UFC 215: ШЕВЧЕНКО ЧЕМПИОНДУК КУРГА ДАГЫ ЖЕТПЕЙ КАЛДЫ

Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко бразилиялык Аманда Нуньеске UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн реванштык беттешке чыгып, утулуп калды. Мекендешибиз беттештин жыйынтыгына нааразы болуп, калыстык болбой калганын айтууда.

47:48, 48:47, 48:47. УПАЙЛЫК УТУШ

Ошентип мушкер кыздар жана алардын күйөрмандары күткөн күн келип, элдин бүйүрүн кызыткан беттеш башталды. Канаданын Эдмонтон шаарына чогулган 16 миңден ашуун фанат турнирге жеринен күбө болду. Чемпиондук курдун ээсин аныктоочу турнирди акмалаган миллиондогон күйөрмандар бирин-бири кызыл жаян кылган агрессивдүү беттешти күткөнү жашыруун эмес. Бирок 4-раундга чейин спортчулар абайлап мушташып, бирине-бири кооптуу сокку узатып, көзгө көрүнөрлүк натыйжа бере алышкан жок. Мындай бир калыптагы беттеш күйөрмандарда «ким утат?» эмес, «ким утулуп берет?» деген суроо жаратты. 5-раундда гана «ойгонгон» Нуньес көбүрөөк чабуул жасап, октагонду ээлей баштады. Бразилиялык спортчунун эки ийгиликтүү тейкдауну аны упай менен жеңишке жеткирди. Эсеп 47:48, 48:47, 48:47. Бир упайлык айырма Аманда Нуньестин чемпиондук титулун сактап калды.

ЖАРАКАТ АЛГАН МАНЖА ЖЕ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫ

Бул беттеш 9-июлда болот деп белгиленип, бирок Нуньестин ден соолугунун начарлашына байланыштуу 10-сентябрга жылган. Июлдагы беттеш алдында Шевченконун жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экени болжолдонуп, UFC күйөрмандары аны алдын ала фаворит көрүп жатышкан. Валяга болгон ошол дем-күч, ошол колдоо сентябрга чейин сууп калганбы же психологиялык жактан туура эмес тарбияланып калдыбы, айтор Валентина бул жолу көз тоёрлук мушташ көрсөтө алган жок. Анын бул беттешке баштагыдай күйүп-жанып чыкканы, жеңиш үчүн бүт күчүн жумшаганы байкалган жок. Балким, ал өзү 1-раунддан кийинки тыныгууда билдиргендей, манжасынан алган жаракат мушташка тоскоол болгондур, балким, башка себеп болду. Кыскасы, 1 упай менен утулду.

«ТОБОКЕЛЧИ ТОО АШАТ...»

Бул жолу «узун колдуу» деп сындалган Аманда Валяга салыштырмалуу өзүн жыйнактуу алып жүргөнү, активдүүрөөк беттеш өткөргөнү жана оор соккулары менен өзгөчөлөндү. Ооба, мындай деңгээлдеги беттештин бир калыпта тынч өтүп, бири экинчисин 1 упай менен утуу үчүн беттешкенин күйөрмандар да жактырышпайт. Аны залдагы көрүүчүлөрдүн ышкырык-кыйкырык коштогон «ур», «сок», «теп» деген сыяктуу сүрөөндөрү тастыктады.
Беттеш бүткөндөн ушул күнгө чейин дүйнөлүк спорт эксперттери жана спорт сүйүүчүлөрү Шевченко–Нуньес урушун талкууга салышты. Алар Валентинанын мындай ири жана маанилүү беттеште 2-3 сокку менен чектелгенин туура эмес деп баалап, акыркы күчүн колдонуп, тобокелчиликке салса, балким, натыйжа болмок деген ойлорун айтышууда.

Аманда Нуньес:
– Валентина чындыгында татыктуу атаандаш. Анын стилин алдын ала билүү татаал. Ошентсе да беттеште мен үстөмдүк кылып турдум. Өзүмдүн жасаган ишиме канааттандым. Мен чемпион экенимди далилдедим.




Валентина Шевченко:
– Мен калыстардын чечимин сыйлайм. Бирок беш раунддун үчөөсүн мен уттум деп эсептейм. Анан эмнеге жеңиш Нуньеске берилип калганына түшүнбөйм. Беттеште ал мага эмес, мен ага көбүрөөк сокку урдум. Менин бетимде эч кандай көк-ала жок. Нуньес менен кайра мушташсам, утарыма ишенем. UFC’ден 3-реванштык беттеш сурайм.



Айбек Мусаев, эрежесиз уруш боюнча машыктыруучу: «ШЕВЧЕНКОДОН МЫНДАЙДЫ КҮТКӨН ЭМЕСМИН»

-Чынында мындай кармашты күткөн эмесмин. Адатта Валя чыккан мушташтарда анын жүзүнөн ишеним, сүр көрөсүң. Бул жолу анын октагонго көңүлсүз чыкканы байкалды. 5 мүнөттөн турган 5 раундда тең ал өзүн экинчи планда кармап, артка иштеди. Бул анын өзүнө тиешелүү тактикасы. Ушул ыкма менен утам деп ойлогон, бирок чемпиондук кур үчүн уруш болуп жаткандан кийин мындай ыкмага салуу бир аз кооптуу. Көбүрөөк алдыга карай иштеп, агрессивдүү болушу керек эле.

Актилек Жумабек уулу, эрежесиз уруш боюнча мушкер: «ВАЛЯ ЖАНА АНЫН КОМАНДАСЫ ТУУРА ЭМЕС ТАКТИКАНЫ ТАНДАП АЛДЫ»

-Валянын мушташуу ыкмасы абдан жакшы экенин билем. Ал жана анын командасы ушул турнирде туура эмес тактиканы тандап коюшту. Алар Аманда алгачкы раундда эле чабуул жасайт деп күтүшкөн. Бирок мушкер чабуулду күтүп жатып, тейкдаунга алдырып койду. Менимче, ошол кулатуу үчүн упайлар Нуньеске ооп кетти. Шевченко машыктыруучусунун айтканы менен боло бербей, өзү беттешти колго алса, мүмкүн, натыйжалуу болмок.

Улукбек Омурзаков, ММА жана панкратион федерациясынын президенти: «ШЕВЧЕНКОГО РАХМАТ»

-Бул – спорт. Кээде ушундай болуп калат. Канчалык кыйын болуп турсаң да, «утам же утулам» деп айта албайсың. Негизи UFC’нин деңгээлине чыгуу өтө кыйын иш. Мекендешибиздин дүйнөлүк аренада беттешип жатканы биз үчүн сыймык жаратат. Шевченкого рахмат. Ал тажрыйбалуу спортчу кыздарыбыздын бири. Буюрса, келечекте көптөгөн ийгиликтерди багынтарына ишенем.


Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ekaterinburg
2017-09-19 10:01:57
Муунтуп,болевойго алып же нокаут менен эле женбесе упай менен жене албайт го дейм...Тартып кое беришет,анткени курдун ээси,чемпионка болуп атпайбы атаандашы!
+4
zhusaliev89
2017-09-20 08:45:38
Дайым контр атака да иштеди өзү атака кылып 1 чи номерде иштеш керек эле
+1
NURDANCHIK
2017-09-25 09:30:44
бир тейкдаун учун утушту алдырып койду ошончо жакындабай мушташып жатып акырын да тейкдаун
кылып койду да не дейбиз ийгилик
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан