23-август күнү SUPER.KG порталында салтка айланган түз эфир орун алды. Бул жолу күйөрмандарынын суроосуна "Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторов жооп берди. Алгач алпаруучулар ырчыны кыска суроо-жооп менен кепке тартышты. Эфирдин жүрүшүндө ырчы элдин суранычы менен бир нече жолу обон созду.
– Башка ырчылар жубайларын жок дегенде айрым кечелерге ээрчитип келишет. Сиз эмнеге жаныңызга алып жүрбөйсүз, келинчегиңиз ал үчүн таарынбайбы?
– Туугандардын тойлоруна, базарга барганда алып эле жүрөм, акча ошондо болот да. Жубайым чыгармачыл кечелерге алып барбаганыма таарынбайт. Анын үйдө жумушу көп.
– Өзбек туугандардын "Буй-буй" ырын ырдап чыгышына каршылык көрсөтпөдүңүзбү?
– Кыргыздар деле казак, түрк, орус, өзбек туугандардын ырларын которуп ырдап жүрүшпөйбү. Биздин ырларыбызды деле ырдай беришсин, каршылыгым жок. Негизи эле "Биз" тобунун ырларын ким кааласа ырдай берсин, кааласа "менин ырым" деп ырдашсын. Биздин ырлар эл оозунда ырдалып турса, бул биз үчүн сыймык. Бирок "ырдай берелиби?" деп сурап койсо дагы жакшы экен.
– Канча жылдан бери жаңы ыр жарата элексиздер. Эски ырлар менен эле бир нече жолу концерт бердиңиздер. Жалкоолукпу же ансыз деле акча түшөт деген ойдосуздарбы?
– Туура айтат, жаңы ырлар ийгиликтүү болбой жатат. Анын үстүнө интервью берген сайын жазында "күздө жаңы ыр чыгат", күзүндө "жазда чыгарам" дей бериптирмин. "Кудай буюрса" деп койбоптурмун. Ошондуктан, буюрса, жаңы чыгармаларыбыз жарык көрөт. Бирок элдин талабы эски ырлар болуп жатпайбы, ал жагын дагы унутпашыбыз керек. Той-топурда жаңы чыгарма десек, "ээ, койгулачы" деп баягы эле "Буй-буйду", "Лейлекти" суранышат.
– Учурда "Биз" тобунун курамындагы жигиттер кайда, эмне менен алек?
– Алардын бардыгы Бишкекте, биринин жеке иши бар, биринин унаасы бар "таксовать" этет дегендей. Концерт коёрдо чогула калабыз, өзүм тойдон бошобойм.
– Бир жолу "үйдөгү койлорумду чупакабра жеп жатат" деп айттыңыз эле. Ал окуянын аягы эмне менен аяктады? Учурда канча коюңуз бар?
– Мындай окуялар бизге чейин деле болгон. Азыр деле болуп жатат, бирок көпчүлүк айткысы келбейт. Алгач мени "айтпай эле коюңуз, жакында эле эшектин эти менен атактуу болдук эле, эми бул башталбасын" дешкен. Анан мен SUPER.KG порталынан журналисттерди чакыргам, алар тартып кетишкен. Ошол окуя менен дагы аябай популярдуу болуп кеттим. Кээде адамдар "бир суроо берейин дедим эле" дешсе, чыгармачылыгым тууралуу экен десем "баягы чупакабра менен болгон окуя эмне болду?" деп сурашчу. 7 козумдун канын ичип кеткен, кийин козу союп Кудайдан келген апаат деп куран окутуп койдук. Ошол бойдон ал жандык кайтып келген жок, үйдө кой деле жок.
– Виктор Цойду туурагандай сезиле бересиз. Сизди "кыргыздын Цою" десек болобу?
– Цойдун ырларын угам, сыйлайм, бирок аны туурабайм. Балким, берилип ырдаганымда кээ бир кыймылдарым окшоп кететтир. "Кыргыздын Цою" деп атай бергиле.
"Биз" тобунун негизги максаты – кыргыз эли чет элдиктердин эмес, өзүбүздүн ырларга бийлешсин дечү элек. Жаңы гана ырларды кассетага жаздырып "Ош базарында" сата баштаганыбызда эл үчүн чоң жаңылык болгон. "Могу ыр кыргызчабы? Үйгө алып барып угуп көрөйүнчү" дешчү. Анан мекендештерибиз кыргызча ырларга дагы бийлей башташты, биз максатыбызга жеттик.
– Мурунку жубайыңыз Оксана Матисакова экөөңүздөрдүн кызыңар Альбина менен байланышым үзүлүп калган дедиңиз эле. Кайра жолугушуп көрдүңүзбү?
– Кечээ ушул тууралуу сөз болду эле. Жолугушуп сүйлөшө элекмин. Буюрса, жолугабыз.
– Жубайыңыз уул төрөй албай жүргөндө "башкага үйлөнсөң уул төрөп береттир" деген сунушун киргизген экен. Тилекке жараша ал уул төрөптүр. Эгерде уулдун ордуна кыз төрөсө, башкага үйлөнмөксүзбү?
– Жубайым мага кыздарды төрөп бергенде эле ыраазы болгом. Бирок келинчегим өзү эле мага уул төрөп бергиси келе берчү. Башкага үйлөнмөк эмесмин. Кээ бирлердин кызы деле жок, кээ биринин аялы жок болуп жатпайбы. Ата болгондогу сезимдердин өзү "не передаваемые ощущения", ошентип уулдуу болуп 5 жылдан бери "мандраж" болуп жүрөм.
– Сизди "тойлордо ичип алып ырдайт" дешет. Ичпесеңиз ырдай албай каласызбы же тойдун маанайына аралашып кетейин дейсизби?
– Мен эч качан ичип ырдабайм. Болгону ырга берилип кетем. Ошондой учурда көпчүлүк "Бактияр ичип алган, азыраак эле ичпептир да" деп ойлошот. Мисалы, "Буй-буйду" түз эле туруп ырдап койсом, мени экинчи тойго чакырбай коюшу мүмкүн. Менимче, Жаратканым ырыскыны "Буй-буйга" койгон окшойт. Анткени убагында балдар чоңоюп кыйнала баштаганбыз. "Орусияга барсамбы, эмне кылсам?" деп турганда ошол ырды жаздырганбыз. Буга чейин аны ырдабаган адам деле калган жок. Бирок кайсы тойго барбайын ошол ырды суранышат. Мен "калганы арзан эле, ошол ыр кымбатыраак турат" деп тамашалап калам. Шүгүр, ырымдын артынан үй салдым, унаа алдым дегендей.
– Бактияр байке, жаш эмессиз, бирок той-топурга барганда сизди чоң апалар, эжелер, жаш кыздар курчап алат. Мен да ошончо айымдардын курчоосунда болгум келет. Эмне кылсам болот?
– Ниет кылыш керек. Жаштын тилегин берет.
– Жаңы эле уулдуу болдум, ысымын ким коёюн?
– Балаңыз өмүрлүү болсун. Кыргызча эле Болот, Бактияр деп коюңуз. Кийин "Бактияр байке түз эфирден уулума ысым ыйгарган" деп айтып жүрөсүз.
– Кой сойгонду билесизби? Билсеңиз анда канча устукан болот?
– Кыргыз жигити кой союп жиликтегенди сөзсүз билиши зарыл. Бирок мен билбейм, бул менин кемчилигим. Баарын эле биле берсем, айтышат да "бул кандай жигит?" деп. Демек, муну билбей койгонум менин артыкчылыгым болуп жатат.
– Азыр бирөөнү сүйүп калсаңыз үйлөнөт белеңиз?
– Сүйө албасам керек, себеби жүрөктө орун жок. "Жакшынакай кыз экен, жакшы жигитке жолуксун" деп тилеп же "эх, мен бойдок кезде кайда элең?" деп коюшум мүмкүн. Бирок катуу сүйүп кала албайм.
– Ырчы болбосоңуз кайсы кесипти аркаламаксыз?
– Аскер кызматкери, инженер болмокмун же таза болбой калса президент болмокмун (күлүп).
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg