Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий иш сапары менен барат. Мындай маалымат 17-августта Бишкектеги кыргыз-өзбек өкмөт башчыларынын жолугушуусунда маалым болду. Президенттик аппараттын түшүндүрмөсүнө караганда, азырынча иш сапардын убактысы тактала элек. 22-августта Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Комил Рашидов жакынкы арада өзбек президенти Шавкат Мирзийоев да расмий иш сапар менен Бишкекке келерин маалымдады. "Эки тарап иш сапарга даярданууда, убактысы да такталууда",- деди Рашидов.Бектур Токтоноев
politika@super.kg