Ак, кара, боз үч мышык дос болчу.
Алар бир күнү тентек чычканды көрүп калышты.
Аркасынан кууп жөнөштү.
Тентек чычкан чуркап барып ун салган идиштин ичине кирип кетти.
Үч мышык идишке секиргенде чычкан идиштен сыртка секирип чыкты.
Тентек чычканды кармай албаган үч мышык ун салган идиштен апакай мышыктарга айланып чыгышты.
(Владимир Сутеевдин жомогунан которулду)
Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg