Кыргызстандагы абройлуу партиялардын көч башында турган КСДПдан көрсөтүлүп, президенттик кызматка талапкер катары БШКдан расмий каттоодон өткөн Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматын тапшырып, отставкага кетти. Өзү айткандай, мыйзам боюнча шайлоо үгүтү башталганга чейин кызматында отура берсе деле болмок, бирок саясий атаандаштары менен тең шартта шайлоого барарын билдирди. Анын мындай кадамын көпчүлүк өзүнө ишенгендик катары баалоодо. Белгилей кетүүчү нерсе, Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысы катары бир жыл төрт ай иштеди. Бул убакыттын ичинде ал жетектеген министрлер кабинети кандай иштерди жасады, дегеле элдин эсинде кала турган, өлкөбүздү өнүгүү багытына бурган эмне иштерди бүтүрдү деген суроолор жаралат. Төмөндө ушуга жооп издеп көрөлү.
ЧУКУЛ ЧАРАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
2016-жылдын апрель айында өкмөт башчылыкка бекиген Сооронбай Жээнбеков баш-оту менен ишке кирди. Ага чейинки премьер-министрлердей болуп ойлогон оюн деле реалдуулук катары коомчулукка таңуулап, жөн таңуулабай, эки күндүн биринде ММКлар аркылуу жар салып турган жок. Эми салыштырып көрөлү. Ал премьерликке келгенде өлкө экономикасы өп-чап абалында эле. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков КТРКга берген эксклюзивдүү маегинде билдирген. «Жасаган ишибиздин оң натыйжаларынын көрсөткүчү катары 2016-жылдын жыйынтыгын карап көрсөк, ИДП 3,8 пайызга өстү. Салыштыра келсек, мен премьер-министрлик кызматка келген өткөн жылдын апрель айында ИДП 4,9 пайызга, өнөр жайы 26,6 пайызга түшүп кеткен болчу. Биз абалды оңдой алдык. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча, ИДПнын өсүшү 3,8 пайызга, ал эми 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6,4 пайызга көтөрүлдү»,- деп белгилеген.
Бул 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ИДП көрсөткүчү 106,4 пайызга жогорулаганын, анын ичинен экспорт 30 пайызга өскөнүн айгинелейт. Салыштырып көрсөк, ушул эле экспорт 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында 17 пайызга түшүп кеткен.Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү мындай көрсөткүчтөргө бир катар чукул чараларды көрүү аркылуу жетти. Кыргыз-Орус фондун пайдаланып экспортко багыт алган өндүрүшчүлөрдү колдоо, аларга жолтоо болгон тоскоолдуктарды алып салуу, салык жагынан жеңилдиктерди кароо, дыйкандарга узак мөөнөттүү, пайызы төмөн насыяларды берүү аркылуу жетишилди.
ЕврАзЭСтин ЭШИГИН АЧУУ
Кыргызстан ЕврАзЭСке 2015-жылдын 12-августунда расмий кирген. Киргенде да башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла артыкчылыктар менен кирген. Бирок ал учурдагы өкмөт ЕврАзЭСтин кеңири мүмкүнчүлүгүн ийкемдүү пайдаланып кете албады. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр катары өз ишин Кыргызстанды калкынын саны 180 миллион болгон ЕврАзЭС мейкиндигине алып чыгуудан баштады. Сооронбай Жээнбеков коомдук телеканалга курган маегинде Евразиялык экономикалык биримдигине кирер алдында мыйзамдык база дурус эле түзүлгөнүн, бирок инфраструктурага байланышкан маселелер чечилбей калганын белгилеген. «Биз эки жыл бою убада кылынган сырттан келүүчү инвестицияны күтүп калдык. Анын айынан биздин фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар ЕврАзЭСтин талаптарына ылайык келтирилбей калган. Менин премьер-министр катары биринчи кадамым ушул маселелерди чечүүдөн башталды. Бюджеттен каражат бөлүндү. Быйыл ветеринардык лабораториялык маселелер толук чечилет. Жаңы лабораториялар курулуп жатат, азыркы иштеп жаткандары ЕврАзЭСтин талаптарына ылайык жабдылып жатат»,- деген ал.
Натыйжада 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча, ЕврАзЭСтин рыногуна Кыргызстандын экспорту 4,3 пайызга, анын ичинен коңшу Казакстанга экспорттоо 17 пайызга өскөн.
Баарынан мурда Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү 1 миллиард доллар уставдык капиталы бар Кыргыз-Орус фондун максималдуу пайдаланууга умтулду. Мындай аракеттин натыйжасында ушул жылдын 28-июлуна карата наркы
246 миллион долларлык 753 долбоор жактырылып, алар ишке киришти. Ар түрдүү багыттагы бул долбоорлор Кыргызстандын экономикалык дараметин арттыра турган, канчалаган адамдарды жумуш орду менен камсыз кылган, эң башкысы, элибиздин экспорттук мүмкүнчүлүгүнө жан киргизген долбоорлор экенинде талаш жок.Белгилей кетсек, Кыргызстандын эгемендик тарыхында мынчалык сандагы долбоорлор бир жарым жылдын ар жак- бер жагында каражат менен камсыздалып, ишке кирген эмес эле.
КАН ЖҮРГҮЗГӨН КАЙРА ИШТЕТҮҮ ИШКАНАЛАРЫ
Бир жарым жыл убакыттын аралыгында Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү кайра иштетүү тармагын көтөрүүгө да көп күч жумшады. Учурда өкмөттүн колдоосунун астында айрыкча кайра иштетилген сүт азыктары мурда кол жеткистей сезилчү Орусия, Казакстанга чыгарыла баштады.
Сооронбай Жээнбеков жетектеген министрлер кабинети баарынан мурда аймактарды жер шартына жараша өнүктүрүп, ошого жараша облус борборлоруна, жер-жерлердеги шаарларга кайра иштетүү ишканаларын куруу, ал аркылуу элди жумуш менен камсыздоо, инфраструктурасын, калкты ар тараптан (социалдык-медициналык, маданий) тейлөө маданиятын көтөрүү идеясын көтөрүп чыгып, бул багытта бир катар аракеттерди көргөнү менен эсте калды.
Мисалы, Чүй өрөөнү кант кызылчасынын мекени. Бирок жыл сайын кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалардын жетишсиздигинен дыйкандардын өндүргөн кызылчалары чыгымга учураганы көз алдыбызда эле болуп жатчу.
Сооронбай Жээнбеков жылдын башында эле кант кызылчасын кайра иштетүүчү «Кошой» ачык акционердик коомунун заводун быйыл ишке киргизүү талабын койгон. Бул ишкана быйыл күздө ишке киргени турат. Муну менен Чүй өрөөнү кант кызылчасын өндүрүү боюнча Союз кезинен белгилүү Орто Азиядагы лидерлик ордун кайра ээлей турганынан күмөн жок. Өрөөн өнүгөт, миңдеген жумушчу орундары пайда болуп, инфраструктура, элдин жашоо-турмушу жакшырат.
Ошону менен аймактарды жер шартына жараша өнүктүрүү (Нарын – эт-сүт, Ысык-Көл – туризм, экотуризм, жашылча-жемиш, Талас – төө буурчак, Баткен – өрүк ж.б.) идеясы ишке аша баштады.
МАМЛЕКЕТТИК САНАРИПТИК ТЕЙЛӨӨ КЫЯЛ ЭМЕС
Сооронбай Жээнбеков премьерлик кызмат ордунда дагы бир нерсеге, өлкөбүздү буттан тушаган көрүнүш – бул мамлекеттик тейлөө көрсөтүүдөгү бюрократия, андан тамырлап өсүп чыккан коррупция экенине көзү жетип, аны ачыктап кетти. Ага каршы күрөшүүнүн жолу «Таза коом» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылып жаткан, мамлекеттик санариптик тейлөө көрсөтүү багыты экенин аныктады. «Кээде жергиликтүү деңгээлде же министрлик-ведомстволордун деңгээлинде чечилчү маселелер өкмөт башчысына, президентке чейин жетет. Адамдар бир справка алуу үчүн аягы бүтпөгөн кезекке турууга мажбур. Ошондуктан кыска мөөнөттүн ичинде мамлекеттик тейлөө көрсөтүү процесстериндеги бюрократияны жоюу керек. Мени биздин дыйкан-фермерлердин долбоорун бооруна кысып алып, насыя алуунун кезегинде жүргөнү тынчсыздандырат»,- дейт С.Жээнбеков.
Өзү жетектеген өкмөттүн курамы менен коштошуп жатып Сооронбай Жээнбеков бир катар жагдайларга токтолду. Анын белгилешинче, экономикага мамлекеттик колдоо кескин жакшырды. Анын ичинде айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурулду. «2016-жылы агрардык секторго 4,8 миллиард сом суммадагы кредит берилди. 2017-жылы «ФСХ-5» долбоорунун алкагында жеңилдик кредит берүүнүн көлөмү 7 миллиард сомго чейин жеткирилет. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилген кредиттердин ставкасы 6 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Бардык тармактар үчүн кредиттерди жабуу мөөнөтү 36 айга чейин узартылды»,- деди ал.
Эгемендик мезгилинде эстен чыккан тармак ушул айыл чарбасы болчу. Соңку жылдарда жогоркудай дыйкан-фермерлерди каржылоонун көлөмү өсүп баратат. Ага жараша өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү, жер-жерлерде малдын саны өсүүдө. Эми, С.Жээнбеков айткандай, жер-жерлерде кайра иштетүүчү ишканаларды куруп, өз продукцияларыбыз менен эшигин ачып турган ЕврАзЭСке чыкпасак болбойт. Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү ушул багытка жол салып кетти.
Ибрагим Жусуев