ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНЫН АКЧА КОТОРУУЛАРЫНЫН ЭКОНОМИКАГА КОШКОН САЛЫМЫ ЗОР

2000-жылдардын башында мигранттардын акча которууларынын дүйнөлүк экономикадагы ээлеген орду өтө жогорулай баштады. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрү үчүн акча которуулары эң негизги булак катары кабыл алынып, кээде соода жана кызмат көргөзүүдөн, кредит же түз инвестициядан валютанын киришинен дагы жогору турат. Дүйнөлүк банктын баа берүүсүнө таянсак, 2016-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө болгон акча которуулардын көлөмү 429 миллиард АКШ долларын түзгөн. Ал эми кыргызстандык эмгек мигранттардын которгон акчалары жана аны которуу ыкмалары тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Төлөм теңдеми жана тышкы карызды тейлөө бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти Абдубачаев Мирбек Рысбекович маалымат берди.

– Саламатсызбы! Айтсаңыз, мигранттардын же жумушчулардын акча которуулары деп эмнени айтабыз?
– Саламатчылык! Жумушчулардын акча которуулары деп чет өлкөдө бир жыл же андан көбүрөөк иштеп жүргөн эмгек мигранттары тарабынан өз мекенине жөнөткөн акча которууларды айтсак болот. Негизинен акча которуулар мигранттар тарабынан өзүнүн үй-бүлөсүнө финансылык колдоо көргөзүү максатында жөнөтүлөт. Акча которуулардын натыйжасынан үй-бүлөнүн киреше булагы көбөйүп, акчаны кабыл алган тарап ал каражатты эң негизги керектөөлөрүн камсыздандыруу максатында жумшайт.

– Акча которуулар кантип ишке ашырылат?
– Негизинен, акча которуулардын 2 ыкмасы бар: формалдуу жана формалдуу эмес.

1. Формалдуу каналдар (акча которуу системалары аркылуу которуулар, мисалы: Золотая Корона, Контакт, Юнистрим, Western Union же жеке адамдардын банк жана почта аркылуу которуулары жана башкалар). Бул каналдар расмий статистика менен эске алынып турат.
2. Формалдуу эмес каналдар (эмгек мигранттары, алардын достору, тааныштары, автобус айдоочулар же поезддин узатуучусу аркылуу алып келинген накталай акча). Акча которуулардын накталай формада алып келүүсүн эсепке алуу мүмкүн болбогондуктан, Улуттук банк которуулардын бул бөлүгүнө кошумча эсептөөлөрдү жүргүзөт.
Кыргыз Республикасына келип түшкөн мигранттардын акча которууларынын негизги каналы болуп акча которуу системалары эсептелинет, алар которуулардын 90 пайыздан көбүн түзөт. Ал эми жеке адамдардын банк же почта аркылуу которууларынын үлүшү чоң эмес.

– Акча которууларды жүргүзүүдөгү төлөмдүн баасы канча турат?
– Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, акчаны которуу үчүн төлөмдүн баасы ар кайсы өлкөдө ар башкача. Мисалы, Орусиядан Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу акча которгондо суммадан орточо 2 пайыз алынат. Ал эми Европадан Африка өлкөлөрүнө которуулардан 5-10 пайыз алынат. Тагыраак айтканда, дарегине жараша айырмаланат.

– Эмгек мигранттары тарабынан канча акча которулганы кантип эсептелет?
– Улуттук банк эмгек мигранттары тарабынан акча которуулары боюнча акча которуу системалары, банк жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу жөнөтүлгөн которууларды эсептейт. Бул маалыматтарды Улуттук банк коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин отчёттору аркылуу алат. Мындан сырткары, Улуттук банк формалдуу эмес которуулар боюнча кошумча эсеп жүргүзүп жумушчулардын акча которуусунун жалпы суммасын чыгарат. Кошумча эсептөө буга чейинки изилдөө жана эсептөөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Ал акча которуулардын таза кирешесинин 10 пайызын түзөт.

– Эмгек мигранттарынын акыркы жылдардагы акча которууларында өзгөрүү барбы?
– 2010-жылдан 2014-жылга чейин мигранттардын акча которууларынын киришинин өсүү темпи стабилдүү болуп, жылына орто эсеп менен 19 пайызды түзгөн. Бирок 2015-жылы акча которуулардын таза көлөмү 2014-жыл менен салыштырганда 25,8 пайызга төмөндөп, мигранттардын акча которууларынын киришинин төмөндөө тенденциясы байкалган. Бул биринчи кезекте орус рублинин АКШ долларына карата девальвациясына байланыштуу. Бул көрүнүш орус рублинде болгон акча которуулардын кириш көлөмүнүн өсүү темпинин сакталуусу менен далилденет.
2016-жылы болсо Кыргыз Республикасына келип түшкөн акча которуулардын көлөмүнүн өсүшү байкалган. Ошентип, акча которуулардын таза көлөмү 2015-жыл менен салыштырганда 21,6 пайызга өсүп, өткөн жылы акча которуунун жалпы суммасы 1 миллиард 634 миллион 300 миң АКШ долларын түзгөн.



– 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча негизги тенденциялар туурасында токтоло кетсеңиз. Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн көп акча которулат жана кайсы өлкөгө Кыргызстандан жөнөтүлөт?
– 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу которуулары 1 миллиард 94 миллион АКШ долларын түздү, бул 2016-жылдын салыштырылып жаткан мезгилдин көрсөткүчүнөн 28,9 пайызга жогору. Кыргыз Республикасынан 191 миллион 800 миң АКШ долларындагы суммада акча которуулары жөнөтүлгөн. Салыштыра кетсек, 2016-жылы өлкөдөн 162 миллион 800 миң АКШ доллары көлөмүндөгү которуулар жөнөтүлгөн. Ошондуктан 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында акча которуулардын таза агымынын көлөмү 898 миллион 600 миң АКШ долларын түзүп, 2016-жылга салыштырганда 31,5 пайызга көбөйгөн.
Акча которуулардын жалпы агымында Орусия Федерациясынын үлүшү 98 пайызга жакын. Акча которуулардын географиялык кесилишинде башка өлкөлөрдүн үлүшү мурдагыдай эле аз.



1. Улуттук банктын кошумча эсептөөсүз; Anelik, Blizko, Kontact, Migom, MoneyGram, Western Union, Unistreem, Золотая корона, Лидер, Быстрая почта, Аллюр жана акча которуу системасынын башка түрлөрү, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу которуулар;
2. Акча которуулардын АКШ долларындагы эквиваленти КРУБынын операция өткөрүлгөн күндөгү расмий курсу боюнча эсептелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн мигранттардын акча которууларынын мааниси зор экендигин эске алуу менен Улуттук банк которуулардын статистикалык эсепке алуусун жакшыртуу, изилдөө жана анализдөө багытында үзгүлтүксүз иш жүргүзүп тураарын белгилей кетмекчибиз. Акча которуулар боюнча маалыматты сиздер "Кыргыз Республикасынын төлөм теңдеми" аттуу Улуттук банктын чейрек аралык маалыматтарынан жана Улуттук банктын http://www.nbkr.kg сайтындагы "Статистика" деген бөлүмдөн таба аласыздар.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sharipa-asia
2017-08-30 02:48:33
Байкуш мигранттар ден соолугун ойлошпой,бала-чакаларын таштап,алыста жүрөбүз,ошон үчүн мигранттардын ал ахыбалын сураганды унутушпаса экен бийлик, чындыгында шайлоо болордо гана ойлоп баштайт го биздикилер
+4
Aima94
2017-08-30 08:46:32
Sharipa-asia,туура кошулам сизге.
+1
№ 773, 25-31-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан