ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫККА САПАР ИСАКОВ КАРАЛЫП ЖАТАТ

КСДПнын атынан президенттик шайлоого талапкер болуп катталган Сооронбай Жээнбеков 21-августта премьер-министрлик кызматтан кетти. Учурда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев премьер-министрдин милдетин аткаруучу катары иштеп жатат. Премьер-министрдин отставкасынан кийин өлкөдө жаңы өкмөттүн курамы түзүлүшү керек. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш 25-августта кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы курамды бекитмекчи. КСДП премьер-министрлик орунга учурдагы Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковду көрсөттү. Маалыматтарга караганда, Исаков өкмөткө өзү менен кошо прогрессивдүү жаш кадрларды алып келмекчи. Серепчилердин айтымында, 24-августта өтчү көпчүлүк коалициянын жыйынында Исаковдун талапкерлиги колдоо табат. Ал эми өкмөттүн жалпы курамы болсо 25-августта парламенттин кезексиз жалпы жыйынында чечилмекчи. КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, фракция биринчи вице-премьер-министрликке Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди жана Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду көрсөтмөкчү.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 773, 25-31-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан