Жолугушуу
Аида айланадагы жаздын шаанисине да, көчөдө өтүп бара жаткан элге да кайдыгер эле. Жөн гана бет келди басып кете берди. Эми ага "доза" керек. "Дозалык" акча болсо болду. Кубаныч, кайгы, үмүт – баары ал үчүн өз баркын жоготуп, баңгизатка гана байланып жашап калган. Сенделип кетип бара жаткан кыздын артынан караган бейтааныш адам кимдир бирөөгө окшоштуруп жаткандай карап турду. "Чынбы? Ошолбу? Кантип эле
"Жигит басып кете албады. Кызга жакын келди.
– Тур, жолобо мага! - "чар" этип кыйкырып жиберген кыз алдындагы адамды чочуй карады. Тааныган жок. Өзү менен бирге өскөн эң жакын адамын тааный алган жок.
– Шордуум, ушуга жеттиң беле?
– Тийбе мага...
Жигит денеси титиреген кызды карап туруп дагы деле ишене албай турду. Бир кезде боюна эч кимди теңебей, текебер караган сулуу ушулбу?
Көз алдында өткөн күндөр...
Жеңил турмушка азгырылуу
Ошол кечте Аидадан бактылуу эч ким жок эле. Анткени, достору анын сулуулар конкурсунан жеңип алгандыгын кафеде белгилеп отурушкан.
– Сен үчүн, Аидка...
– Сенин урматыңа...
– Биздин сулуу чыкканда башкалары ооздорун ачып калышты го...
Аңгыча эле аркы столдо отурган жигиттердин бири Аиданын бийге чакырып калды.
– Силердин сулууңарды уурдап кеткенге мүмкүнбү?
Достору ууртунан менменсине жылмайган жигитти жактырбай карашса да, аргасыз баш ийкешти. Ислам өзүнүн тамашасына жылмайган Аиданы колунан ишенимдүү жетелей ары басты. Кычырай кийинген чоочун жигиттин жетегинде бараткан Аиданын артынан үшкүрүнө карап, ичинен тынган Рустамды досторунун бири акырын нукуду:
– Кой, досум, көрүп турасың го. Азыр сулуулар дал ушундай бай, менменсингендердин колунда. Антип эрдиңди кесе тиштебей эле кой.
– Барчы ары...- деп бурк эткен Рустамдын жүрөгү алдын-ала бир нерсени сезгендей булкуп алды.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).