– Мүнөзүм катаал... Жадакалса өзүмө да катаал мамиле кылам. Жаш кезимден бери эле өзүмдү чечүүчү адам катары алып жүрүп, анча-мынча адамга оңой менен баш ийе бербей чоңойдум. Балким, бул жаман сапат. Бирок мен ушул сапатымдын артынан көп нерсеге жеттим. Кадыр-барк таап, өзүмө мурункудан да көп ишене баштадым. Турмушта боло турган ар бир окуяга өз баамды берип, өз тандоом бар экенин жана ал тууралыгын далилдеп жүрчүмүн.
Мен буга чейин «сен кандай жүрсөң ошондой кызга жолугасың» деген принцип менен жашап келгем. Чынында, өзүмдү көп учурда токтоо, сабырдуу жана чечкиндүү алып жүрүүгө аракет жасадым. Кыздарга да ашыкча жакындабайт элем. Себеби мен да балдарга жакын жүргөн кызга туш болуудан чочулачумун. Үйлөнөр мезгил жакындаганда гана көңүлдөгү ханышамды издеп таап, ошого жетем деп ниет кылып жүрдүм. Досторумдун «кийин өкүнөсүң, азыр бойдокчулуктун доорун сүрүп ал» деген азгырыктарына көз жумуп чыдап келдим. Балдар дайым:
– Мурат, досум, жок дегенде бир кыз менен сүйлөш, кыздарга мамиле кылганды билбей каласың,- деп калышчу.
«Кантип кызга сүйлөй албай калмак элем? Баары менен тил табышып, керек болсо, кээ бир адамдарды башкарып эле артымдан ээрчите алам го... Анан кызга сүйлөй албай калуу деген менде кантип болмок эле?» деп өзүмдү сооротуп койгом. Көрсө, чечкиндүүлүк, катаал мүнөз деген алоологон сезимдердин алдында кайдадыр качып жок болуп кетет турбайбы. Аны кайдан билипмин?
Баары Сезимге жолукканда башталды. Көрдүм да катып калдым. Университеттин активисти, лидери болуп салабаттуулугумдан жазбай жүргөн жаным, көздөрү бажырайган, арык, назик кызды көргөндө ичим элжиреп эле балкып калсам болобу. «Көркөмүңө көз тойду» деп ырдашчу эле го акындар. Мен ушул сөздүн канчалык таамай айтылганын Сезимди көргөндө билдим. Көз, көз менен кошо жүрөгүң, мээң, жан дүйнөң сулуулуктан ырахат алат экен. Карап эле тургум келди Сезимди. Бирок мен лидермин да. Активистмин, чечкиндүүмүн, мүнөзүм катаал, абдан салабаттуумун, ашыкча орунсуз сөз чыкпайт менден. Ушул образымды кармап тура бердим. Бирок бул сырткы көрүнүшүм болчу. Ичимде эң биринчи жолу жамгырды көргөн наристедей суктанып да, кубанып да бүтө албай турдум.
Жаңыдан биринчи курска келген кыз экен. Менден 2 жаш кичүү. Окууну аяктаганга чейин аны ар тараптан байкап, баа берип жүрдүм. Менин кыялымдагы кыз. Бирок ал мага жага турганын эч эле билгизбейм. Чоң кишимин өзүмчө. Олуттуумун. Университеттин коомдук иш-чараларын дайым мен уюштургандыктан, бир нерсе болсо эле Сезимдердин группасына жүктөй берем. Мындайда суктанып отурмай мүнөттөрү көбөйөт. Тилекке каршы, мен суктанып отурганды гана билем, жанына барып сүйлөп, сөзгө тартып, тамашалоо деген мага Эверест, жетпес чоку! Башка жердеги лидерлигим, арстандыгым ушул кызды көргөндө кайдадыр житип жок болот. Ушуну эч эле моюнума алгым келбейт, бирок Сезимдин жанында мен назик болуп калам. Дагы жакшы, ал мени агасындай көрүп, кеп-кеңеш сурайт эле. Окууну бүтөр жылы Сезим экөөбүздүн ортобуздагы мамилени ага-карындаштыктан башка нукка бурууга аракет кылып көрөйүн деп чечтим. Антпесем колдон учурчудаймын. Сөз башташ керек эле...
– Сезим?
– Оу...
– Кандайсың?
– Жакшы...
– Аа... Жакшыбы?
– Жакшы...
– Неме... Тиги... Базарга барып келбейлиби?- «Базарга? Эмнеге базарга? Эмнеге киного эмес? Кафеге эмес? Тууй ата!» сүйлөөрүн сүйлөп алып дароо кайра өзүмдү ичимден урушуп баштадым. Кайдан базар деген сөз чыкты? Кызга кантип сүйлөй албай калайын дечүмүн. Көрсө, издеген адамыңды тапканда мокок, мажүрөө болуп калат окшойсуң.
– Базарга? Эмнеге?- Сезимдин көздөрү тостойо түштү.
– Сумка алышып койчу?- ушул келди оозума.
– Сумка?
– Ооба... Апама алып берейин дегем. Тандашып койчу. Сен билесиң да.
– Мейли,- деди Сезим күлкүсүн жашырып.
Ал күнү баш аламан, кыйкырык-өкүрүк болгон базардын эч нерсеси байкалган жок. Жанында жүргөнүмө эле жыргап жаттым. Сумка сатып алдык. Эртең киного чакырам деп кудуңдап бараттым. Чечкиндүү, тартынбас болом дедим өзүмө-өзүм. Эртеси окуу жайдын алдында күтүп отурдум. Чыкты.
– Сезим, кандай?
– Жакшы.
– Неме...
– Базарга барып келелиби?
– Мейли... Ой, мейли дейм да...- сөзүмдү апкаарып бүтүргөнчө Сезим улап кетти:
– Мурат байке, чын эле базарга барып келеличи. Кечээ сиз апаңызга сумка алсаңыз, аябай уялдым. Менин апамдын да сумкасы эскирип калган болчу. Мен да алып берейинчи.
Базар, сумкалар сонун шылтоо болду. Ар бир окуя, сөзгө токтолуп отурбайын. Азыр баары мен ойлогондон да мыкты. Жакында мен дагы бир сумка сатып алдым. Бирок бул жолу жалгыз бардым базарга. Кымбат, кичинекей, саркеч сумка. Ичинде эмне бар дебейсизби? Сумканын ичинде Сезим жакшы көргөн M&M's шоколады. Майда кызыл-тазыл шоколад го. Ал эми ошол таттуулардын арасында... Албетте, шакек!
Мурат