Беназир, Элмира Кайып кызынын кызы: «АПАЛАП КЫЙКЫРСАМ ДА ЭСИНЕ КЕЛГЕН ЖОК...»

«Булбулум» деп боздоп ырдаган эстрада ырчысы Элмира Кайып кызы 31-август күнү жүрөгү ооруп «Тез жардам» чакыртып, бирок ооруканага жетпей көз жумган. 2-сентябрь күнү ырчынын сөөгү Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында жерге берилди. Бүгүн булбул үндүү ырчыны жакындары, санаалаштары эскерип көзүнө жаш алып турушту.

Беназир, Элмира Кайып кызынын кызы: «БАЛАЛУУ БОЛОМ ДЕП КӨП ДАРЫЛАНЫП ЖҮРДҮ»

-Мен апамдын жалгыз кызымын. Жашым 24тө. 31-август мен үчүн кадимки күн эле. Эртең менен чайымды ичип жумушка кеткем. Үйдө таежем бар болчу, ал таенеме каралашчу. Таенем көптөн бери сыркоолоп жүрөт. Жумушта отурсам таежем «тез келип кал» деп чалды. Үйгө келсем, апам эсин жоготуп жатыптыр, эки жагында атам менен бир кошуна эже колдорун ушалап жатышат. «Эмне болуп кетти, апа, апа?!» деп кыйкырып жибердим. Үйдө ызы-чуу болуп калдык. «Тез жардам» келди, калганын, эмне болуп кеткенин азыр толук эстей албайм. Бирок жалгызым апамдан айрылыпмын. Апалап кыйкырсам да эсине келген жок... Буга чейин жүрөгү ооручу эмес, кээде гана «жүрөгүм сайгылашып жатат» дечү, бирок ага көңүл бөлбөптүрбүз. Болгону «балалуу болом» деп көп дарыланып жүрдү, былтыр гинекологиялык жактан операция жасалып, ал операциясы жеңил өткөн.
Кичинекейимде апам гастролдоруна ээрчитип алчу. Мени Бони деп эркелетчү. Бир жолу ошондой гастролдогу концерттеринин биринде отурсам сахнадан мага кол жаңсап чакырып калды, мен уялып чыкпай койдум. Апам микрофондон «Бони, кел» деп жатпайбы, сахнага чыгып, апам ырдаса мен кечке бийледим. Ошентип апамдын артында бийлеп эле жүрчүмүн. Азыр апамды эстесем биринчи эле ушул окуялар эсиме келип жатат.
Экөөбүз суши жегенди жакшы көрчүбүз. Жаңы жылда атам апам экөөбүздү кафеге алпарып, суши алып берди, келе жатканда «Ала-Тоо» аянтында сүрөткө түшүп, ошол күнү чачтарачка кирип, окшош кылып көкүл кырктырган элек, чач жасалгабыз да окшошуп эгиздей эле болуп калдык. Музыка чыкса менин бийлегенимди апам каткырып видеого тартып алган эле. Айтор, экөөбүз курбулардай жүрчүбүз. Жалгызым апамды эли дайыма жакшы сөздөр менен эстеп жүрүшүн каалайм. Анткени апам адамдын жакшы жагын гана көрчү.

Гүлнара Кахарова, кесиптеши: «КОМУЗ МЕНЕН ЫРДАГАНДА ТЕРМЕЛИП ЭЛЕ ОТУРУП УККУМ КЕЛЧҮ»

- Элмирка экөөбүз 17 жылдан бери жакын үй-бүлөлүк катыштабыз. Жакын санаалаш достордонбуз. Мен бирөө менен мамиле түзүүдө абдан кылдат эмесминби, оңою менен адамды өзүмө жакындата бербейм. Элмира мен кучагымды ачып, чын жүрөктөн өзүмө жакындаткан адам. Ал мени биринчи таланты менен, андан соң бийик адамдык сапаты менен багындырды. Жашоого, турмуштун айрым соккуларына такыр нааразы болбогон инсан эле. «Мени ырдатпай койду, мага бут тосту, мени тигинтип ушактады» деген сыяктуу кептерди айтчу эмес.
Менин үйүмө тынбай келип турчу. Кайсы балам мектепке барбасын торт, таттууларын көтөрүп куттуктап кетет. Азыр мен эмес, балдарым «Элмира эжекем экинчи келбейби?» деп сурап жүрөктү эзип жатышат. Алтыным, адамдык сапаты ушундай бир бийик жан эле, көзү өткөнүнө эч ишене албай турам (жашып). Кечээ жолдошум экөөбүз Кара-Балтага тойго бара жатып бир сыйра Элмирканын жоруктарын эстедик. Ушинтип эстеген сайын ыйлап, бетимдеги макияжымды сүртүп коюп эле отурам. Ажал улук, өлүмдүн алдында алсыз экенбиз. Азыр ырлары да кулагыма башкача жаңырып, Элмиркадан башка ырчы жоктой эле сезилип жатат. Кудайым 42 жашка чейин жылдызын жандырган экен, жашады, жылдызыбыз өчсө баарыбыз кетебиз.

