Ырчы Айыманын апасы Айнура Сагынбаева: «МЕНИ АЙЫМАНЫН ЭЖЕСИ ДЕП ОЙЛОШОТ»

Секелек кезинен чыгармачылыкка аралашып, атактуулуктун жүгүн эрте көтөргөн жаш ырчы Айыма шоу-бизнести жаңы деңгээлге көтөрүүнү эңсеп жүрөт. Айыманын апасы, менеджери Айнура Сагынбаева бүгүн бизге кызы тууралуу кызыктарды айтып берет.

«МЕНИН ИШКЕ АШПАЙ КАЛГАН КЫЯЛЫМДЫ КЫЗЫМ УЛАНТТЫ»

- Өзүм музыкалык окуу жайды бүткөм. Мен да кызыма окшоп кичинемде ырчы болууну кыялданчумун. Бирок ал кезде шоу-бизнес деген түшүнүк жок эле. Эл ырчы десе эле жеңил-желпи жүргөн бирөөнү элестетчү. Балким, ата-энем бул кесипке олуттуу карабагандыктан кыялым ишке ашпай калгандыр. Ал эми Айыманын чыгармачылыгынын түптөлүшүнө, калыптанышына жолдошум экөөбүздүн салымыбыз чоң. Анын талантын эрте байкаганбыз.
Айыма 1,5 жашында бир тойдо аябай бийлеген. Элдин баары карап, бир байке келип «жакшы бийлейт экенсиң» деп 50 сом колуна карматкан. Ошол кызымдын биринчи гонорары. Андан соң бала бакчада, мектепте да аябай активдүү болду. 8 жашынан түрдүү сынактарга катышып баштады. Бош убактысы аз болчу, кызыбыз дайыма бир нерсе менен алек эле. Окуусуна, ийримдерге барат, ашкан убактысын биз жөн койбой «жүрү үн жаздырабыз» деп студияга алып барчубуз. 12-13 жашында ырдагандан тажап калганбы, «ырдабайм, ырчы болгум келбейт» деп калды. Ошол маалда Айыма өзү теңдүү курдаштары сыяктуу ойногусу келди. Биз жөн койдук. Кайра жарым жылдан кийин каалоосу ойгонуп, ырдайм деп баштады.

«ИШЕН, БИРОК ТЕКШЕР» ДЕГЕН ЫКМАНЫ КОЛДОНОБУЗ»

- Балдарды ата-эне эч нерсеге мажбурлабаш керек. Ата-эненин да ою болот, бирок баланын каалоосу, ою эсепке алынышы шарт. Айыманы да эч нерседен чектеген жокмун. Мурун ырлары, клиптери үчүн өзүбүз чуркасак, азыр анын баарын кызым өзү кылат, жоопкерчилик өз моюнунда. «Ишен, бирок текшер» деген кеп бар эмеспи, канчалык кызыма ишенсем да, дайыма көзөмөлдөп, чалып «каяктасың, эмне кылып жүрөсүң?» деп текшерип турам. Той, концерттен түнкү бир-экиде келеби, дайыма күтүп отурабыз. Бекем, анан талапты катуу койгон апамын десем жаңылышпайм. Көп нерсеге тыюу салбайм, бирок «акылың менен бол» деп эскертип турам. Азыр Айыманын менеджери өзүммүн. Анткени башка адамды кылсаң кызыкчылыктары төп келбейт же жумушту оюңдагыдай жасабай коёт экен. Биз чогуу жүргөндө эч ким мени Айыманын апасы деп ойлобойт, эжеси, таежеси, тууганы, таанышы болушум мүмкүн, бирок апасы эмес (күлүп). Айыманы 20 жашымда төрөгөм, азыр 39дамын. Кызым экөөбүз окшош эмеспиз. Айыманын кебетеси атасына окшош.

«ТАПКАНЫН САЯКАТТООГО ЖУМШАЙМ ДЕЙТ»

- Балдардын өсүүсүнө жумшалган каражат эң ишенимдүү инвестиция. Биз кезинде эч нерсеге карабай Айыманын чыгармачылыгына эмгек жумшап койгон экенбиз, азыр үзүрүн көрүп жатабыз. Үйдө каржы көйгөйү жаралса, «апа, келиңиз жардам берем» деп тапканын аябайт. Инилерин дүкөнгө алпарып өзүнүн табитинде кийинтип, бизди эс алууга көп алып чыгат. Акча маселесинде сараң эмес. Жакында эле акча топтоп бир курбусун алып Европага саякатка барып келди. Бизге «тапканымдын көбүн саякаттоого жумшайм» дейт. Келечекте чет өлкөдөгү музыкалык окуу жайлардын бирине тапшырсам деген кыялы бар. Учурда «стилимди табышым керек, башка деңгээлге чыгышым керек» деп изденүүдө.

«УЙКУСУ КЕЛСЕ ТУРГАН ЖЕРИНДЕ УКТАП КАЛА БЕРЕТ»

- Үйдө «жумуш жаса, тамак кыл» деп майда жумуштарга мажбурлабайбыз. Көңүлү болсо бардык жумушту жасайт. Бирок той, концерттерден аябай чарчап келгендиктен, кээде кийимчен, телефонун кучактаган бойдон уктап калган күндөрү болот. Азыр жаштардын көбү телефонсуз жашай албаса керек. Айыманын да колунан телефону түшпөйт. Анан тойдобу, концерттеби, кезегин күтүп отуруп эле уктап калмай адатын калтыра албай жүрөм, уйкучу. Чоң ата, чоң энесиникинде жүргөндө эрте туруп, эрте жатып көнүп калгангабы, уйкусу келсе турган жеринде деле уктап кала берет.

«АЯНА МЕНЕН САЛЫШТЫРГАНДАР АЗАЙЫП КАЛДЫ»

- Аяна Касымова менен Айыманы салыштыргандарды такыр түшүнбөйм. Экөөнүн үнү да, стили да эки башка. Болгону экөө бир мезгилде сахнага аттанып, экөө бир куракта болгону үчүн салыштырышат окшойт. Мындай салыштыруу, албетте, адамды бир аз кыжалат кылат. Биз ошондой салыштырууларды бир аз тыюу максатында да Аяна менен чогуу дуэт жаздырдык десем болот.

«25 ЖАШЫНДА ТУРМУШКА ЧЫКСА ДЕЙМ»

- Айымага сөз айткан, ашык болгон жигиттердин баарынан кабарым бар. Кызым менден эч нерсесин жашырбайт. Бирок азырынча олуттуу мамиле кура турган жигити жок. Мен «25 жашыңда турмушка чыксаң болот» деп айтам. Бирок ал «апа, мен турмушка чыкканымды азырынча такыр элестете албайм» дей берет. Эми азыр чоң сүйүү келе элек да. Ал куракка чейин жолугуп калса керек.

«СЫНДАГАНДАР МЕНЕН УРУШУП КЕТЧҮМҮН»

- Айыманын дарегине көп сын деле айтылбайт. Бирок, албетте, баарына жага албайсың. Башында анын дарегине сындаган комментарийлер жазылса, аларга жооп жазып урушуп кетчүмүн. Жөнсүз сындап, жөн эле жаза бергендердин оюн өзгөртүп, туура багытка бургум келчү, бирок андан майнап чыккан жок. Жакшысы, жөн коюш керек экен. Айыма да «жөн коюңуз, андайлар баарына жазышат» деп мени урушуп коёт. Кызымда дагы эле балалык баёо сезим бар, адамдардын баары жакшы, ак көңүл деп ойлойт. Айыманын эң катаал сынчысы менмин. Мактаганга караганда көбүрөөк сындайм.

«ЫРЛАРЫН КӨЧӨДӨН УГУП КАЛСАМ ТОЛКУНДАНАМ»

- Кечээ шаардагы ири соода борборлордун бирине кирсем Айыманын ыры жаңырып жатыптыр. Кулагыма аябай жылуу угулуп, ыры бүткүчө толкунданып кетпей угуп турдум. Кээде ушинтип ашыкча күйөрманы болуп кетем (күлүп). Башында Айыманы сыналгыдан көрсөткөндө туугандар, тааныштар чалып «кызың сыналгыдан ырдап жатат» деп айтып турушчу. Азыр баарыбыз кадимки көрүнүштөй эле кабыл алып калдык
"Айыма саякаттаганды жакшы көргөндүктөн, бизди да эс алууга алып чыгып турат".

Лунара Бекиева
star@super.kg
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
Birimdik5555
2017-09-05 22:34:37
Айыма аябай талантту кыз,талантын оркундой берсин,уй-булон менен бар бол! Апасы жапжаш корунот экен чындап эле
+1
Aidan88
2017-09-05 23:12:17
Aiyma jakkandarga jaga bersin , bolgonu oz oiuimdu jazdym maga jakpait Aiyma dep.
Emi minustardy jainatkyla ,
-4
abdyrahmanova
2017-09-05 23:34:21
Айыма абдан сонун кыз. Ырлары да уккулукту. Жаман негатив создордон качан арылат экенбиз. Адам оз коз айнеги менен озунун жан дуцносу кандай болсо ошондой корот башканыда. Ийгилик Айымка
+3
Taalaibek.
2017-09-06 06:31:32
Ырлары жакпайт.
0
Aidani
2017-09-06 06:32:21
Вааай Айыма кулгонун эле чо стоит. Жожо десе кана Эми менин синдим болсон
+3
Aidani
2017-09-06 06:33:14
Айыма азамат кыз бактылуу бол .
0
akkyzmild86
2017-09-06 09:28:51
Айыма азамат! Жонокой тарбия коргон кыз. Ар дайым бактылуу бол. Келечегин кен болуп, чыгармачылыгын оркундоп осо берсин. Кыргыздын сыймыгы бол!!!
0
nurhan2702
2017-09-06 09:34:55
Айыма жаш таланттуу кызсын азамат.Бирок кыргыз болгонунан кийин интервью берген учурларында кыргызча суйлоп журчу.Анткени жасалма суйлоп жаткандай корунот экен
+3
doping1
2017-09-06 15:56:00
айыма жагаткооо
0
AL-sh
2017-09-06 23:04:33
Айыма азаматсыз. Ырларыныз аябай уккулуктуу.
0
anonimka_03
2017-09-08 23:38:47
Айыма азаматсын!
-1
Taalaibekov.ch
2017-09-09 11:11:29
Кызына кыргызча уйротбойсунбу жасанып журо бербей
+1
Elitta
2017-09-11 00:47:46
Не переживайте Мамасы,Айыма эн жылдыздуу, акылдуу,токтоо,жонокой,сабырдуу,тушунуктуу бой которбогон тарбиялуу назик жагымдуу кыз,Кудай баардык жагынан берип койгон,Ал Эми Аяна мне не нравится вапще!
-1
NuraidaNuraiErlan
2017-09-11 10:59:00
Айыма жакшы ырдайт
-1
gulaza
2017-09-11 20:37:30
Аяна элдин колдоосуна кооп кетти Айыма молодец
-1
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан