СҮЙҮҮНҮ ДАҢАЗАЛАГАН ЖЕСУР ЖАНА CУХАН БАЯНЫ

Аталышы – «Эр жүрөк жана сулуу»
Тартылган жылы – 2016
Тарткан өлкө – Түркия
Режиссёру – Али Билгин
Продюсери – Керем Чатай
Жанры – Мелодрама
Серия – 32 серия
Башкы ролдордо – Кыванч Татлытуг (Жесур),
Туба Бүйүкүстүн (Сухан), Тамер Левент (Тахсин),
Серкан Алтунорак (Бүлент), Сезин Акбашогуллары (Жахиде) жана башкалар.

КЫЗЫКТУУ...

  • «Эр жүрөк жана сулуу» сериалынын 1-сериясында Жесур 8, Сухан 14, Тахсин 7, Корхан 8, Жахиде 12, Бюлент 6 жолу кийим алмаштырган. Ал эми 2-сериясында 32 жолу бир үлгүдөгү мобилдик телефон көрсөтүлүп, бул жарнама ошол телефондун көп санда сатылуусуна алып келген.
  • Кыванч Татлытуг менен Туба Бүйүкүстүн «Эр жүрөк жана сулуунун» ар бир сериясы үчүн 130 миң лира (2 миллион 450 миң сомдой) гонорар алышкан.
  • Сериалдын стилист-визажисти Башак Дизер Кыванч Татлытугдун жубайы.
  • Тахсиндин ролун аткарган актёр Тамер Левенттин социалдык баракчасына күнүгө «сени бүгүнкү кылганың үчүн жек көрөм», «алардын бактысына бут тоспо!» деген сыяктуу билдирүүлөр байма-бай жазылып турган.
  • «Эр жүрөк жана сулуу» сериалы азыркы учурда 80ден ашык өлкөгө сатылган.

СҮЙҮҮ МОНОЛОГУ МЕНЕН АРБАГАН ТҮРК СЕРИАЛДАРЫ

«Менин чексиз махабатым. Менин айыкпас жарам. Сен менин жылдызымсың. Мендеги жакшы дегендин баары өзүңсүң, Сухан. Эгер сен болбосоң, балким, мен эчак эле өлүп калмакмын же бирөөнү өлтүрсөм керек... Сени мага жолуктурган күнгө миң ирет алкыш айтам. Жалгызым менин. Ким эмне айтпасын, сенин бакыракай көздөрүң үчүн жанымды бергенге кайылмын...» Бул саптар эсиңизге түштүбү, окурман? Бул арзуу сөздөрү көптөгөн күйөрмандарды экран алдына байлаган түрктөрдүн «Эр жүрөк жана сулуу» сериалындагы Жесурга таандык. Түгөйлөрдүн ортосундагы махабатты ачып берүүдө айтылган монологдору менен түрктөр алдына эч кимди салбаса керек. «Султан Сулеймандагы» сүйүү каттарын эсиңизге салыңызчы, экран артында «бах, чиркин» деп шыпшынган боюнча кала бересиң.
«Эр жүрөк жана сулуу» сериалына токтолсок, сюжети бир караганда классикага айланган «Ромео менен Жульеттаны» эске салат. Көптөгөн убакыт бою элдешкис душман болгон эки үй-бүлөнүн балдары Жесур менен Сухан бири-бирин жактырып калышат. Экөөнүн мамилесине бардыгы каршы турат. Ромео менен Жульетта сүйүү үчүн курман болушса, бактыга жараша, Жесур менен Сухандын махабат баяны «хэппи-энд» менен аяктайт. Бирок бул бактылуу жашоого чейин көп жолду басып өтүш керек эле: таарыныч, жоготуу, өч алуу, саткынчылык... Аягында бардык кыйынчылыкты сүйүүгө болгон ишеним жеңет.

СЦЕНАРИЙДИН КЕМЧИЛИКТЕРИН АТАКТУУ АКТЁРЛОР ТОЛУКТАШКАН

Алгач сериал «Ак-кара» аталышында, ошондой эле сюжети да башкача тартылмак. Бирок режиссёр Али Билгиндин кийлигишүүсү менен таптакыр жаңы сценарий, жаңы сценаристтер жана жаңы аталыштагы сериал – «Эр жүрөк жана сулуу» жаралды. Көпчүлүктү сценарийден мурун тасмадагы актёрлордун курамы кызыктырат эмеспи, бул кызыгуунун акыбети кайтып, экранга түрктөрдүн секс-символу, белгилүү актёр, модель Кыванч Татлытуг кайтып келди. Кайтты дегенибиз, Кыванч 2 жыл киного тартылбай, күйөрмандарынын тынчсыздануусун жараткан. Буга жооп катары ал: «Мен мурунку тасмадагы каарманымдан күчтүү каарман жаралгыча күтүп жүрдүм. Жесурдан мен күчтүү адамды көрө алдым. Анын көп сапаты Кыванчка окшош»,- деп билдирген журналисттерге берген маегинде.
Ал эми Кыванчтын өнөктөшү таланты жагынан кем калышпаган атактуу актриса, модель Туба Бүйүкүстүн болчу. Баш каармандардын аты эле сериалдын ийгиликке жетерин билдирген. Туба, Кыванч менен кошо Тамер Левент, Эркан Авчи, Сезин Акбашогуллары, Нихан Бйюкагач жана башка таланттуу актёрлор тартылып, киносынчылары айткандай, сценарийдеги айрым кемчиликтерди жылдыздар парады жаап кеткен.

«ВРАЧТАРДЫН КӨЙГӨЙҮН ЧАГЫЛДЫРГАНЫҢАР ҮЧҮН РАХМАТ!»

Түрк медицинасынын 23 миң кызматкеринен турган топ сериалды жаратуучуларга, актёрлорго ыраазычылык катын жолдошкон: «Жыл сайын медицина кызматкерлери адилетсиз сындарга, шылдыңга, уруп-согууга, керек болсо өлүмгө дуушар болушат. Медицина кызматкерин уруп-соккон, курал колдонгон адам мыйзам алдында жооп берерин билсе дейбиз. Биздин бул жааттагы маселелерибиз сериалда жакшы ачылган. Балким, бийлик ушул тасмадан кийин бизге көңүл бурар деген ишеничтебиз. Рахмат сиздерге!»
Мындай мактоолорго арзыган сериал 32 серия менен соңуна чыкты. Ал эми 2-сезону тартылары тууралуу продюсерлер маалымат таратыша элек.
Кыванч Татлытуг сериал тууралуу: «Жесурдун образы мен үчүн жаңы тепкич. Сериалдагы мага жаккан учурлардын бири Жесур менен Сухандын эң алгачкы жолугушуусу болду. Тартылганыма өкүнгөн жокмун. Ал эми бул сериалды жаратуучулар менен келечекте дагы иштешебиз деген үмүттөмүн». Белгилүү актёр тууралуу жаңылыктарга көз чаптырсак, Кыванч сериал тартылып бүтөрү менен бир аз эс алып, анан Голливуд тасмасына тартылуу үчүн Нью-Йоркко кетерин билдирген. Жакында эле жубайы Башак Дизер экөө үйлөнгөндөрүнүн бир жылдыгын белгилешти. Актёр жубайына белек катары 200 миң еврого Ferrari үлгүсүндөгү автоунаа сатып берген.
Туба Бүйүкүстүн: «Баарыбыз жемиштүү эмгектендик деп ойлойм. Андыктан баарыбыз мактоого арзыйбыз. Мен бул сериалда өзгөчө ыраазычылыкты Суханга айтам...» Азыркы учурда Туба Бүйүкүстүн түрк жалпыга маалымдоо каражаттарынын негизги бутасына айланды. 35 жаштагы актриса 2011-жылы баш кошкон жолдошу актёр, режиссёр Онур Сайлак менен 2017-жылы 5-июнда ажырашып, 21 жаштагы жеке ишкер Умут Эвирген менен жакын мамиледе экени айтылууда. Актрисанын бул кадамын айрымдар сынга алса, кээ бирлер «Онур Сайлактын катаал мүнөзү ушуга алып келмек» дешүүдө. Экөөнүн ортосунда Майя жана Топрак аттуу эгиз кыздары бар.

«Кыванч менен чогуу иштешүү ар дайым кызыктуу. Анын талантында чек жок» дейт Туба Бүйүкүстүн

Кыванчтын "тасмадагы өнөктөшүм Туба Бүйүкүстүн гана болушу керек" деген талабын режиссёрлор аткарышкан.


Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Ferdews
2017-09-19 13:01:32
Ииий иий окуу башталганда, сериалдар чыга калат да))
+2
Sanjar96kgz
2017-09-20 06:04:12
Ferdews,оку сериалды токтотуп
+1
Aima94
2017-09-19 13:04:41
Любимый сериал. Кыванчты сүйом го канча ыйлап көрдүм гооо.
+3
jemile
2017-09-19 13:37:30
5-канал кыргызчага аябай жакшы которгон,мисалы [moderated]тан алдын ала көрө албай койдум орусчасын...
Актерлор сонун аткарган.
+5
Mydearzh
2017-09-19 14:58:02
Аягынан 3 серия көрдүм. Бирок, "Каra sevda"га жетпейт экен...
+1
Han1
2017-09-19 20:23:32
Аааа мен ушул сериалды аяяабай жакшы короооом)))
+2
GER
2017-09-20 16:12:28
5 каналда аябай сонун которушкан
. Кызыгып кутуп журуп корот элем. 3 жаштагы баламда апа Жесур башталды деп чакырчу.
0
camry_tayota
2017-09-20 21:17:13
Таксиндин сөздөрүн сонун которуп коюшкан го.М:"Бетиңе түкүрөйүн" дегенин уккан сайын күлөт элем
+1
love_you
2017-09-21 15:41:04
camry_tayota,бетине тукуртпо деппи))
+1
Zizika88
2017-09-22 11:30:56
Менин кызым "Такси" дагы бетине тукуром деди дейт эле.
0
ais9
2017-09-22 21:45:18
Кыванч!!! менин жалгыз сүйүктүү актёрум!Сериалдарга көп жокмун,бирок Кыванч тартылгандын бир сериясын калтырбай көрүп чыктым) Мavi маркасындагы джинсыга өттүм))
+1
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан