ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ УУЛДУУ БОЛДУ

5 -сентябрда ырчы Дайыр Исмадияровдун үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырды. Ырчынын жубайы Жанара Жалал-Абаддагы төрөт үйүндө тун наристесин жарыкка алып келди. Ата статусун алган Дайыр мырза: «5-сентябрда Аксы районунда концертте жүргөм. Толгоосу башталганын угуп, дароо эле Жалал-Абаддагы төрөт үйүнө жөнөдүм. Жанара көз жарганча өзүмдү коёрго жер таппай турдум. Наристебиздин эркек бала экенин мага жубайым өзү сүйүнчүлөдү. Салмагы 3 килограмм 850 грамм, бою 54 сантиметр болуп төрөлдү. Атын Дастан деп койдум. "Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн" дейт. Дастандын амандыгын тилеп жатам»,- деп кубанычы менен бөлүштү. Дастанга узун өмүр каалайбыз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
aliakg90
2017-09-12 09:52:02
Бешик боонор бек болсун омуру менен берсин
+5
Emu-Janyl
2017-09-12 10:53:14
Балакай бактылуу балалыкта чонойсун.
+4
Laura88
2017-09-12 11:56:27
Оо бешик боо бек болсун Дайыр куттуктайм тобон кокко жетип турган убагын экен да бактылуу ыймандуу уул болсун
+3
Ayka1994
2017-09-12 16:37:24
Дайыр аялы менен качан жарашты
0
aikeeboni
2017-09-12 17:31:43
ажырашкан эмес таарынышкан суперди калтырбай окусаныз качан ажырашкан качан жарашканынан кабардар болуп турасыз
+5
Kaninaiman
2017-09-12 21:27:15
Omuru uzun bolsun.oz kuchu mn toroppuu menin balamdi chon deship keserovo kilishkan 3.700 ele eken
0
erkeleim
2017-09-13 02:45:55
Эгиз экен дегендей макаласын окудум эле Дайырдын. Дастан мыкты жигиттерден болуп оссун
+1
jon.as
2017-09-13 11:06:15
Куттуктайбыз! Уулунун боосу бек болсун! Омуру узун, ден соолугу чын жигит болуп чонойсун. Дайыр уулу Дастан сонун ысым койушуптур. Бактылуу балалык каалайм.
+1
Bak.taalai
2017-09-13 18:35:22
Оо биринчиси эле 3 800экен кебетесин корсон 2кг аран торочудой 3800ду кантип тороду экен. Аман эсен чонойуп эл керегине жарасын
0
gulaza
2017-09-14 05:27:46
Омуру менен берсин .Супер инфо Дайырды дагы анжеликага окшотуп чыгара берип жаман корсотуп албагыла. Айзуура уулду болду дагы коп ошолорду жазсанар болот эле
+3
nur007mir009kg
2017-09-16 18:06:32
Өмүрлүү болсун наристе.
0
NURDANCHIK
2017-09-18 12:38:26
бешик боонор бек болсун
0
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан