Жакында интернет айдыңында өзүн журналист, акын, актёр катары сынап жүргөн Кудрет Тайчабаровду "алдамчы" деп жазган билдирүү тарады. Бул билдирүүнү белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун уулу, кинооператор, клипмейкер Санжар Абдыжапаров жазган. Мырзалардын ортосундагы пикир келишпестик укук коргоо органдарына чейин жеткен. Окуянын чоо-жайын билели деп өздөрүнө кайрылдык.
Санжар Абдыжапаров:
"7-июлда мага Кудрет чалып Canon mark III үлгүсүндөгү фотокамераны 2 күнгө ижарага сураган. Ал камера менен "Эл эмне дейт?", "Жарайт ситини" тартчубуз. Ишемби, жекшемби күндөрү съёмка жок болгондуктан бергем. "Дүйшөмбү күнү кечинде берем" деп сөз берген. Ал күнү кечиккенинен телефон чалсам, "мына, 1 саатта барып калам" деп, ошол бойдон телефонун өчүрүп койду. Ошентип 2 айдан бери качып жүрөт. Үйүнө 5-6 жолу бардык, келинчеги чыгып "анын кайда экенин билбейм" дейт. Издеп таппай, акыры социалдык тармактагы баракчама жазсам, "2 күндө берем, жазганыңды өчүрчү" деди. Суранычын аткарып койсом кайра жоголуп кетти, жазсам жооп бербейт, чалсам телефону өчүрүлгөн. Айлам кетип милицияга кайрылып, арыз жаздым. Ошондо пайда болуп "арызыңды алсаң камераңды берем" деди. Кудретке "камера менен ижара акысын бер. Анан ошол жерден доом жок деп жазып берем" деп убада кылдым. Мындай билдирүүмдөн кийин деле таптырбай качып жүрөт".
Ал эми Кудрет Тайчабаров менен байланышууга мүмкүн болбоду.