Бейшенбек Ишенов, Элмира Кайып кызынын жолдошу: «КӨЗҮ ӨТСӨ ДЕЛЕ НААМ БЕРИП КОЮШСА СҮЙҮНҮП КАЛАТ ЭЛЕК»

- Элмира экөөбүз 20 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатканбыз. Минтип шум ажал айттырбай келип, кокусунан алып кетти. Анын адамдык касиети, жубай катары таалим-тартиби бекем жан эле. Өзү эстрада ырчысы болгону менен, бирөөлөрдү кыйын туурайт, пародисттик да таланты бар болчу. Жакшылап иштесе Элмирадан мыкты актриса чыкмак. Ушунчалык колу ачык, жөнөкөй, жүрөгү таза, баарына бирдей мамиле кылган жумшак жан эле. Мен анын жолдошу катары чоң жоготууга учурап, азыркыга чейин Элмиранын жок экенине ишене албай турам. Келип кала тургандай эле сезилип жатат.
Өзү абдан тамашакөй эле, бир жолу кечинде үйгө келип коридордо бут кийимимди чечип жатсам ашканадан Роза Отунбаеванын үнү чыгып калды. Уккан кулагыма ишенбей «бул киши биздин үйдө эмне кылып жүрөт?» деп коём. Бир маалда Элмира менен курбусу каткырып калышты. Көрсө, Роза Исаковнаны жубайым өзүндөй кылып туураган экен. Роза Отунбаева менен кезинде чогуу иштешип калган элем, «аны дагы туурап берчи» десем Элмира «жок, эргүүм кетип калды, концерт берсем, ошондо бир топ пародияларды аткарам, сизге билет сатам» деп күлүп койду. Анан Кыргызстандын кайсы бурчуна коноктоп барбайлы жөнөкөйлүгү, таланты менен элди музыка дүйнөсүнө бат эле киргизип жиберчү. Казакстанды, Түркияны кыдырып ырдап жүрүп бир топ күйөрман топтоп калган. Интернеттен жубайымдын каза тапканын уккан айрым күйөрмандары Казакстандан бери акыркы сапарга узатуу үчүн келишиптир.
Жакында келечектеги куда-кудагыйларыбыз менен таанышабыз деп жаткан элек, ал күнгө жетпей калды. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө жанында болбой калдым. 31-август эртең менен бир иш-чарага кеткен элем. Ал жакта бир сааттай отурганда эле «Элмира кыйналып жатат, келе калыңыз» деп коңгуроо кылышты. Бардым, бирок жубайымды тирүү көргөнгө жетишпей калдым, аттиң...
Талантты баалагандын эрте-кечи болбойт, көзү өтсө деле наам берип коюшса сүйүнүп калат элек.

ЭЛМИРА КАЙЫП КЫЗЫ ТУУРАЛУУ

Ырчы Элмира Кайып кызы 1975-жылы 4-январь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык студияны жана Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун аяктаган.
Алгач Р.Абдыкадыровдун «Ак куулар сени сагынар» деген ыры менен К.Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда сахнага чыккан. Эстрадада Шамшыбек Өтөбаевдин «Калды эсимде» деген ыры менен таанылган. Элмира Кайып кызы төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум» аттуу ырын ийине жеткире аткарып элдин сүймөнчүгүнө айлана алды. Ырчы акыркы жылдары Мамлекеттик чек ара кызматынын ыр жана бий ансамблинин насаатчысы болуп иштеп жүргөн.

Элмира Кайып кызын акыркы сапарга узатуу зыйнатында ырчынын айылдашы, жаш акын Бердибек Жамгырчиев ага арнап чыгарган ырын окуп берди:

Ачуусу көп турмуштун таттуусунан,
Азабы көп турмуштун шаттуусунан,
Толкунунан кайгылуу кайрык чыгып,
Көл айрылды кечээги ак куусунан.

Ар бир кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Адам жанын толкутуп козгоп сайрап,
Жүрчү элеңиз кыргыздын бак-шагында,
Кеттиңизби ажалды болжоп сайрап?

Карек толду жаштарга токтобогон,
Жан жок азыр сизди эстеп боздобогон,
Жапжаш кеткен жаныңа ичим күйөт,
Жаштыгыңыз жаштыкка окшобогон...

Ырдашың өткөндү эске салып,
Ыйлаймын ал күндөр четте калып,
Буулуктук булбулдай сизди жоктоп,
Буйруксуз өмүрдү жектеп алып.

Айылыңда адашып күүгүм калган,
Ааламда бүтпөгөң сүйүүң калган.
Ал сүйүүң арманга айланганбы,
Ажалын издеген үрүл таңдан?

Эжекем, булбулум, ай,
Эрте учкан кургурум, ай.
Бул таңда үнүң таппайм,
Тез кеттиң неге мынча, ай?
Булбулум, булбулум, ай...


Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Элмира Кайып кызынын сөөгү жерге берилди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
azusha2017
2017-09-12 15:43:42
Аллах жанаттан жай берсин, элиниз ичи ачышып Сизди дайыма эстеп журобуз
+3
meku89
2017-09-12 15:44:52
Аллахым билип билбей кетирген куноолорун кечирип,бейишинден орун бере кор. Жакындарына сабыр берсин кудайым!!!
+5
Altysha89
2017-09-12 21:10:58
Жаткан жери жайлуу болсун.
+3
AliaSul
2017-09-12 21:58:53
жаткан жери жайлуу болсун бейишти насип этсин
+4
Nazaroff1974
2017-09-12 22:38:52
Ушундай эле наамдар акция болуп,толуп турса ушундай таланты элге синген инсандарга берсе болбойбу.Акыркы сапарга узатаарда белгилуу,белгисиз адамдар батпай кетти го.Мына,бул нагыз талантты,синирген эмгегин баалоо болуп саналат.Бирок кайран ырчы кыз,уже бир мешок наам да татыбайт го тируулукко.Коодону сокурларга айтарым,мындай баалуу инсандарды козу барында барктай билиш керек,кайдагы жаштар барсынарбы деп кыйкырган тойпуруш халтурщиктерге наам кармата бербей.Жайы жаннатта болсун.
+11
nurbanu.nur
2017-09-12 23:48:28
Жаткан жери жайлуу болсун
+3
Sayragul
2017-09-13 09:10:39
Абдан жаркылдаган жакшынакай, сулуу, келбеттуу, ырды абдан кырааты менен аткарган абдан коркомдуу кыз эле. Мен ырларын аябай жакшы коруп укчумун. Жараткан ордун бейиштен бере корсун.
+3
jon.as
2017-09-13 11:01:22
Чынында талантуу айым эле. Шоу чойрого аты таанылып чыкса дагы артынан бирда жаман соз ээрчигенин укпаптырмын. Окунучтуу ушундай талантуу инсандарга убагында наам бербегенине. Артын берсин, айла канча мандайга жазганды корот экенбиз(((( Уй булоосуно терен кайгыруу менен конул айтам. Жаткан жери жайлуу болсун!
+6
belka
2017-09-13 12:15:45
Көзүмө жаш тегеренди
+2
Maksatbekajy1985
2017-09-14 10:03:42
Аллах рахматына алган болсун
+1
pomposh
2017-09-14 15:58:56
аллах баардык куноолорун кечирсин. сиздерге сабыр берсин. куран окунуздар
+1
guju_90
2017-09-15 00:16:31
Жаткан жери жайлуу болсун! Энеден айрылуу чон трагедия! Кызына, жолдошуна жана жакын санаалаштарына терен кайгыруу менен конул айтам. Сабыр кылыныздар. Откон адамды кайра кайрый албайт экенбиз аттин. Эхх.. менин апам деле кече бар бугун жок. "Булбулум" демекчи апам рахматы ушул ырды жакшы коруп угуп, озуда майрамдарда, той-топурларда ырдап журчу. Ичкен тамагымдын тузу жокдой журомго. Жашоо озуно окшобой. Ары оз апамды, ары Эльмира эжебизди эстеп бир коз жаш болуп алдым кечиресиздер!
+2
altynaiB
2017-09-15 09:51:38
Гулзат Батырканова Элмира Кайып кызы эч бир жанга тенегис асыл аялдар. Шайыр журогу таза эч кимдин конулун оорутпаган таланттуу эн башкысы эне бактылуу энелер.
+1
altynaiB
2017-09-15 09:53:57
Жаткан жери жайлуу болуп Аллах бейишти насип кылсын.
+1
meni_kut
2017-09-15 14:26:02
Супер инфо ушуга окшогон ырчыларды козу тируусундо интервьюга чакырбайсынар....Аттин эженин жайы жанаттан болсун.
+1
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан