетирерин жана рефлекстердин өзгөрүшүнөн улам Туретта синдромуна, Паркинсон оорусуна кабылуу мүмкүн экендигин айтышкан.
9 САНЫ ТҮГӨЙЛӨР ҮЧҮН КООПТУУ!Нью-Йорк жана Калифорния университетинин окумуштуулары Адам Алтер жана Хэл Хершфилд таанышуу сайттарындагы үй-бүлөлүү эркектер тарабынан толтурулган анкеталарга анализ жүргүзүшүп, алардын 18 пайызы 9 саны менен аяктаган жашта экенин баамдашкан. Буга таң калган алар мындай анализдөөнү дагы 6 жолу жасашып, жыйынтыгында 9 менен аяктаган, 29, 39 же 49 жашта эркектердин сексуалдык каалоосу жогорулаарын жана жаңы өнөктөш издөөгө ынтызар экенин баса белгилешти. Алар адам ар бир он жылдыкта өзүнө "эмнеге жетиштим, каалоомду орундата алдымбы, өзүмдү таптымбы?" деген сыяктуу суроолорду бергенден улам бул кадамдарга барышат деп эсептешет.
Ал эми Коннектикут университетинин профессору Кристин Мунш булардын оюна кошуларын жана эркектер улам жашы жогорулаган сайын ала жипти көп аттаарын белгилеген. Анын айтымында, 49 жаштагы мырза жаш кызга да, өзүнөн 2 жаш кичүү айымга да сексуалдык объект боло алат. Андыктан айымдар бул куракта мырзаларына каамытты бекем салууга туура келет.
Астра Айдарова
erotika@super.kg