БАКЫТ ТОРОБАЕВДИН IPHONE 7 ТЕЛЕФОНУН ЖЕҢҮҮЧҮ ЖАКЫН АРАДА АЛАТ

Белгилүү саясатчылар Бакыт Торобаев, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Ахматбек Келдибеков элди ынтымакка чакырып, биригүү боюнча чечимге келишкенин жарыялашкандыгын коомчулук жылуу кабыл алды. Алар бул биримдиктин алкагында жаңы партияга мыкты аталыш ыйгаруу боюнча сынак жарыялап, жеңүүчүгө заманбап Iphone 7 үлгүсүндөгү телефонун ыйгармай болушкан. "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Торобаев өзүнүн социалдык баракчасында берген маалыматына караганда, сынактын эрежелерин туура аткарган 347 сунуш электрондук дарекке келип түшкөн. Анын ичинен 27 долбоор атайын жумушчу топ аркылуу тандалып алынды. Тандалган бул эмгектер эми бирикменин лидерлерине көрсөтүлүп, 1-сентябрга чейин жеңүүчүгө убада кылынган белек ыйгарылмай болду.

Аман Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 773, 25-31-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан