Ырчылар азыркы заманда тойдон жакшы каражат табары баарыбызга маалым. "Заманың бөрү болсо бөрү бол" деп тойдун форматындагы, жеңил-желпи ырларды жараткан ырчыларды "маданиятты көтөрбөй эле, ырчылар той бизнеске өтүп кетти" деп сындагандар четтен чыгат. Ушул суроонун тегерегинде ырчылар да өз ара кайым айтышып жатышыптыр. Бир нече күн мурун Айгерим Расул кызы социалдык баракчасына "Көптөн бери унчукпай келдим эле, бирок сабырым түгөндү. Кээ бир ырчылар "тойдун ырчысы эмесмин, тойдо ырдап баркымды кетиргим келбейт" деп күйгүзүшөт. Биринчи бирөө тойго чакырат бекен деген суроо жаралат. Мисалы, "500 доллар берем, ырдап бер" десе, көрөт элем ырдабаганын. Эл тойго чакыра турган кадыр-баркка ээ болуш керек!" деп жазып чыкты.
Мындай билдирүүнүн жазылышына ырчылардын ортосундагы "шоу-бизнес той-бизнеске айланып кетти" деген талкуу себеп болуптур. Талкуу жараткан билдирүү тууралуу Нияз Абдыразаков буларга токтолду: "Ырчылардын WhatsАpp’та группасы бар. Ошол жакка "шоу-бизнес эмес, той бизнес болуп кетти" деген жазуусу бар сүрөттү жүктөп койсом, айрым ырчылар жүрөгүнө жакын кабыл алышып, "тойго чыксак кадыр-баркыбыз эмнеге түшмөк эле? Мамлекет бизди бакпайт же концерттен жарытарлык киреше түшпөйт" деп мага атырыла башташты. Анан мен "ырлардын баары "тойский" болуп кетти, маданият ошон үчүн көтөрүлбөй жатат. Дүйнөлүк деңгээлге жеткен сапаттуу ырларды жараталы" дегем. Аларга мен "тойлорго чыкпайм, силер да чыкпагыла" деген жокмун. Бир эле мезгилде мыкты ырларды жаратып, тойлордо деле ырдаса болот".