"Альфа Телеком" ("Мегаком") мекемесин түздөн-түз сатуу боюнча бардык мыйзамдуу жолдор ачылды. Мындай маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан таратышты. Аталган фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу Болсунбек Казаковдун айтымында, "Альфа Телеком" ("Мегаком") 13,5 миллиард сомдон кем эмес баага сатылат. "Сатып алуучу талапкерлер аталган суммадан төмөн эмес баага сатып алуу сунуштарын берүүсү керек. Талапкерлерден сунуштар 25-сентябрга чейин кабыл алынат",- деди Казаков. Бектур Токтоноев
politika@super.kg