ШЕВЧЕНКО МЕНЕН НУНЬЕС 10-СЕНТЯБРДА БЕТТЕШЕТ

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Валентина Шевченко менен UFC чемпиону бразилиялык Аманда Нуньес 10-сентябрда (Бишкек убактысы менен саат 10:00дө) беттешет. Көп күттүргөн аталган спорттук иш-чара “UFC-215” турниринин алкагында болуп, Канаданын Эдмонтон шаарында орун алмакчы. Аманда Нуньес учурда жеңил салмак категориясындагы чемпион. Ал бул наамга 2016-жылы америкалык Ронда Роузини жеңген соң ээ болгон. Эми бул беттеште ошол наамды коргоп калуу үчүн жан үрөшү керек болот. Ал эми кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Аманда Нуньестен кийинки эле орунду ээлеп турат.
Шевченко менен Нуньес буга чейинки маалымат жыйындарында алдыдагы беттеш тууралуу ойлорун айткан. Валентина Шевченко “Мен бардык жыйынтыкка даярмын. Беттештен кийин мен чемпион аталам. Мурун жеңилсем да, бул сапар жыйынтык башкача болот” деп айтты. Ал эми Аманда Нуньес “Мен жер планетасындагы мыкты мушкермин. Шевченко болсо мендей кыйынга туш келген ийгиликтүү адам. Бул мен күткөн беттеш” деген журналисттерге.
Шевченко менен Нуньестин беттеши ушул жылдын июль айында болмок, бирок беттештин башталышына бир нече саат калганда Нуньес ден соолугуна байланыштуу беттешти жылдырууга мажбур болгон.
Эскерте кетсек, Нуньес Шевченкону 2016-жылы жеңип алган.

Бектур Токтоноев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Dastan.98
2017-09-14 07:37:36
Бул беттеш буттуго
0
Rinat91
2017-09-15 02:48:38
Жыйынтык кандай болду?
0
Kg-kg-kg17
2017-09-15 17:55:39
Rinat91,Шевченко утулуп калды.Калыстык болгон жок.Судья ачык эле тартып койду.Менин жеке оюмда UFC ден атайын даярдашканго калысты.Шевченко-Нуньес 3 бойго калсын деп.Интрига болуш керек да
0
NURDANCHIK
2017-09-18 12:40:05
Валентина женилип калды да жалко судиялар туура чечм чыгарып койсо болмок бир тейк давн учун аны женилдирип коюштуууу
0
NURDANCHIK
2017-09-18 12:40:46
туура эмес чечим чыгарып койду
0
NURDANCHIK
2017-09-18 12:41:35
судья олло катта жазып салыпмын аа кечирим сурайм
0
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан