2017-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча, өлкө аймагында 3239 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга көп. Аталган маалыматты ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан таратышты.
Бишкек шаарынын тегерегиндеги ЖАҢЫ КОНУШТАРГА 6 миңден ашуун үй мыйзамсыз курулган. Маалыматты мэриядан маалымдашты.
Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп КАНЫБЕК ЖУМАШАЛИЕВ дайындалды. Буга чейин ал ИИМдин Транспорттук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган.
Кытай Кыргызга 30 МЕДИЦИНАЛЫК ОБЪЕКТ курууну пландоодо. Мындай маалымат 18-20-августта Кытайдын Пекин шаарында өткөн саламаттыкты сактоо боюнча эл аралык симпозиумда белгилүү болду.
ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси болуп ЭРКИН БАЕВ дайындалды. Буга чейин Баев Патрулдук милиция башкы башкармалыгын жетектеп турган.
2017-жылдын 6 айында республикалык клиникалык ООРУКАНАЛАРГА 38 миң 592 оорулуу кайрылып, 12 миң 951и бейтапканаларга жаткырылган. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен таратышты.
Автоунаа жана жер САЛЫГЫН ТӨЛӨЙ ЭЛЕК жарандар үчүн салык кызматкерлери 26-августта (ишемби) да жумушка чыкмай болушту. Жарандар саат 9:00дөн 17:00гө чейин салык органдарына кайрылса болот.
Кыргыз өлкөсүндө бир АК ИЛБИРСТИ өлтүргөнү үчүн 1,5 миллион сом айып пул салынат. Бул тууралуу ак илбирсти сактоого арналган эл аралык форумда билдиришти.
КУРМАН АЙТ майрамы 1-сентябрга туш келди. Ошондой эле 1-сентябрда республиканын бардык мектептеринде Билим күнү да белгиленет. Быйыл окуу жылы 4-сентябрдан башталат. Кыргызстандыктар ЭГЕМЕНДИК күнүнө жана Курман айтка байланыштуу 31-августтан 4-сентябрга чейин 4 күн катарынан эс алышат.
БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТ тапшырган Кыргыз жарандарынын саны 2017-жылдын 24-августуна карата 3 миллион 1 миң 286 адамды түздү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.