10 балалуу үй-бүлө, ичкилик, ажырашуу, жетишпеген жашоо, ооруу... Мунун баары 57 жаштагы Созулжан Болотбекованын башынан өткөн. Кичине кезинен жакшы жашоонун даамын татпаган каарманым ушул жашка келгиче жетишпеген жашоонун, анын айынан ден соолугунун азабын тартып келет. Өзү гана эмес, жалгыз уулунун дагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, экөөнүн тең көздөрү жакшы көрбөйт. Барак тибиндеги тамдардан бир бөлмөнү ижарага алып жашаган жерине барып, каарманымдын тагдыры менен таанышып кайттым.
«10 БИР ТУУГАНБЫЗ, БИРИБИЗ ДАГЫ ЖАКШЫ ЖАШООНУ КӨРГӨН ЖОКПУЗ»
– 57 жаштамын. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 бир туугандын арасында чоңойдум. Төрөлгөндө кандай кырсык болгонун билбейм, көзүм жакшы көрбөй калды. Алдыңкы партага отурсам да, көрө албай кыйналып жүрүп мектепти аяктадым. Жетишпеген жашоодо жашадык. Атам көп ичип, уруш-талаш көп чыкчу. Анын айынан апам экөө мен 6-классымда ажырашып, апам 10 баланы өз моюнуна артып алып жашоону улантты. Анын кылган аракети, биз үчүн жарактан чыккан ден соолугу акталбай калды. Советтер Союзунун учурунда апам байкуш эртеден кечке кара жумуш кылып, баарыбыздын курсагыбызды тойгузуу менен алек эле. Чөп чаап, араба менен аны элге ташып берип, чарбакка жашылча-жемиш тигип жүрүп бизди багып чоңойтту. Тамак-аш жетпей кыйналган күндөрдү көрдүм. Мынча балага жеткириш кыйын да. Жөлөк-таяк болуп жардам бере турган туугандары да жок эле. Мындай жашоодон апам да ооруп калды. 10 баланын 10дой түйшүгү бар, ар биринин кийимин, курсагын, жашоосун ойлонуу, аларды камсыз кылууга жан үрөп иштөө оңойго турбасын түшүнүп эле турасыз да.
Кийин чоңойгондо бир туугандарымдын айрымдары ичкиликке берилип кетишти, иним ичип жүрүп Бишкекке келип жоголуп кеткен, азыр деле дайынсыз. Бир агам абакта. Калган бир туугандарымдын баары эле өз арабаларын эптеп сүйрөп жашап жатышат. Бир сиңдим гана азык-түлүк жагынан мага жардам берип турат, бирок азыр ал да оорукчан. Жолдошу каза болгон, өзү 4 баланын жүгүн көтөрүшү керек, бирок ден соолугу жол бербей калды. Ал да жардамга муктаж. Бир туугандарымдын арасында жакшы жерде иштеп, жакшы жашагандар жок.
«ЖОЛДОШУМ ИЧИП ЖҮРҮП, ӨЗҮН ӨРТТӨП АЛЫП КАЗА БОЛГОН»
– Жолдошум менен тааныштар аркылуу таанышканбыз, Кара-Балтага ала качып келишкен. Турмушта да жакшылык көргөн жокмун. Арактын азабы мени бул жакка да кууп келди. Күйөөм ичип келип чыр чыгарчу, кол көтөрчү. Жолдошум гана эмес, кайын журтумдун ичинен жана жолдошумдун досторунун арасынан ичкиликке жакындар көп эле. Кайнатам дагы ичип жүрүп кумар ойноп, кезинде казактарга карыз болуп калып, 7 жыл кой кайтарып кутулган экен. Жолдошум ошондон да тартынып ата-энеси менен уруша берчү, ошол себептүү дагы ичип алчу.
Балалуу болдук, ден соолугум начар болгондуктан, кыйналып төрөдүм. Уулум дагы өзүмө окшоп биринчи топтогу майып, көзү жакшы көрбөйт. Өкүнгөнүм ушул. Бала – бакыт, бирок анын абалын көргөндө жүрөгүм ооруйт. Күйөөм менен бир жыл жашап, чыдабай ажырашып кеттим. Анын кийин өзүн-өзү өрттөп, күйүктөн айыкпай каза тапканын билдим. Өзүм кайра эле апамдын жанына бардым. Апам мага жардам берип баламды карашты. Кийин боордун циррозу күчөп кетип, кан басымы көтөрүлуп, инсульттан каза тапты. Ооруканага алып барсак, «болбойт, үйгө алып барып карагыла, 6 ай өмүрү калды» деп айтышты. Бирок апам 3 айдан кийин эле бизди таштап кетти. Анда балам бир жашта эле. Аны алып Бишкекке келип, сиңдим менен жашадым.
Ажырашкандан кийин кайрадан турмуш куруу мүмкүн болгон жок. Баш кошобуз дегендер чыгып жатты. Бирок мага туура келбеди. Анткени менин ден соолугум начар, көзүм көрбөйт, майыпмын. Балам дагы оорукчан болуп калды. Дагы оорукчан балдарды төрөп, алардын да убалына калбайын деп турмушка чыккан жокмун. Өзүм оорукчан болсом дагы, баламдын дени сак болсо кана деп көп өкүнөм.
«ЖАШООМ АРАК ИЧКЕНДЕРДИН АЗАБЫН ТАРТУУ МЕНЕН ӨТТҮ»
– Сиңдим менен чогуу жашаган учурда да арак жашообуздан кеткен жок. Күйөө балам ичип келип, уруш-талаш чыга берчү. Ызы-чуудан тажап кеттим да, уулумду алып ушул жакка батирге чыктым. Башында 2500 сом төлөчүмүн, азыр 3000 сомго көтөргөн. Абалыбыз ушул, эки майып жашайбыз. Уулум 30га чыкканда үйлөнгөн, дени сак келиндүү болдум, неберем 3 айлык болуп калды. Азыр оң көзүм бир аз көрөт. Албетте, күнүмдүк турмушта ыңгайсыздыктар, кыйынчылыктар жаралат. Мисалы, маршруттук таксинин номерин көрө албай, токтотуп берип коюуну элден суранам. Үйдөн эптеп кыбырап жумуш кылганга көнүп деле калганбыз. Мен пенсияга 50 жашымда чыктым, уулум 20дан ашканда жөлөк пул ала баштады. Аны да тааныш болуп калган бир кыз жардам берип, документтерди чогултушуп каттаткан. Балам 3000 сом жөлөк пул, мен 5000 сом пенсия алам, ошол акчага төртөөбүз жашап жатабыз. Мурун батирге, тамак-ашка эптеп жеткирип оокат кылчу элек. Азыр батирдин акчасын дагы сүйрөп жүрүп берип жатам. Ал акча менен төрт кишини багуу кыйын экен. Келиним тигүү цехинде иштечү. Азыр бала менен үйдө. Кичинекей балага да бир топ каражат талап кылынат. Мунун баарын ойлоно берем. Врачтар "кейип же сүйүнсөң жүрөгүң кайра кармап калат" дешти. Кайра ооруканага түшкөндөн корком. Ансыз да азыр дары алганга каражатым жок. Ошондуктан өткөн күндөрүмдү эстегим келбейт. Ал оор күндөрүмдү эстесем, жүрөгүм чыдабайт.
«ДАРЫ САТЫП АЛГАНГА АКЧАМ ЖОК»
– Уулум акчадан кыйналганда курулушта иштеди. Ушул сыяктуу кара жумуштарга барып көрдү, бирок оор көтөргөндө ооруп калып, кайра эле жумушка чыга албай кала берет.
Мен пакет чогултуп сатып жүрдүм. Кафеде идиш жууп иштейин десем, «жашыңыз өтүп кетиптир, сизге жоопкерчилик ала албайбыз» дешип жумушка албай коюшкан. Арманым – өз үйүбүздүн жоктугу. «Азиздер жана дүлөйлөр» коомуна кайрылсак, «кезекте 1500дөй киши бар, сизге качан кезек келмек эле, документтерди топтоо иши дагы сизге оорчулук жаратат» дешти, андан да үмүтүбүз үзүлүп калды. Жакында инфаркт болуп ооруканага жатып чыктым. Дарыгер 3000 сомго дары жазып берген. Бир эле дары 600-800 сомдон экен, аны алганга каражатым жок.
Ден соолугум жок үчүн өкүнөм. Деним сак болсо элдей болуп оокат кылып жашайт элем. Качанкыга чейин үйү жок батирлеп кыйналам? Минтип өмүрүм жакшылыксыз өтүп кеткени жанымды кейитет, элге окшоп жашоону кыялданам.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg