СОТ ОППОЗИЦИЯЛЫК "СЕНТЯБРЬ" ТЕЛЕКАНАЛЫН ЖАПТЫ

22-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту оппозициялык "Сентябрь" телеканалын жабуу тууралуу чечим чыгарды. Буга прокуратуранын сотко берген доо арызы себеп болгон. Прокуратура өз арызында "Сентябрдан" 2016-жылдын 29-сентябрында көрсөтүлгөн Ош
ОИИББинин мурунку башчысы Абдылда Капаровдун интервьюсун негиз кылып көрсөткөн. Башкы прокуратуранын тараткан түшүндүрмөсү боюнча, Капаров интервьюсунда экстремисттик маанайдагы сөздөрдү сүйлөгөн. Соттун чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында "Сентябрь" телеканалынын телекөрсөтүүсүнө, радио уктуруусуна жана интернет аркылуу маалымат таратуусуна тыюу салынды.
Айрым маалымат булактары Башкы прокуратура санариптик "Сентябрь" телеканалын аналогдук "Сентябрдагы" түз эфир үчүн жаап салган туура эмес деп сындашууда. Ал эми башкы көзөмөл орган "Жалал-Абадда иштеп жаткан "Сентябрь" телеканалынын лицензиясын Бишкектеги "Сентябрь" (Юстиция министрлигинен "С-2" деп өткөн) телеканалы пайдаланып келүүдө" деп түшүндүргөн. "Сентябрь" телеканалынын жетекчилиги эми өздөрүн "Жалбырак" деп атап, коомчулукка маалыматты интернеттеги баракчалар аркылуу жеткире беришерин айтып чыкты.
"Сентябрь" телеканалынан Биринчи Май райондук сотунун чечими менен макул эместигин, шаардык сотко кайрылышарын жарыялашты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 773, 25-31-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан