Клара Алибекова, ырчы: «АЙРЫМДАР «ДЕНИ-КАРДЫ СОО КЛАРА ӨЗҮ ИШТЕБЕЙБИ» ДЕП ЖҮРӨГҮМДҮ ӨЙҮТҮШТҮ»

– Клара, салам. Шайлоого иштеп жатасыңбы? Кечээ телефон чалсам, «Жалал-Абаддан келе жатам» дедиң эле?

-Кандайсыңар? Шайлоого буга чейин бир жолу иштегем, ошондон бери иштей элекмин. Бул сапар эки партия менен сүйлөшүүлөр болгон, бирок бир чечимге келген жокпуз. Жалал-Абадга ата-энеме барып, туугандарыма жолугуп, чер жазышып бир апта жүрүп келдим.

– «Кларага жардам беребиз» деген кайрымдуулук акция жүрүп жатат. Кандай жардам болууда?

-Чындыгында ошондой иштер болору тууралуу маалыматым жок эле. Шоу чөйрөсүндө жүргөн тааныш эжелер телефон чалып айтышты. Ошондо биринчи жолу угуп таң калдым. Эжемдер дагы угушкан экен, «сен эмне, кайрымдуулук деп элден акча чогултуп, такыр эле кароосуз калдың беле?» дешти. Акцияны уюштуруп, интернет баракчаларына таратып жаткан журналист эжеге байланышып, «эже, муну чыгарарда бир ооз мени менен кеңешип койсоңуз болмок» дедим. Жарыянын алдындагы комментарийлер ого бетер жүрөгүмдү өйүттү. Айрымдар мени ооруп калган окшойт деп ойлошуптур, кээ бирлер «менде 500 сом бар, ошону кошом» десе, дагы бири 1000 сом бермей болуптур. «Дени-карды соо Клара өзү иштебейби?! Ырчылар ушинтип элден акча чогултуп жашай беришсе болобу?» деген да комментарийлер жүрөт. Эл деген эл да, кандай маалымат чыкса ишене беришет. Ал жарыяны ошентип көпчүлүк башкача кабыл алыптыр. Жазылгандарды окуп, ой жүгүртүп көрсөм, окурмандарды ошондой ойго түртө тургандай эле маалымат кетиптир. Азыр турмушум эл катары өтүп, эл көргөн күндү мен да көрүп жатам. Эл чогулткан акчага муктаж эмесмин. Кудайга шүгүр, мени колдой турган ата-энем, бир туугандарым бар. Бир жагынан ал эжеге рахмат, чыгармачылыгыма колдоо көрсөтөйүн деген жакшы ой менен ошол ишти уюштуруптур. Күнүмдүк тиричилигиме эмес, чыгармачылыгыма жардам берели дегендердин оюн текеберленип четке какпайм, албетте. Бирок айрымдардын жазгандарын окуп, өзүмдү жегенге наны жок отургандай сезип кеттим.

– Негизи сенин акча тапчу булагың чыгармачылыкпы же кошумча иштер менен да алектенесиңби?

-Кудайга шүгүр, чакыруулар дайыма болуп турат. Кыргызстандын кайсы бурчуна болбосун тойлорго барам. Элим дагы менден жаңы ырларды, жаңы клиптерди күтүп жатканын сезип, учурда жаңы чыгармалардын үстүнөн иштеп жатам. Ар бир нерсенин убакыт-сааты келиш керек окшойт. Башка иш менен алектенбейм.

– Ушуга чейин артка кылчайып өкүнгөн учуруң болдубу?

-Эч нерсеге өкүнбөйм деле. Бир ойлогонум Байыш экөөбүз үйлөнгөндө чоң концерт берип, андан түшкөн акчага бир бөлмөлүү үй алганбыз. Тагдыр экен, ажыраштык. Ошондо Байыштын сунушу менен үйдү экиге бөлгөнбүз. Азыр ошого өкүнөм. Бала менде калып жаткандан кийин үйдү бөлбөй эле мага берип койсо болмок экен. Азыр ушул оюмду айтсам, «анда жаш болчубуз да» деп кутулуп кетет.

– Жылдыз белгиң чаян эмеспи. Чаяндар чындыгында күчтүү келишет. Уулуң Байэлди канчадан бери жалгыз тарбиялап келе жатасың, бул деле күчтүүлүктүн бир белгиси болсо керек...

-Ооба, он үч жылдан бери уулумдун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жатам. Ойлоп көрсөм, мурун турмушту анча түшүнчү эмес экенмин. Жашоодо өйдө-төмөндү көрдүм, башыман көп нерсени өткөрдүм. Ошондон кийин мен бир топ эле чыйралдым.

– Байэл азыр өткөөл куракта экен, сөзүңдү укпай койсо атасына чалып арызданган учур болобу?

-Атасына чалып, арызданып айтайын десем, аны менен дайыма чогуу эмес. Мен эч кимге даттанбайм. Өткөөл куракта чын эле бала өзгөрөт экен. Мага азыр уулум чоң кишилердей ой жүгүртө баштагандай, көп нерсени түшүнүп калгандай сезилет. Уулум мектепте орто окуганы менен, спортко кызыгып, футбол ойноп жүрөт.

– Бала чоңойгон сайын анын ичкен-жегени, баскан-турганы көбөйөт эмеспи, атасы жардам береби?

-Кандай десем, такыр жардам бербейт деп айтканым туура эмес. Кээде эстегенде жардам берип турат. Азыр уулум 13 жашта. Ушул кезге чейин эле өзүм багып келе жатам, алимент деле өндүргөн эмесмин. Бирок бул нерсе керек экенин акыркы күндөрү ойлонуп жүрөм.

– Жакында эле телеканалдардын биринде мурунку жолдошуң Байыш Момунов экөөң түз эфирди алып бардыңар. Ошондон улам айрымдар «экөө кайра жарашты беле, жооп алып берип коёсуздарбы?» деп суроо узатып жатышат.


-Көрсөтүүнү алып баруу боюнча мага Байыштан сунуш келген. Ал көрсөтүүнү эки ырчы беш күн түз эфирде алып барыш керек экен. Мен аны угуп, таң калдым. «Экөөбүз чогуу чыксак, эл эмне дейт, жубайыңыз кандай ойдо калат?» деп каршы болдум. Бирок экөөбүздү алып барат деп жарыя кетип калгандыгын айтты. Интернетке кирип көрсөм, чын эле ошондой жарыялар жайнап кетиптир. Ошону менен 1-күнү чогуу алып бардык. Мен буга чейин алып баруучу болбогондон кийин оңоюраак ишти аркалап, көрүүчүлөрдөн келген суроолорду окуп бердим. Эртеси жумуштарым менен жүрүп, түз эфирге кечигип калдым. Түз эфир деген күтүп турбайт экен, убакыт өтүп кетти, анда Байыш жалгыз алып барды. Үчүнчү күнү мени менен эч ким байланышкан жок. Эфирди карасам, Байыш жубайы менен алып барып жатат. Ал дагы мага окшоп көрөрмандардан келген каттарды окуду.
Эфир тууралуу сурайын деп кийин Байышка телефон чалсам, "Жубайым сени менен сүйлөшөм деп жатат. Сен эмне аялы бар эркекке телефон чаласың, менин үй-бүлөмдү бузгуң келип жатат",- дейт. Ушул жерден Байышка кайрылып кетким келет. Байыш, адегенде алып баруучулукка чакырган сенби же менби? Сага ушуга чейин деги бир жолу чалып көрдүм беле? Мен сенин үй-бүлөңдү бузайын деген ниетим жок. Мен сенсиз эле жакшынакай жашап жатам.

– Рахмат маегиңе, максаттарың жүзөгө ашсын.

"Уулум мектепте орто окуганы менен, спортко кызыгып, футбол ойноп жүрөт".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (76)
originalkgz96
2017-09-20 19:31:03
Аябай жакшы адам Клара эже. Дагы деле аябай назик, ак көңүл экен. Ошол адамдын баркына жете албаган адамга сөз жок
+5
Bintu.Ibrahim
2017-09-20 22:02:28
Ииий чыйралчы ушинтип журо бербей.Сени коруп эл да жудоп кетип атат.Чыйралдым дейсин дагы канчасы алдап,канчасы пайдаланса дагы аль-даш-ты деп коюп отурасын.Иии бул жактале чыдабай кетет киши.
+6
Bishkek
2017-09-21 00:42:45
Биз Кларанын ырлары менен чонойдук, Байыш жаш кыздын башын айланытып ( суйуго арбап дегеним ) алды атын элге таныты таштап койду, уйалбай уйду болуп алганын баласы учун жон койсо болмок, негизи Байыштын укпайм дагы
+7
sereznaya
2017-09-22 01:22:21
Кудай кандай жаратса ошондой да.Жоош бош адамдын неси жаман.дуйно ак кара менен курулат...
Клара конул бурба кандай болсон ошондой боюнча кал.себеби алма эч качан лимон же груша боло албайт
+2
AKCAHAT
2017-09-22 15:45:07
Ой тооба ээзилгени ээзилген качан корбо, баласы 13 чыкты дагы эле бошошокону бошошкон.Тыныраак болуп тарс тарс суйлоп бир ишти кармап олуттуу болсо болгудай жашка келдиго. Эртен баласы уйлонсо келини муну колунан жетелеп чыгарып койгудай туру бар ушул кыздын. Клара айланайын тыныраак болчу баары артта калды,прошлыйды унут, озунду кармап чыгармачылыкты колго алып иштесен андай 1комнат уйдон 10ду алмаксын буга чейин, былжырабачы айланайын, суйлоп буткучо эле журогум сыгылып кетет. Озгорчу.
+3
love.me.again
2017-09-22 19:33:04
Bayish oto xxx ekensin. Azyr dele uy aperip koygon bolmok. Klipti tartypsin jubayim dep birok
+1
love.me.again
2017-09-22 19:35:04
Bayeldi dele koshup koyson bolmok uyati jok. Dinara da kyzyk ayal eken dayima ak koynok kiem. Men yrdayim of menin birinchi mahabatimdi dep ele jurot dayim.
+3
love.me.again
2017-09-22 19:37:06
Bayish Sen ebak abroyundu jogotkonsun. Erkeksinbi balani kara ataday bolup. Bala jaratkandi Bilgen son karagandi da bil xxxx
+3
tazagul
2017-09-23 05:52:52
Байыш, Клара менен уулун арасат кылбай кайра уйлонсо болот эле 2 аял кылып мусулманчылыкта коп аял алууга уруксат берилген.ошондо элда тынчыйт баласыда атасы менен оздору бактылуу болмок. Клара эн жонокой жакшы аял ...
-3
Patriot7
2017-09-23 13:29:40
tazagul, 2 аял алууну мыйзам чектейт... Сен Чубак ажына ишенбе, ал качан болсо мыйзамды бузуп, артынан эскертуу алып жели чыгып отуруп калчу адаты бар...
+1
tazagul
2017-09-23 05:55:10
Кларанын жонокойлугунон пайдаланышканда болбосо эмгиче даалайын аркасынан чуркатмак Байыш чанында калмак.
+2
portugalia
2017-09-23 12:13:39
Жаны уйлонуп той концерт откорушуп Кларанын таланты менен Байыш элге таанылды эле.Клараны да ара жолго таштап бактысыз кылды.Эркектик сапаты болсо аялым сени менен суйлошом деп жатат дейт беле.Бекер ага турмушка чыккан да.Колдогон эркекке турмушка чыкса Клара эн алдынкы ырчылардын сап башында журмок.Вообще Байышты жашоого чийип сал.
+3
Nuraika94
2017-09-23 16:46:31
Молодец Клара эже! Только вперед. А Байыша пусть Аллах накажут. Не обращайтесь.
0
janim83
2017-09-25 05:53:35
Байыш озу уяты жок адам. Бир жылы биздин айылга концерт коюп барып, элдин баары кирип болгондон кийин концертти буттуруп кетип калышкан. 5-6 ыр ырдап болгону.
+1
Asyl10
2017-09-25 15:28:33
Качан тойго чакырышат экен деп отурбай иштесе болбойбу? Той жок болуп калса анда жанын кантип багат? Кичине кезинде тим эле митаам, чакчандаган кыз эле, азыр эмнеле бошошот тушунбойм ушу кызга. Тарс-тарс иштеп эле жалгыз баласын тыкылдап бакса болот да,дагы жакшы 2-3 баласы жок. Байышка гоо эми соз жок, жакшы жигит эмес экени онунон эле корунуп турат. Балана каралаш эээй Байыш, жасагандан кийин анын келечегин да ойлош керек да.
0
Rasul94
2017-09-25 16:07:17
Клара мен сага бак тилейм.эски ырларынды жанылап ырдачы.ырларынды сагындык
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан