ПЕДОФИЛИЯ КҮЧ АЛУУДА. АБЫШКАЛАР КИЧИНЕКЕЙ КЫЗДАРДЫ ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛЫШКАН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

«ЖЭЭНИМДИН КЫЙКЫРГАНГА ДА АЛЫ КЕЛГЕН ЭМЕС»

Кемин районундагы Орловка шаарчасынын ооруканасында 53 жаштагы дарыгер ооруканада дарыланып жаткан 12 жашар кызга себепсиз шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылган деп айыпталууда. Жабырлануучу кыз учурда психологдун кароосунда болсо, дарыгер тергөө абагында. Жабырлануучу кыздын таякеси бул окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Эжемдин кызы ооруп калып, ооруканада дарыланып жаткан. 5-сентябрдан 6сына караган түнү анын палатасына врач кирип, кийип жаткан шымынын үстүнөн шал кылуучу ийне сайып, өпкүлөп, кучактап ар түрдүү ыплас аракеттерди кылыптыр. Кыздын кыйкырганга да алы келген эмес. Качан гана өзүнө келгенде ал апасына телефон чалып окуя тууралуу айткан. Биринчи, врач ага ийне сайган, андан кийин кызды кармалап палатага кирип чыгып турган. Жээнимдин алы жок болгону менен, көзүн ачып жаткандыктан ал бардыгын көргөн. Акырында келип кыздын шымын, ич кийимин чечип, жарыкты өчүрүп зордуктоого аракет кылыптыр. Мага окуя тууралуу кабар келип, айылга барганымда эжем катуу стресс болуп ыйлап отуруптур. Бул окуя баарыбызды нес кылды. Негизи эжем кызына өзүнүн досундай мамиле кылып, оюн так айтууга үйрөтүп тарбиялаптыр. Ошондуктан жээним өзүнө келгенде апасына телефон чалып айтты окшойт. Өзү мектепте сабакты эң жакшы окуган, активдүү кыз болчу.

«ДАРЫГЕР ЖАЛАА ДЕП ЖАТАТ»

Орловка шаарчасындагы «Жалпы дарыгерлер борбору» аталышындагы ооруканага барганыбызда директордун орун басары АСЫЛ ДӨӨТАЛИЕВА «экспертизалардын жыйынтыгын күтүп жатабыз» деп буларга токтолду:

- Биздин ооруканага кылмышка шектелип жаткан врачтын келип иштегенине 6 ай болгон. Адистиги педиатр. Ал биздин ооруканада үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштеп жаткан. 5-сентябрда ооруканада түнкү нөөмөттө болчу. Аны менен кошо медайым жана санитар айым бар болчу. Ушундай иш катталганын эртеси жабырлануучу кыздын апасынан уктук. Түнү биз болбогондуктан шал кылуучу укол сайылганын да эч ким көргөн эмес. Ал эми жабырлануучу кыз бутуна чыккан жарааты үчүн дарыланып жаткан эле. Ошол күнү нөөмөттө болгон санитар айымдын айтуусунда, түнкү төрт жарымдарда дарыланып жаткан кыздын апасы оорукананын эшигин такылдатып кирген. Ошол замат палатага барып кызы менен сүйлөшүп, андан кийин врачтын бөлмөсүнө барган. Бөлмөдө экөөнүн ортосунда уруш болгон, бирок эмне себептен экенин санитарка уккан эмес. Ал аял дарыгердин бөлмөсүнөн чыгып палатада жаткан кызын алып ооруканадан чыгып кеткен. Жабырлануучу кыз палатада жалгыз жаткан. Врач тууралуу айта кетсем, ак көңүл, ишине так, жоош киши болчу. Биздин эмгек жамаат экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ошондуктан окуя тууралуу азырынча эч нерсе айта албайбыз. Врачты милиция кызматкерлери алып кетип жатканда жолуксам «бул жалаа» деп айтты. Окуядан кийин ал иштен кетүү боюнча арыз жазган.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАРМАЛГАН»

Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин маалымат кызматкери НУРБЕК ТОКТОСУНОВ буларды билдирди:

- Ушул жылдын 6-сентябрында Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет болгондугу тууралуу арыз түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Орловка шаарчасындагы ооруканада дарыгер болуп иштеген 53 жаштагы Ө.А. аттуу жаран кармалган. Бул боюнча Кемин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы Кемин райондук соту тарабынан каралып, ал 2 айга тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

66 ЖАШТАГЫ АБЫШКА 8 ЖАШТАГЫ КЫЗГА ТИЙИШКЕН

9-сентябрь күнү Аламүдүн районуна караштуу айылдардын биринде дагы жогорудагы окуяга окшош зөөкүрдүк окуя катталды. Чүй ОИИББинин берген маалыматына ылайык, Б.К. аттуу 66 жаштагы адам саат 17:30 чамасында дүкөнгө бара жаткан 8 жаштагы кызды кармап өпкүлөп, кыйкырганына болбой ич кийимдерине чейин колун салып, ыплас аракеттерди жасаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери мас абалындагы 1951-жылы туулган Б.К. аттуу кишини кармашкан. Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«СИЛЕР КИЧИНЕКЕЙСИҢЕР, МЕН ЧОҢМУН. АРТТЫ КАРАГЫЛА»

Биз окуяны тактоо үчүн жабырланган кыздын апасы менен байланыштык. Ал окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Кош бойлуу болгондуктан бүгүн, эртең төрөйм деп жүргөм. Ошондуктан балдарымды таятасынын үйүнө алып баргам. Таятасы балдарыма акча берип, 8 жаштагы кызым жана 7, 4 жаштагы уулдарым таттуу нерселерди алып жеш үчүн үйдүн жанындагы дүкөнгө кетишкен. Дүкөн үйдөн 40-50 метрдей эле аралыкта. Демейде ал жерден киши үзүлбөчү, бирок ал күнү көчөдө эч ким жок экен. Балдарым дүкөнгө баратып жол боюнда отурган аксакал кишиге салам беришиптир. Биз үйдөн «улуу кишилер менен саламдашкыла» деп айтчу элек да. Анан ал киши кызыма «келчи, сени өөп коёюн» десе, кызым бетин тосуптур. Тиги чал «жок, сенин оозуңдан өбөм» деп колунан кармап алыптыр. Ал ыйлап «коё бер» десе да болбоптур. 7 жаштагы балам кыйкырып ыйлаганда, ага «силер кичинекейсиңер, мен чоңмун. Артты карагыла» деп кызыма ыплас аракеттерин жасаптыр. Качан гана эки балам «жардам бергиле» деп катуу кыйкырып ыйлаганда бир кыз келип калып куткарыптыр. Ал абышка ошол учурда мас экен. Милиция кызматкерлери келгенде ал эч нерседен кам санабай үйүндө уктап жатыптыр. Кайра бизди сөгүп, кызым менен эки баламды көрүп «акырын, акырын» деп жатпайбы. Ошол күнү Аламүдүн РИИБине алып кеткенде айылдын имамы барып аны актаганга аракет кылыптыр. Себеби ал чалдын бир тууган иниси дин жолунда жүрөт экен. Ал чалдын 4-класста окуган баласы бар экен, мүмкүн болсо аны дагы экспертизадан текшертиш керек окшойт деп ойлоп жатабыз.
Ал колдорун кызымдын ич кийиминин ичине салганда тырмагы менен денесин тытып алган окшойт, кызымдын ич кийими кан болуп калыптыр. Кийин кызым үйгө келгенде колдору ооруп жатканын да айтып жатты. Кызымдын таңдайына чейин тилин салгандыктан кызым жийиркенип калыптыр, бир күндө беш жолу оозун жууп жатат. Кечээ тергөөгө барсак, ал «буларды тааныбайм» деп кылган ишин моюнуна албай, кызымды теше тиктеп отурду. Бул адам коркунучтуу экенин ошондо билип, кийинкисин ойлоп балдарымды психологго көрсөтө баштадык.

АЙЫЛДАШЫН ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛГАН...

20-август күнү Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун 30 жаштагы тургуну 5 жаштагы айылдаш кызды зордуктаганга аракет кылган деп шектелип кармалды. Ал кылмышка шектүүнүн үстүнөн Бакай-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 28-129-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дарыгер 12 жаштагы кызга шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылганбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
Asel1994
2017-09-20 07:22:20
Кудай өз жазасын берсин ушундай ыплас жаман жүргөн адамдарга. Буларга өлүм жазасы ыйгарылсын. Эмне себептен президенттер ушундай иштерди карабайт.
+2
aiba-889290
2017-09-20 08:28:57
Супер инфо 1.5 жашар кызды зордуктаганы аракет кылды деген окуя боюнча маалымат алып бергилечи.
0
friendwipkg
2017-09-20 17:11:57
Жалган жалган..
0
heaven2016
2017-09-20 21:28:08
Эми түштүктөн түндүко отконбу бу
-5
Asim
2017-09-23 11:20:13
heaven2016,эгер эсиниз болсо ушинтип жазмак эмессиз,*озунун башындагы тоону корбой, бирооун башындагы чопту корот* деген ушул экенда )))
+1
Birimdik5555
2017-09-24 03:22:46
heaven2016,эмне деп эле тантып койгонсун тундукто болуп эле атат го туштуктон отпой эле. Андан коро ынсап берсин баарыбызга Кудайым,наристелер эч жамандык корбосун ылайым
0
Bintu.Ibrahim
2017-09-20 22:22:05
Балдардын келечеги не болот?Жаштарга улгу болчу каарыларыбыз ушундай болуп атса?
0
Shahrizaada
2017-09-21 16:42:27
Bintu.Ibrahim, причем тут түндүк-түштүк? Жаман адам жер ылгайбы? Жасагыла,жакшысы да бардык жерде бар. Бир жерде жалан жиндилер, бир жерде жалан жакшылар топтолуп жашашпайт.
0
Kanykei-meerimka
2017-09-20 22:54:42
Кудай сактаа
0
Xperiaedil
2017-09-21 11:41:02
Кудай сакта, ыйман берсин баарыбызга
0
Bdastan
2017-09-22 02:27:46
Казнить их нужно!!! Им даже смерти будет мало !!!
0
gera.adk
2017-09-22 16:40:25
Чынын айтсам жашагым деле келбей калды. Жакшы жанылык укпай калдык. Не кылса болот өзү адамдарды
+1
Nanei
2017-09-22 18:21:53
Айбан чал сасык оозундагы тилин кичекей кыздын оззуна салып жибергенин элестетип жаман журок айланып жатат,как будто менин оозума киргенсип. Байкуш наристе кыз ай,жаман туш коргондой унутуп калсан экен бул окуяны
+4
Ulutum_Kyrgyz
2017-09-22 19:56:02
иииииий адамдар айбандан дагы жаман болуп баратабыз го
+1
jon.as
2017-09-25 09:02:27
Срочно олум жазасын киргизиш керек, мындай акмактарды токтобостон бычыш керек
0
admin_superstan
2017-09-25 10:08:56
dinara7684, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
aikeeboni
2017-09-25 20:57:45
бетине кислота
чачылган Чолпондон кабар алып койбойсуздарбыы?жашооосу кандай болуп жатты экен
0
Dosaaly
2017-09-26 07:00:25
Бул жон гана жапайычылык ак сакалдуулар ушинтсе жаштар не болот
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан